БУУ ДАП максаттуу райондордо чакан фермерлерге рыноктун талаптарына жана жергиликтүү мүмкүнчүлүктөргө ылайык өз бизнестерин, мисалы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча ишти ачууга жардам берет.
Мындай чакан цехтер ширелерди, джемдерди, вареньелерди, бал продуктуларын, маринаддарды жана туздалган жашылчаларды, кургатылган кактарды, жүндөн жана кийизден продукцияны коммерциялык көлөмдөрдө өндүрө алат. Бул үчүн БУУ ДАП жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана алардын дараметин бекемдөө үчүн зарыл жабдууларды берет, окутуу жана консультацияларды өткөрөт. 2022-жылга чейин БУУ ДАП максаттуу райондордо айыл чарба продукцияны кайра иштетүү боюнча 40тан ашык чакан цехтерди ачууга жардам берүүнү пландоодо.