Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги баткендиктерге жардам тууралуу айтып берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында Баткен облусунда туруктуу жашаган жарандарга кандай социалдык колдоо көрсөтүлөрү болгон туралуу айтылды.
КР Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 2021-жылдын 28-30-апрелинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгон жарандардын 31-үй-бүлөсүнө 31,0 млн.сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам бөлүнгөн.
50,0 миң сомдон 100,0 миң сомго чейинки өлчөмдөгү бир жолку материалдык жардам 107 жабыркаган жарандарга 6,4 млн.сом суммасында бөлүнгөн.
Курман болгон адамдардын 18 жашка чыга элек балдарына, курман болгон адамдардын ата-энелерине, жабыр тарткан, ДМЧА деп таанылган адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 2021-жылдын 1-октябрынан баштап кайрадан эсептелди.
1-июлга карата 3700 сом өлчөмүндө 59 адам жөлөк пул алат.
Баткен облусунун чек ара аймактарында туруктуу жашаган, 16 жашка чейинки балдары бар, “өзгөчө статусу” бар муктаж болгон үй-бүлөлөргө “үй-бүлөгө комок” жөлөкпулуна 1000 сом өлчөмүндө ай сайын компенсациялык төлөмдөр 2022-жылдын 1-мартынан баштап белгиленген.
Жайкы каникул учурунда Баткен облусунун жабыркаган жарандарынын 189 баласы үчүн балдар лагерлеринде жана пансионаттарында эс алуу уюштурулду.
Возможно, это изображение 3 человека, люди сидят, люди стоят и в помещении
Пайдалуу
Ссылкалар