Нарын облусунун аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 48 бала мектеп форма жана окуу куралдарын колуна алышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өнөктөш уюмдар менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына белектерди тапшырды.
Нарын облусунун 48 баласы Эгемендик күнүнө жана Билим күнүнө карата мектеп формасын, рюкзактарды, бут кийимдерди, канцелярдык буюмдарды белек катары алышты.
Республика боюнча эмгек министрлиги жалпысынан 400 баланы форма жана мектеп буюмдары менен камсыз кылды.
Пайдалуу
Ссылкалар