Пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык -“социалдык жөлөкпул”

Социалдык жөлөкпулга ким укуктуу жана кандай өлчөмдө чектелет?

Жарандар пенсия менен камсыз кылууга укугу жок болгондо:

  • 18 жашка чейинки балдар : белгиленген майыптыгы бар – 8000 сом;
  • ВИЧ-инфекциясы бар же СПИД менен ооругандар – 8000 сом;
  • ВИЧ/СПИД менен ооруган энелерден туулган балдар, алар 18 айга толгонго чейин – 8000 сом.:
  • баккан адамынан ажыраганда – 3000 сом.;
  • жетимдер – 8000 сом.;
  • майыптыгы белгиленген чоң кишилер:

I топ  – 5500 сом

II топ – 3000 сом

III топ – 2000 сом

  • пенсия курагындагы баатыр энелер – 3000 сом;
  • улгайган жарандар – 2000 сом           

 Бийик тоолуу жана алыскы зоналарда жашаган адамдарга жөлөкпулдар белгиленген коэффициенттерди колдонуу менен төлөнөт.

Социалдык жөлөкпулдар үй-бүлөнүн кирешесине карабастан чектелет.

Ар айдагы социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрү мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жана экономиканын абалына таянуу менен кайра каралат.

Социалдык жөлөкпулду чектөө үчүн кайда кайрылуу керек?

Жашаган (катталган) жер боюнча райондук (шаардык) эмгек жана  социалдык өнүгүү башкармалыктарына арыз менен кайрылуу зарыл.

 Эгерде Сиздин үй-бүлө мүчөңүздүн ар айдагы социалдык жөлөкпулдардын ар кандай түрлөрүнө укугу бар болсо, анда анын тандоосу боюнча бирөө гана чектелет.

  Чектелген жөлөкпулдардын башка түрлөрүнө карабастан чектеле турган баккан адамынан ажырагандыгы боюнча жөлөкпулдан тышкары. 

 Жөлөкпулдар почта бөлүмдөрү же банк аркылуу төлөнөт.

Социалдык жөлөкпулду чектөө үчүн зарыл документтер:

  • ким экенин тастыктаган документ;

  • арыз;

    Зарылчылык болгон учурда кошумча түрдө (конкреттүү учурга жараша) төмөнкүлөр берилет:

    • майыптыгы бар тууралу МСЭКтин маалымкаты;
    • балдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү;
    • пенсияга укугу жок экендиги жөнүндө Социалдык фонддон маалымкат;
    • баккан адамдын кайтыш болгондугу жөнүндө күбөлүк;
    • аймактык СПИД бирикмесинин маалымкаты;
    • баатыр эненин күбөлүгү.

  •  

Ар айдагы акчалай жөлөкпулду чектөөгө арыз ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

    • жөлөкпул чектөө үчүн документтерди берүүдө толук жана ишенимдүү маалыматтарды берүүгө;
    • документтерди берүү мөөнөттөрүн сактоого.

Эгерде мамлекеттик жөлөкпулду алуу үчүн Сиз билип туруп жалган маалыматты берсеңиз же үй-бүлөдөгү кырдаал өзгөргөндүгү жөнүндө өз учурунда билдирбесеңиз, бул факт табылган учурдан тартып жөлөкпул төлөө токтотулат.

 

Ар айдагы жөлөкпулду чектөө жана төлөө менен байланышкан талаштарды кантип чечүү керек?

Эгерде Сиз:

  • үй-бүлөгө жөлөкпулду чектөөдөн негизсиз баш тартышса;
  • же жөлөкпул туура эмес чектелсе;
  • же жөлөкпул төлөө өз учурунда жүргүзүлбөй жатат деп эсептесеңиз.

Сиз мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жөнүндө жарандардын даттанууларын жана арыздарын карап чыгуу боюнча райондук (шаардык) администрациянын комиссиясына арыз менен кайрылааласыз.

Эгерде Сиз комиссиянын чечимине макул болбосоңуз, анда Сиз Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине кайрылууга тийишсиз.

Эгерде Сиздин даттанууңузду караган органдардын чечимине Сиз макул болбосоңуз, Сиз кабыл алынган чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуусуз.

Пайдалуу
Ссылкалар