«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын август айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 8-15 августунан чейин 1876  телефондон кайрылуу (же бир суткада 268 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 65 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 15 же 23,0% жаш балдардан, ал эми 50 же 77,0% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 49 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 7 абонентке психологиялык консультация берилди, 9 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып иш алып баруусу сунушталган.

65 чалуунун ичинен эркектерден – 27 (же 41,5%), аялдардан – 38 (же 58,5%), балдардан – 15: анын ичинен эркек балдардан – 6 (же 40,0%), кыздардан – 9 (же 60,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап  – 22;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу   – 9;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 8;

– психологиялык жабырлануудан – 7;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 6;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 3;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 2;

– башка суроолор менен – 3;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн,ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 1;

– үй-бүлөлүк  мамилелер жана чыр- чатактар тууралуу  – 1;

– билим берүү системасы боюнча  – 1;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 1;

– БҮИТ борбору тууралуу маалымат – 1.

1811 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 19 (же 29,3%);

– Чүй облусунан – 11 (же 17,0%);

– Жалал-Абад облусунан – 7 (же 10,7);

– Ыссык-Көл облусунан – 5 (же 7,7%);

– Ош облусунан   – 5 (же 7,7%);

– Баткен   облусунан – 5 (же 7,7%);

– Ош шаарынан – 3 (же 4,6%);

– Талас  облусунан – 2 (же 3,1%);

– Нарын  облусунан – 1(же 1,5%);

– анонимдерден – 7 (же 10,7%).

Пайдалуу
Ссылкалар