Ноокат районунун жашоочулары эмгек министирлиги тарабынан кылынып жаткан иштер менен таанышты

Ноокат районунун майыптардын жана чоңдордун жашоо сапатын жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев айтып берди.
“Кыргызстанда 2019-жылдан бери туруктуу көзөмөлгө муктаж болгон майыптыгы бар балдар үчүн “Жеке ассистент” кызматы жеткиликтүү. Мамлекет мындай жеке жардамчылардын ишине акы төлөйт. 2022-жылдын 1-июнунан тартып Президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун Жарлыгы менен төлөмдөрдүн өлчөмү 4900 сомдон 6 300 сомго чейин көтөрүлгөн. Ноокат районунда мындай кызматты 276 бала алат.
Ошондой эле, 2022-жылдын 1-июнунан баштап, бул кызматты бала кезинен баштап 1 майыптар тобу бар чоңдор колдоно алышат.
Мындан тышкары, мурда көп нааразычылыктар болгон медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын ишинин сапатын жакшыртуу үчүн биз комиссиянын төрагаларын 70% жаңыладык”, – деди министр.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, улгайган жарандар жана майыптыгы бар жарандар катышкан жолугушууда министрлик муктаж адамдарды ишке орноштуруу, колдоо боюнча кандай иштерди жүргүзүп жаткандыгы тууралуу суроолор көтөрүлдү.
Кудайберген Базарбаевдин айтымында, жумушсуздарды жана аз камсыз болгон жарандарды коомдук пайдалуу жумуштарга тартуу же азык-түлүк жана накталай акча ордуна окутуу боюнча долбоорлор өлкө боюнча иштеп жатат.
“Жыл башынан бери өлкө боюнча 380 социалдык долбоор ишке ашырылды, анын алкагында 75,9 миңден ашуун адам азык-түлүк жардамы менен камсыз болду. Аларга 2000 тоннадан ашык азык-түлүк, болжол менен 9 млн сом берилди. Ноокат районунда мындай долбоорлорго 3,5 миң адам катышып, алар 110 тоннадан ашык азык-түлүк алышты.
Район боюнча 32 миң адам ар кандай жөлөк пул алып жаткандыгын эске алганда, муктаж болгон ар бир тогузунчу адам кошумча колдоо ала алды деп айтууга болот.
Ошол эле учурда министрлик кесипке багыт берүү борборлорунда жумушка орношуунун ар кандай түрлөрүн сунуштайт, анда аларга эң керектүү кесипти тандоого жардам берет.
Биздин көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду аркылуу кыска мөөнөттө 100дөн ашык кесипти үйрөнүп, жумуш табууга болот”, – деди ал.