Кыргызстанда Активдүү узак жашоону узартуу боюнча концепция иштелип чыгууда

Бишкекте Кыргыз Республикасындагы улгайган адамдар менен болгон кырдаал боюнча изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктарын, жаштардын бакубатчылык жана өнүгүү индексин, ошондой эле активдүү узак өмүр саясатынын концепциясынын долбоорун талкуулоо боюнча консультативдик жолугушуу болуп өттү.
Иш-чара Эл аралык калк күнүн майрамдоонун алкагында, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Кыргызстандагы ЮНФПАнын колдоосу менен “Карылар үчүн ресурстук борбор” уюмунун демилгеси менен өттү.
КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаныл Алыбаева, КР Омбудсмени Атыр Абдрахматова, Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова жана ЮНФПАнын кеңсесинин башчысы Азамат Баялинов саламдашуу сөзүн айтышты.
Ошондой эле жолугушууга КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ведомстволор аралык жумушчу тобунун мүчөлөрү, «AgeNet International» эл аралык геронтологиялык тармагынын мүчөлөрү, жарандык сектордун өкүлдөрү, эксперттер жана медиа коомчулук катышты.
Азыркы учурда КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Активдүү узак өмүр саясатынын концепциясын иштеп чыгууда жана “Карылар үчүн ресурстук борбор” коомдук уюму менен биргеликте улгайган жарандар боюнча изилдөө жүргүзүп, Кыргызстандагы улгайган адамдардын чыныгы абалы жөнүндө маалыматтарды алууга багытталган.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга кары-картаңдар боюнча изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктары, Активдүү узак өмүр саясатынын концепциясынын долбоору, жаштардын бакубатчылык жана өнүгүү индексинин жана жаштар саясатынын концепциясынын жыйынтыктары сунушталды.
Активдүү узак өмүр саясатынын концепциясы пенсионерлерге алардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү саясатына колдоо көрсөткөн социалдык жардамдын азыркы учурдагы парадигмасын алмаштырууга, өлкөнүн жарандарына улгайган курактагы өз жашоосунун сапаты жана жыргалчылыгы үчүн жоопкерчиликти алууга мүмкүндүк берген экономикалык жана укуктук базаны түзүүгө багытталган.
Улгайган адамдар боюнча изилдөө, улгайган адамдардын Кыргызстандагы реалдуу абалы жөнүндө маалыматтарды алуу, улгайган адамдардын көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын аныктоо максатында жүргүзүлүдө, бул мындан ары “Активдүү узак өмүр”Улуттук концепциясын иштеп чыгуунун негизин түзөт.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулар тарабынан сунуштар берилди, алар жогоруда аталган изилдөө долбоорлорунда эске алынат.
Пайдалуу
Ссылкалар