КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү боюнча иш-чараларды баштады

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү боюнча иш-чараларды баштады. Социалдык контракттын шарттарын жана механизмин түшүндүрүү максатында, биринчи этапта Министрликтин аймактык бөлумдөрүнүн кызматкерлерине, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жана адистерине окутуу уюштурулду. Жалпысынан республика боюнча окууга 1000ден ашуун адам катышты.
Семинар учурунда КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова жана Министрликтин кызматкерлери социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө Жобонун нормалары боюнча бир топ суроолорго жооп беришти.
Пайдалуу
Ссылкалар