Министр Кудайберген Базарбаев Кара-Суу районундагы калкты иш менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорунун аткарылышы менен таанышты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Эмгек министрлиги менен биргеликте БУУнун Бүткүл дүйнөлүк «Эмгек үчүн азык-түлүк» программасынын алкагында Кара-Суу районунда муктаж болгон жарандарды жумуш менен камсыз кылууга багытталган ишке ашырылып жаткан бир катар долбоорлордун аткарылышы менен таанышты.
Кара-Суу районунда Министр райондун борбору Кара-Суу шаарында, Кашкар-Кыштак, Кенже-Көл, Бек-Жар жана Жар-Ооз айылдарында болуп, долбоорлор ишке ашырылып жаткан жеринде болду, анда муктаж болгон жарандар коомдук жумуштарга катышуу учун тамак-аш же накталай акча ала алышат.
Ошентип, Кара-Суу шаарында долбоор боюнча 4 көп кабаттуу үй капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Ишке аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 73 адам тартылган. Имараттарды оңдоого жана кызматкерлерге эмгек акы төлөөгө жалпы чыгым 30 миң долларды түздү.
Кенжекул айылында жумушсуз катары катталган 24 адам 2 көпүрөнүн курулушуна тартылып, анын аркасында аталган айылдын 400дөн ашуун кожолуктарынын жашоочулары ээн-эркин жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Мындан тышкары көпүрөлөр дыйкандарга аталган айылда жайгашкан 200 гектар жердин түшүмүн ташуу аралыкты кыскартууга мүмкүнчүлүк түздү. Жумушка тартылгандарга 150 кг ун жана 15 литр өсүмдүк майы берилет.
Учурда Кашкар-Кыштак, Бек-Жар, Жар-Ооз айылдарына суу түтүктөрү тартылып, элди ичүүчү суу менен камсыз кылуу иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү бюджеттин жана суу пайдалануучулардын эсебинен аз камсыз болгон 54 жергиликтүү тургундар 2 миң метрден ашык суу түтүктөрүн жана суу мунараларын орнотуп жатышат. Бул иш үчүн алар азык-түлүк себетин алышат.
Кашкар-Кыштак айыл аймагында быйыл жалпысынан 3 долбоор ишке ашырылган.
Бекжар айылынын селге кооптуу аймагына 90 даана габион торлору орнотулуп, калган эки долбоор айыл аймактарынын инфраструктуралык шарттарын жакшыртууга багытталган (кошумча таза суу түтүктөрү орнотулуп, коомдук көпүрөлөр курулган).
Үч долбоорго 107 адам квалификациясыз жумушка тартылган. Алардын ар бирине 150 килограммдан байытылган ун, 15 литрден өсүмдүк майы берилет.
Алсак, республика боюнча 2022-жылга карата «Эмгектин ордуна продукция» долбоорунун алкагында учурда 650 долбоор ишке ашырылууда, (эмгекке 500 продукция, эмгекке 150 накталай акча, анын 130у шаарда ишке ашарылат.) анын алкагында коомдук жумуштарга 22800 миң муктаж жарандар ишке тартылган.
«Эмгек министрлиги калкты балык эмес, кайырмак алуу үчүн социалдык коргоонун активдүү иш-чараларын жүргүзүп жатат. Талапка жооп берген эң керектүү адистиктер боюнча курстардын программасы ишке ашырылууда.
Акчага же продукцияга алмаштырып, социалдык маанилүү долбоорлорго – жолдорду жана көпүрөлөрдү курууга, ирригациялык системаларды оңдоого катышса болот. Талап кылынган кесипке окутуу үчүн акча алуу мүмкүнчүлүгү да бар», – деп белгиледи Министр.
Пайдалуу
Ссылкалар