Яндекс Такси менен түзүлгөн меморандум кыргызстандыктарга эмне берет

Москвада Кыргызстандын эмгек жана социалдык камсыздоо министри Кудайберген Базарбаев менен «Яндекс такси» компаниясынын башкы директору Александр Аникин социалдык жана билим берүү долбоорлорун өнүктүрүү жана платформада ишке орноштуруу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.
Меморандум кыргызстандык интернет колдонуучуларга санариптик көндүмдөрүн Россиянын жана КМШнын эмгек рыногундагы учурдагы талаптарга, программалоонун негизги көндүмдөрүнөн баштап санариптик маркетингге жана IT бизнестин башка чөйрөлөрүнө чейин жакшыраак адаптациялоого жардам бере турган биргелешкен демилгелерди камтыйт.
Мындан тышкары, тараптар таксилерди гана эмес, логистиканы да активдүү өнүктүрүп жаткан өнөктөштөргө багытталган социалдык долбоорлордо биргелешкен демилгелерди макулдашты.
Жолугушууда «Яндекс» бир нече жылдан бери Кыргызстандын өнөктөштөрү менен жемиштүү иштешип, жаңы долбоорлорду баштоону улантып жатканы айтылды. Маселен, быйылкы жылдан бери өлкөдө Yandex Go кызматы аркылуу саякаттарда колдонуучулар жана айдоочулар үчүн өмүрдү жана ден соолукту камсыздандыруу программасы иштеп жатат.
Пайдалуу
Ссылкалар