Эмгек министрлиги “Мээримдүү тыйын ” акциясында

Бүгүн, 27 майда КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ж.И.Алыбаева “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган “Мээримдүү тыйын” акциясынын кутуларды ачуу салтанатына катышты.
Министрдин орун басары коомдук фонд менен тыгыз иштешип, өспүрүм балдарга биргеликте жардам беришерин айтты. ““Элим барсыңбы?” коомдук фонду менен бир канча жылдан бери жаш балдарга жардам берип, ошондой эле муктаж болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүп иштешип келебиз. Бул акцияда балдар өздөрү кутучага тыйын салып жатканы, моралдык жана тарбиялык жактан таасирин берет”,- деди Ж.Алыбаева.
“Мээримдүү тыйын” жылына эки жолу уюштурулат. Кайрымдуулукка кайдыгер карабаган жарандар бул акцияга катышып, кутучага тыйын чогултушат. Бул акциядан топтолгон акчалар Фонддун каттосунда турган, негизинен жүрөк ооруу операцияларына жана дары-дармекке муктаждарга жардам берилет. Акциянын жүрүшүндө бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан боюнча 85 ден ашуун баланын өмүрү сакталды “-деди фонддун жетекчиси Айдар Кубанычбеков.
Пайдалуу
Ссылкалар