2022-жылдын 14-июлунан 17-июлуна чейин GIZ «Кыргызстанда ишке орноштурууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү» долбоору кесиптик компетенцияларды көз карандысыз сертификациялоо боюнча семинар өткөрдү

 2022-жылдын 14-июлунан 17-июлуна чейин GIZ «Кыргызстанда ишке орноштурууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү» долбоору кесиптик компетенцияларды көз карандысыз сертификациялоо боюнча семинар өткөрдү. Семинардын 23 катышуучулары Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер болду.

Акыркы жылдары Кыргыз өкмөтү, GIZ жана башка донорлор кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу, улуттук квалификациялар алкагын киргизүү жана сапатты камсыздоо процесстеринин алдыңкы инструменттерин колдонуу аркылуу кесиптик билим берүүнү эмгек рыногунун муктаждыктарына ылайыкташтырууга инвестиция салышты. Маселе бул күч-аракеттерди бекемдөө жана аларды өнүктүрүү жана келечектеги кесиптик билим берүү системасы үчүн туруктуу кылуу болуп саналат.

Семинардын катышуучулары кесиптик билим берүүнүн сапатын башкаруунун куралы катары көз карандысыз сертификациялоонун оң жана терс жактарын талкуулашты, мыйзамдык базаны талдап, түрдүү сценарийлерди иштеп чыгышты жана инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Семинарда өнөктөштөр ортосундагы мындан аркы кызматташууну кантип жакшыртуу, мыкты кыргыз жана эл аралык тажрыйба менен бөлүшүү, кызматташтык механизмдери жана кесиптик сертификациялоо боюнча акыркы тенденцияларды жана өнүгүүлөрдү карап чыгуу талкууланды.

Семинардын жыйынтыктары катышуучу уюмдардын чечимдеринде көңүлгө алынат.

Пайдалуу
Ссылкалар