Президенттин демилгеси менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү 400 балага мектеп формасы жана окуу куралдары берилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өнөктөш уюмдар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына белектерди тапшырды.
Эгемендүүлүк күнүнө жана Билим күнүнө карата белек катары өлкө боюнча 400 балага мектеп формасын, рюкзактарды, бут кийимдерди жана канцелярдык буюмдарды алышты.
Ведомствонун өнөктөштөрү “Альянс Алтын” ЖЧКсы, “Ас-Сафа борбору” КБ, “эне – балага тирек”, “Үмүт нуру”, “Кайрымдуу инсан”, “Элим барсынбы”, Кызыл Жарым Ай, “Ассанабил”, “Сүйүүнүн колу”, “Кайрымдуу бол”,” Goodneighbors”.”болушкан.
Пайдалуу
Ссылкалар