Кыргыз диаспорасы элибиздин маанилүү бөлүгү жана өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн чоң потенциалга ээ

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.
«Чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспоралары өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүгө, социалдык жана маданий байланыштарды ишке ашырууга чоң салым кошушту. Мекендештерибиз жеке бизнесин түзүп, ар кандай тармактарга инвестиция салып, өлкөбүзгө олуттуу каражат алып келүүдө.
ЕЭКтин эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова жана ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Евразия экономикалык биримдигинин, Бажы биримдигинин жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин иштөө жана өнүгүү шарттарын камсыз кылуу, бул бирикмелердин алкагында интеграция чөйрөсүндө сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ЕЭКтин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымдашты.
2023-жылдын 13-мартынан тарта мекендештерибизге “Мекен-картаны” алуу үчүн чет элдик паспорттору бар документтерди кабыл алуу башталды. Бул биздин мекендештерге Кыргызстандын аймагына эркин кирип-чыгууга, иштөөгө жана башка ар кандай кызматтарды алууга укук берет», — деди министр.
Диаспора өкүлдөрү министрге Орусияга кирүүнүн тартиби, миграциялык каттоо, медициналык камсыздандыруу, үй-бүлө мүчөлөрүн, анын ичинде жашы жете элек балдарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин берүү, расмий ишке орношуу. ж.б. кызыктырган суроолорун бере алышты.
Кудайберген Базарбаев жолугушуунун катышуучуларына «Камаз» автоконцернинде, «Алабуга» атайын экономикалык аймагынын ишканаларында кыргызстандыктарды мыйзамдуу ишке орноштуруу боюнча түзүлгөн келишимдер тууралуу айтып берди.
Министр менен жолугушуунун жыйынтыгында министрликтин 27 коомдук өкүлүнө грамоталар жана диаспоралык уюмдардын өкүлдөрүнө ардак грамоталар тапшырылды.
Министр К.Базарбаевдин демилгеси менен Коомдук өкүлдөр институту түзүлүп, буга чейин Россия боюнча 89 эл өкүлү дайындалган. Алардын 74ү Москвада жана Москва облусунда иштейт. Коомчулуктун өкүлдөрү эмгек мигранттарына консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүшөт, анын ичинде ички иштер органдарында, сот жана мамлекеттик органдарда алардын кызыкчылыктарын коргошот.
Министр ошондой эле эмгек мигранттарынын укуктарын коргоодо мекеменин өкүлчүлүгүнүн ролун белгиледи.
«Ноябрдан мартка чейин өкүлчүлүк 11,5 миллион рубль өлчөмүндө төлөнбөгөн эмгек акыны алууга жардам берген», – деди ал.
Пайдалуу
Ссылкалар