Кыргызстандан барган эмгек мигранттары Татарстанда кайсы тармактарда иштей алышат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Татарстан Республикасынын өнөр жай жана соода министринин орун басары Родион Карпов менен кыргызстандыктарды ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Жыйында курулуш жана нефтехимия тармагында жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.
«Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун биринчи жарлыктарынын бири коопсуз эмгек миграциясы үчүн шарттарды түзүү жөнүндө жарлыгы болду. Бул жарлыкты ишке ашыруунун алкагында Эмгек министрлиги келген өлкөлөрдө биздин жарандарга, биринчи кезекте мыйзамдуу ишке орноштуруу жана эмгек укуктарын коргоо маселелери боюнча ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө.
Биз эмгек мигранттарын эмгек акысын өз убагында төлөп, социалдык пакеттин болушу менен ишке орноштурууга кызыкдарбыз», — деп түшүндүрдү Кудайберген Базарбаев.
Өз кезегинде министр Татарстандан келген кесиптештерине кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, аларды ушул жылдын июль айында Кыргыз Республикасында өтө турган эмгекти жөнгө салуу боюнча эл аралык конференцияга чакырды.
Пайдалуу
Ссылкалар