Эмгек министрлиги 550дөн ашык майыптыгы бар жана жетим балдар үчүн жайкы эс алууну уюштурду

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жай мезгилинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, камкорчулукта жана көзөмөлчүлүктө турган балдар, багып алуучу үй-бүлөлөр, жетим балдар жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн Ысык-Көлдө акысыз эс алууну уюштурду.
448 балдар жана өспүрүмдөр “Улан”Балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда эс алышты.
Дагы 103 бала “Алтын-Балалык”ден соолукту чыңдоочу реабилитациялык борборуна жөнөтүлдү.
Мында балдардын жана коштоп жүрүүчүлөрдүн транспорттук чыгымдары эки тарапка тең “Алтын-Балалык” директору А.С. Бейшеналиев тарабынан каржыланган.
Жакын арада балдардын дагы бир агымы “Алтын-Балалык” ден соолукту чыңдоочу реабилитациялык борборуна барат.
Пайдалуу
Ссылкалар