«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын июль айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 15 – 22 июлуна чейин 1965 телефондон кайрылуу (же бир суткада 280 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 64 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 16 же 25,0% жаш балдардан, ал эми 48 же 75,0% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 56 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 4 абонентке психологиялык консультация берилди, 4 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып иш алып баруусу сунушталган.

64 чалуунун ичинен эркектерден – 13 (же 20,3%), аялдардан – 51 (же 79,7%), балдардан – 16: анын ичинен эркек балдардан – 5 (же 31,3%), кыздардан – 11 (же 68,7%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 18;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу – 13;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 8;

– үй бүлөлүк мамилелер жана чыр чатактар тууралуу- 5;

– психологиялык жабырлануудан – 4;

– БУИТ борбору тууралуу маалымат – 3;

– аялдарга карата үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 2;

– билим берүү системасы боюнча – 2;

– башка суроолор менен – 2;

– суицид тууралуу – 1;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип –1;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 1.

1901 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 14 (же 21,9%);

– Ош облусунан – 12 (же 18,8%);

– Чүй облусунан – 11 (же 17,2%);

– Ысык-Көл облусунан – 5 (же 7,8%);

– Жалал-Абад облусунан – 4 (же 6,3%);

– Ош шаарынан – 3 (же 4,7%);

– Нарын  облусунан – 2 (же 3,1%);

– Талас облусунан – 2 (же 3,1%);

– Баткен облусунан – 1 (же 1,5%);

– анонимдерден – 10 (же 15,6%).