«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын июль айынын төртүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 22- июлунан 1- августуна чейин 2970 телефондон кайрылуу (же бир суткада 297 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 82 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 22 же 26,8% жаш балдардан, ал эми 60 же 73,2% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 57 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 12 абонентке психологиялык консультация берилди, 13 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып иш алып баруусу сунушталган.

82 чалуунун ичинен эркектерден – 25 (же 30,5%), аялдардан – 57 (же 69,5%), балдардан – 22: анын ичинен эркек балдардан – 8 (же 36,4%), кыздардан – 14 (же 63,6%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 22;

– психологиялык жабырлануудан – 12;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу – 9;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 8;

– башка суроолор менен – 7;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 6;

– үй бүлөлүк мамилелер жана чыр чатактар тууралуу- 4;

– БУИТ борбору тууралуу маалымат – 4;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 3;

– аялдарга карата үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 2;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип –2;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 2;

– билим берүү системасы боюнча – 1.

2888 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 18 (же 22,0%);

– Ош облусунан – 13 (же 15,8%);

– Чүй облусунан – 11 (же 13,4%);

– Жалал-Абад облусунан – 7 (же 8,5%);

– Ысык-Көл облусунан – 5 (же 6,1%);

– Баткен облусунан – 5 (же 6,1%);

– Ош шаарынан – 4 (же 4,9%);

– Нарын  облусунан – 4 (же 4,9%);

– Талас облусунан – 2 (же 2,4%);

– анонимдерден – 13 (же 15,9%).