
Министрдин айтымында, райондун 6,1 миң тургуну ар кандай жөлөк пул алышат, жыл башынан бери бюджеттен социалдык муктаждыктарга 95 миллион сом бөлүнгөн.
“”Ар бир кызматкер биздин министрликтин жүзү болуп саналат, сиздердин биздин жарандарга болгон мамилеңерден биздин эл бизди кандай кабыл алаары көз каранды. Биздин кызматтардын ар бир алуучусу бактылуу болушу үчүн, биз жарандарды турмуштук оор кырдаалдан чыгууга үндөшүбүз керек”, – деди министр.