Кара-Кулжа районунда балдарга карата зордук зомбулук фактысы каталбады

Кудайберген Базарбаев: Кара-Кулжа районунда балдарга карата зордук зомбулук фактысы каталбады
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кара-Кулжа районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди.
“Райондо учурда 32 миңден ашык бала жашайт, алардын 2,1 миңи – мигрант ата-энелердин балдары, алар маалымат базасына киргизилген. Дайыма үй кыдыруулар өткөрүлөт.
Аймакта туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок жаңы төрөлгөн ымыркайлар жок. Жыл башынан бери документтери жок бардык 15 балага күбөлүк берилди. Башкармалык балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди натыйжалуу жүргүзөт. Жыйынтыгы бар-зомбулук фактылары катталган жок”, – деп белгиледи МТСОМДУН башчысы.
Министр Кара-Кулжа башкармалыгынын башчысы Бегайым Бокотбаеванын балдардын укуктарын коргоо боюнча ишин белгиледи.
Жолугушуу ЭСК башчысынын Ош облусу боюнча иш сапарынын алкагында өтүүдө. Жолугушуунун катышуучулары-аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, майыптыгы бар адамдар, улгайган жарандар жана башка социалдык кызматтарды алуучулар.
“2022-жылга карата Кара-Кулжа районунун социалдык муктаждыктарына 265 млн сомдон ашык каражат каралган. 1-июлга карата райондун социалдык жардамына 140 млн сомдон ашык каражат каржыланган.
Район боюнча бардыгы болуп 11,8 миң адам жөлөк пул алышат. Мында министрлик муктаж болгон жарандарга жардам берүүнүн ар кандай механизмдерин активдүү киргизүүдө.
Министрлик азык – түлүк-ун жана өсүмдүк майы, ошондой эле коомдук пайдалуу иштин же окутуунун ордуна накталай акча каражаттары боюнча долбоорду ишке ашырууда”, – деди министр.
Жолугушуудан кийин жарандар министрге жеке кабыл алуу учурунда өтүнүчтөрү жана каалоолору менен кайрыла алышты.
Жолугушуу Кудайберген Базарбаевдин Ош облусу боюнча иш сапарынын алкагында болуп өттү, буга чейин ал Чон -Алай жана Алай райондорунда болгон.
Министр ошондой эле Араван жана Ноокат райондорунун жашоочулары менен жолугушат.
Пайдалуу
Ссылкалар