Балдардын жана мажбурлап никеге турууну болтурбоо боюнча 2023–2024-жылдарга иш-чаралар планы кабыл алдынды

Балдардын жана мажбурлап никеге турууну болтурбоонун максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин   2023-жылдын 25-январында № 25-т тескемесинин негизинде Балдардын жана мажбурлап никеге турууну болтурбоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023–2024-жылдарга иш-чаралар планы кабыл алдынды. Аталган планда балдардын жана мажбурлап никеге турууну болтурбоо боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү жана балдардын жана мажбурлап никеге турууну болтурбоо жана алдын алуу боюнча иш-чаралар каралган. Пландын аткаруучулары Кыргыз Республикасынын министрликтери, ведомстволору жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр болуп саналат.

 Балдардын жана мажбурлап никеге туруулар бул аялдарга карата гендердик дискриминациянын бири түрү, бул үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Пайдалуу
Ссылкалар