«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын сентябрь айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 1-8 сентябрына  чейин 1644  телефондон кайрылуу (же бир суткада 234 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 61абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 13 же 21,3% жаш балдардан, ал эми 48 же 78,7% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 52 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 4 абонентке психологиялык консультация берилди, 5 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып иш алып баруусу сунушталган.

61 чалуунун ичинен эркектерден – 15 (же 25,0%), аялдардан – 46 (же 75,0%), балдардан – 13: анын ичинен эркек балдардан – 3 (же 23,0%), кыздардан – 10 (же 77,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап  – 20;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу – 5;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 5;

– БҮИТ борбору тууралуу маалымат – 4;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 4;

– психологиялык жабырлануудан – 4;

– үй-бүлөлүк  мамилелер жана чыр- чатактар тууралуу  – 4;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 4;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн,ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 3;

– башка суроолор менен – 3;

– билим берүү системасы боюнча  – 2;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 2;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 1.

  1811 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 14 (же 22,9%);

– Чүй облусунан – 10 (же 16,4%);

– Жалал-Абад облусунан – 8 (же 13,1);

– Ош облусунан   – 8 (же 13,1%);

– Ысык-Көл облусунан – 2 (же 3,5%);

– Баткен   облусунан – 4 (же 6,5%);

– Ош шаарынан – 4 (же 6,5%);

– анонимдерден – 11 (же 18,0%).

Пайдалуу
Ссылкалар