Жылдын башынан бери 1 миллиондон ашык адам эмгек министрлигинин тармагы боюнча кызмат алышты

Бул тууралуу ведомствонун коллегиясында айтылды.
Үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата жөлөкпул жана компенсация түрүндөгү социалдык төлөмдөрдү 572,1 миңден ашык адам алган.
198,1 миң адам иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жаатында кызмат көрсөтүүлөрдү алышты.
186,1 миң майып балдар жана чоңдор, улгайган жарандар, үй – бүлөлөр жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар ар кандай кызматтарды алышты – кресло-коляскалар, санаториялык-курорттук жолдомолор, реабилитациялык кызматтар, протездик-ортопедиялык буюмдар, үйдө жана интернаттык мекемелерде багуу, турмуштук оор кырдаалда үй-бүлөлөрдү жана балдарды табуу жана коштоо ж. б.
Миграция чөйрөсүндө кызматтарды 50,7 миңден ашык адам, эмгек мамилелери чөйрөсүндө – 4,4 миңден ашык адам алышкан.
Жалпысынан министрликтин линиясы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алган жарандардын жалпы саны 1011,4 миң адамды же республиканын калкынын 15% дан ашыгын түзөт).
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди стоят и в помещении
Пайдалуу
Ссылкалар