Эмгек министри Кудайберген Базарбаев жакырчылыктан чыгуу боюнча чаралар жөнүндө айтып берди

Жакырчылык менен күрөшүүгө багытталган долбоорлорго болжол менен 70 миң адам же 13 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлөлөр катышты.
Ошентип, бул чаралардын алкагында өлкө боюнча 357 инфраструктуралык, окутуучу жана киреше алып келүүчү долбоорлор ишке ашырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кудайберген Базарабев бүгүн өтүп жаткан ведомствонун коллегиясынын алкагында билдирди.
“Министрлик БУУ ДАП менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн “Тамак аш жумуш үчүн” масштабдуу долбоорун ишке ашырып жатат. Ага болжол менен 70 миң адам катыша алышты. Жүргүзүлгөн иштер үчүн 2139 тоннадан ашык азык-түлүк (ун жана өсүмдүк майы) бөлүштүрүлгөн.
Ошондой эле 6,3 миң аз камсыз болгон кыргызстандыктар калктын аярлуу катмарына шашылыш колдоо көрсөтүү боюнча “жумуш (окуу) үчүн накталай каражаттар”схемасы боюнча 31 долбоорго катышышты. Алардын арасында 8 958,4 миң сом суммасындагы накталай каражаттар бөлүштүрүлдү.
Бүгүн биз жакырчылыктан чыгуунун сапаттуу жаңы Активдүү чараларына өтүп жатабыз. Жаңы курал – социалдык контракт сыноодон өттү. Баткен облусунун Кадамжай районунда жана Нарын облусунун Жумгал районунда жардамга муктаж 100 үй-бүлө киреше алып келүүчү долбоорлорго 100 миң сомдон алышты. Бул күнөсканаларды куруу, брусчаткаларды даярдоо, авто оңдоо, ширетүү, мал чарбачылыгы, өздүк чарбаны уюштуруу ж.б.), Бул 500 адамдын абалын жакшыртууга мүмкүндүк берет”, – деди ал.
Кудайберген Базарбаевдин айтымында, министрлер кабинетинин төрагасынын чечими менен социалдык контракт негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө Жобо бекитилген.
Эми социалдык келишим өлкө боюнча ишке ашырылат. Кийинки жылы аз камсыз болгон 2 800 үй-бүлөгө грант берүү пландалууда.
Возможно, это изображение 8 человек, люди сидят и люди стоят
Пайдалуу
Ссылкалар