Акы төлөнүүчү коомдук уюмдун алкагында убактылуу жумуш менен камсыз кылуу иштерин программалары

Аткаруу жол-жоболорун өткөрүүнүн тартиби:

Сиздин кийинки кадамыныз?

Катталгандан кийин 10 кун ичинде

Акы төлөнүүчү коомдук иштерди төмөнкүлөр уюштура алышат:

– жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

– менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар;

– ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү.

Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү менен иш берүүчүнүн ортосунда акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды, бул жумуштарды ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүндө уюштурган учурларды кошпогондо, аткаруу боюнча келишим түзүлөт. Келишимде акы төлөнүүчү коомдук иштерди аткаруу боюнча тараптардын укуктары жана милдеттери аныкталат.

  1. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү тарабынан расмий жумушсуздарга жана жумуш издеген жарандарга акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышуу жана андан ары эки тараптуу келишим түзүү үчүн, расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнө жумушка тарткан учурдан башка учурларда, акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышууга жолдомо берилет.
  2. Жумуш издеген жарандардын же жумушсуздун демилгеси боюнча эмгек келишими бузулган учурда иш берүүчү жумушсуз бошогон мезгилден тартып үч күндүк мөөнөттө бул тууралуу себептерин көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнө бул жөнүндө маалымдоого милдеттүү.
  3. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруучулар эмгек жана иш менен камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдардын, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышы, ошондой эле акы төлөнүүчү коомдук жумуштардын катышуучуларынын эмгегин рационалдуу пайдалануу үчүн жоопкерчиликте болушат.
  4. Иш берүүчү ишке тартылган жумушсуздар жана жумуш издеген жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте баардык тийиштүү чегерүүлөрдү жүргүзөт.

Кызматы алуу үчүн зарыл документтер:

  • паспорт;
  •  эмгек китепчесин же анын дубликатын;
  •  анын кесиптик квалификациясын ырастоочу документтер

Кызмат берилет:

Иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү башкармалыгы

Кызматты кантип алса болот?

Жеке

Наркы жана төлөө ыкмасы

Кызмат акысыз көрсөтүлөт

  1. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштардын катышуучуларынын эмгек акысын төлөө акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруучулардын каражаттарынан жумуштарды аткарууга түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.

Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда иштеген жумушсуздардын эмгегине акы төлөөгө иш берүүчүдөн негизги эмгек акы жана республикалык бюджеттин каражаттарынан кошумча төлөмдөр кирет.

  1. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга багытталган акча каражаттары акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышкан расмий жумушсуз же жумуш издеген жарандардын банктагы жеке эсебине же байланыштын почта бөлүмүнө которулат.

Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү

Иштерди аткарууга келишим боюнча

         Алуучулардын категориялары 

1.Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышууга ылайыктуу жумуш табуу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган, ошондой эле расмий жумушсуз статусун алган жарандар укуктуу

2.Жумушсуздук боюнча жөлөкпул албаган, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда 6 айдан ашык каттоодо турган, өз багуусунда 16 жашка чейинки курактагы үчтөн ашык баласы бар расмий жумушсуздар акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышууга артыкчылыктуу укукка ээ.

Кызмат менен камсыз кылуунун натыйжасы   

Убактылуу иш менен камсыз болуу

Пайдалуу
Ссылкалар