Бүгүн, 28-мартта, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Оливье Бангертер менен биргеликте Жайыл психоневрологиялык интернатынын имараттарын капиталдык оңдоо иштерин текшеришти.

Эмгек министри Кудайберен Базарбаев: ДМЧА жана карылар үчүн алты үй-интернаттын ремонту 27 млн сомдон ашты
Бүгүн, 28-мартта, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Оливье Бангертер менен биргеликте Жайыл психоневрологиялык интернатынын имараттарын капиталдык оңдоо иштерин текшеришти.
Социалдык мекемеде психикалык жактан жабыркаган 247 аял жашайт.
Швейцария элчилигинин колдоосу менен социалдык камсыздоо системасынын алты интернатында – Жайыл, Кадамжай, Токмок, Сузак, Покровка жана Нижне-Серафимовскиде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Мекемелерде Ашкана, канализация, душ жана кир жуучу системалар, мончо комплекстери оңдолгон. Бул 900дөн ашуун адамдын жашоосун жакшыртты.
“Интернаттагы камкордукка алынгандарга кам көрүү-мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири. Өткөн жылдан бери Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен тамак-ашка карата акчалай ченемдер эки эсе жогорулады. Бул жемиштерди, жашылчаларды, ширелерди жана бышырылган азыктарды чоң ата, чоң энелердин, чоңдордун жана майып балдардын күнүмдүк рационуна айландырууга мүмкүндүк берди. Бүгүн биз алардын жашоо шартын жакшыртып, жашоосун дагы да ыңгайлуу кылдык”, – деди Кудайберген Базарбаев.
Алты интернаттагы оңдоо иштеринин жалпы суммасы 27 млн сомдон ашты.

Ысык-Көл районунун тургундары Эмгек министрлиги менен социалдык келишим түзүүгө кызыкдар экендигин билдиришти Бүгүн, 27-мартта, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун жашоочулары Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевге кызыккан суроолорун беришти.

Ысык-Көл районунун тургундары Эмгек министрлиги менен социалдык келишим түзүүгө кызыкдар экендигин билдиришти
Бүгүн, 27-мартта, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун жашоочулары Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевге кызыккан суроолорун беришти.
Талкуунун негизги темасы социалдык келишим болду. Жолугушуунун катышуучуларын чакан бизнес ачууга 100 миң сом алуу шарттары кызыктырды.
“Биз өткөн жылдан бери Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен социалдык контракт түзүп келебиз. Бул оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам берүү үчүн эмгек министрлиги ишке ашырып жаткан Активдүү чаралардын бири.
Мында ведомство контракт түзгөнгө чейин жана андан кийин – финансылык сабаттуулукка окутуудан баштап ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүгө чейин коштоп жүрөт.
Өткөн жылы Министрлер кабинети тарабынан социалдык контракт түзүү үчүн 292 млн сом бөлүнгөн. 2023 – жылга бюджеттен 10 миң үй-бүлөгө социалдык келишимге 1 млрд сом бөлүнөт”, – деди Кудайберген Базарбаев.
Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары мамлекет берген майыптар коляскаларына көңүл бурууну суранышты, алар көп функционалдуу болушу керек.

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын март айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын 8 -15 – мартына  чейин 1575  телефондон кайрылуу (бир суткада 225 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 41 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 12 же 29,2%  жаш балдар, ал эми 29 же 70,8 % чоң кишилер), 31 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 2 абонентке психологиялык консультация берилген, 8 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

41 чалуунун ичинен: эркектерден – 7 (17,0%), аялдардан – 22 (53,6%),  эркек балдардан – 4 (9,7%) , кыздардан – 8 (19,7%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 10 (балдар 1);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 6 (балдар 1);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө 5 (балдар 1);

– балдарды тарбиялоо, анын журум туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 5 (балдар 2);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 3 (балдар 2);

– башка маселелер боюнча – 3 (балдар 2) ;

– психологиялык жабырлануу менен – 2 (балдар 2);

– билим беруу системасы жөнүндө – 2 (балдар 0);

– БУИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 2 (балдар 1);

– үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 1 (балдар 1);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 2 (балдар 0);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 1 (балдар 0);

1534 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 11 (26,8%);

– Жалал-Абад облусунан – 6 (14,6%);

– Чүй облусунан – 5 (12,1 %);

– Ош облусунан – 4 (9,7%);

– Ош шаарынан – 3 (7,4%);

 –  Талас облусунан -3 (7,4%);

– Ысык- Көл  облусунан – 1 (2,5%);

– Нарын облусунан – 1(2,5%);

 – жашырын чалуулар (анонимдерден) – 7 (17,0%).

Эмгек министрлиги мекендеш макамын кантип алуу керектигин жана ал эмне берерин эскертти

Эмгек министрлиги мекендеш макамын кантип алуу керектигин жана ал эмне берерин эскертти
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2023-жылдын 13-мартынан тартып чет өлкөлүк паспорту бар мекендештер «Мекен-карт» документин алуу үчүн тийиштүү документтерди тапшыра аларын эскертет.
“Мекен-карт” документи Кыргызстандын аймагында тоскоолдуксуз кирүүнү жана болууну, билим берүү жана медицина кызматтарын пайдаланууну, уруксат берүүчү документтерди тариздебестен эмгек ишмердигин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жана башка көптөгөн нерселерди камсыз кылат.
Мекендештин статусун алуу процесси өтө жөнөкөй жана чет өлкөлүк жарандарга – Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандарына, алардын балдарына жана неберелерине жеткиликтүү.
Кыргызстандын аймагында кайрылуу үчүн Калкты тейлөө борборлоруна кайрылуу жана 10 000 сом өлчөмүндөгү мамлекеттик алымды, ошондой эле «Мекен-карта» документин кабыл алуу, берүү, даярдоо жана персонификациялоо боюнча 1315 сом суммасында чыгымдарды төлөө керек. Эгерде арыз ээси чет өлкөдө болсо, анда Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк өкүлчүлүгүнө тийиштүү документтерди тапшырып, 10 618 сом жана 40 АКШ долларын консулдук жыйым катары төлөй аласыз.
Төлөм “РСК Банк” ААК, “Айыл Банк” ААК филиалдарында, ошондой эле Кыргыз почтасынын бөлүмдөрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн.
Арыздарды кароонун мөөнөтү жалпы тартипте 3 айды, жөнөкөйлөтүлгөндө 1,5 айды түзөт. Эгерде чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурдан тартып алты ай өтө элек болсо, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.
Кошумча маалымат алуу үчүн 119 Call-борборуна кайрылсаңыз болот же Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин социалдык тармактардагы расмий баракчаларына суроо жазсаңыз болот.

Урматтуу достор жана өнөктөштөр, Жаздын, кайра жаралуунун, тынчтыктын жана достуктун майрамы болгон Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктоолорумду кабыл алыңыз!

Урматтуу достор жана өнөктөштөр,
Жаздын, кайра жаралуунун, тынчтыктын жана достуктун майрамы болгон Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктоолорумду кабыл алыңыз!
Келген жаздын ар бир күнүнүн нуру ар бириңиздерге бакыт, ден соолук, кубаныч жана бакубатчылык алып келсин! Үйүңөрдөн жакшылык, молчулук жана береке кетпесин! Нооруз майрамыңыздар менен!
Возможно, это изображение 1 человек и стоит

Кыргызстанда жумуш орундарында тартыштык жок, бирок жумушчуларга тартыштык бар Бул тууралуу бүгүн, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ош шаарындагы “Кыргыз Текстиль ЛТД” фабрикасында ишке орноштуруу боюнча аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана бөлүмдөрдүн адистери үчүн өткөрүлгөн жумушчу кеңешмеде билдирди. “Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н.Жапаров иш менен камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурат. Эмгек министрлиги Билим берүү министрлигинин системасындагы 99 кесиптик лицей менен келишим түздү, анын ичинен 71 лицей 125 жумушчу кесип боюнча адистерди даярдайт. Биздин ведомство өлкөнүн ишканаларына жумушчуларды уюштуруучулук топтоо менен активдүү алектенүүгө ниеттенүүдө, тажрыйба көрсөткөндөй, өлкөдө жумушчу колдорго суроо-талап чоң, бирок иштөөгө даяр адистердин жетишсиздиги сезилип жатат. Биз келечекте 2000 жаран иштей турган фабрикадабыз, учурда өндүрүш 1000 адамды ишке орноштура алат, бирок жумушчу колдун жоктугунан кадрларга болгон муктаждык 530 орунду түзөт жана мындай мисалдар өлкө боюнча көп. Ошол эле учурда мындай ишканалардын айлык акысы 25 миңден 60 миң сомго чейин”, – деди министр. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, борбордук аппараттын кызматкерлери жана эмгек министрлигинин райондук башкармалыктарынын жетекчилери жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары вице-спикер Жамили Исаева, соц комитетинин жетекчиси Винера Раимбачаева, Шайлообек Атазов, Айбек Осмонов, Тазабек Икрамов, Айгүл Айдарова, Фарходбек Алимжанов, Исатбек кызы Аида, Миргүл Темирбаева жана башкалар ишчарада кайрылуу кылып министрди колдоого алып, жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Жумушчу кеңешмеде региондук деңгээлде калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча ишке киргизүү зарыл болгон жаңы мамилелер талкууланды. Ошентип, Ош шаарындагы 113 кесиптик лицейинин директору кеңешменин катышуучуларына “Кыргыз Текстил ЛТД” фабрикасы менен кош негизде тигүүчүлөрдү окутуу боюнча биргелешкен ишти сунуштады. ***** В Кыргызстане нет дефицита в рабочих местах, но есть дефицит рабочих рук Об этом сказал сегодня, министр труда, социального обеспечения и миграции Кудайберген Базарбаев, во время рабочего совещания для руководителей территориальных управлений и специалистов отделов занятости по усилению работы в сфере занятости, в городе Ош на фабрике “Кыргыз Текстиль ЛТД”. «Президент Кыргызской Республики Жапаров С.Н. уделяет особое внимание вопросам занятости. Министерство труда заключило договор с 99 профессиональными лицеями системы министерства образования, из которых 71 лицей готовить специалистов по 125 рабочим профессиям. Наше ведомство намерено активно заняться организационным набором рабочих на предприятия страны, как показывает практика в стране существует большой спрос на рабочие руки, но ощущается дефицит специалистов готовых работать. Мы с вами на фабрике где в перспективе будут работать 2000 граждан, на данный момент производство может трудоустроить уже 1000 человек, однако из-за отсутствия рабочих рук, потребность в кадрах составляет 530 мест, и таких примеров по стране много. При этом заработная плата на подобных предприятиях составляет от 25 тысяч до 60 тысяч сомов», сказал министр. На мероприятии также приняли участие депутаты Жогорку Кенеша, заместитель губернатора Ошской области Эрнис Толтоев, вице-мэр города Ош Нурбек Кадыров, сотрудники центрального аппарата и руководители районных управлений минтруда и партнёры по развитию. Также депутаты Жогорку Кенеша в лице вице-спикера Жамили Исаевой, руководителя соц комитета Винеры Раимбачаевой, Шайлообека Атазова, Айбека Осмонова, Тазабека Икрамова, Айгуль Айдаровой, Жалолидин Нурбаева, Фарходбека Алимжанова, Исатбек кызы Аиды, Миргуль Темирбаевой и других в своих выступлениях поддержали министра и выразили готовность в содействии инициатив ведомства в вопросах трудоустройства. На рабочем совещании обсуждались новые подходы которые необходимо внедрить по содействию занятости населения на региональном уровне. Так, директор профессионального лицея №113 г. Ош представил участникам совещания совместную работу с фабрикой “Кыргыз Текстиль ЛТД” по обучению швей, на дуальной основе.

Кыргызстанда жумуш орундарында тартыштык жок, бирок жумушчуларга тартыштык бар
Бул тууралуу бүгүн, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ош шаарындагы “Кыргыз Текстиль ЛТД” фабрикасында ишке орноштуруу боюнча аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана бөлүмдөрдүн адистери үчүн өткөрүлгөн жумушчу кеңешмеде билдирди.
“Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н.Жапаров иш менен камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурат. Эмгек министрлиги Билим берүү министрлигинин системасындагы 99 кесиптик лицей менен келишим түздү, анын ичинен 71 лицей 125 жумушчу кесип боюнча адистерди даярдайт.
Биздин ведомство өлкөнүн ишканаларына жумушчуларды уюштуруучулук топтоо менен активдүү алектенүүгө ниеттенүүдө, тажрыйба көрсөткөндөй, өлкөдө жумушчу колдорго суроо-талап чоң, бирок иштөөгө даяр адистердин жетишсиздиги сезилип жатат.
Биз келечекте 2000 жаран иштей турган фабрикадабыз, учурда өндүрүш 1000 адамды ишке орноштура алат, бирок жумушчу колдун жоктугунан кадрларга болгон муктаждык 530 орунду түзөт жана мындай мисалдар өлкө боюнча көп. Ошол эле учурда мындай ишканалардын айлык акысы 25 миңден 60 миң сомго чейин”, – деди министр.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, борбордук аппараттын кызматкерлери жана эмгек министрлигинин райондук башкармалыктарынын жетекчилери жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары вице-спикер Жамили Исаева, соц комитетинин жетекчиси Винера Раимбачаева, Шайлообек Атазов, Айбек Осмонов, Тазабек Икрамов, Айгүл Айдарова, Фарходбек Алимжанов, Исатбек кызы Аида, Миргүл Темирбаева жана башкалар ишчарада кайрылуу кылып министрди колдоого алып, жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Жумушчу кеңешмеде региондук деңгээлде калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча ишке киргизүү зарыл болгон жаңы мамилелер талкууланды.
Ошентип, Ош шаарындагы 113 кесиптик лицейинин директору кеңешменин катышуучуларына “Кыргыз Текстил ЛТД” фабрикасы менен кош негизде тигүүчүлөрдү окутуу боюнча биргелешкен ишти сунуштады.

Жайыл районунун 100 үй-бүлөсүнө Нооруз майрамына карата азык-түлүк топтому тапшырылды

Жайыл районунун 100 үй-бүлөсүнө Нооруз майрамына карата азык-түлүк топтому тапшырылды
Нооруз жана Орозо майрамдарынын алдында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова жана “Hasene” жардам фонду Жайыл районундагы турмуштук оор кырдаалга кабылган 100 үй-бүлөгө азык-түлүк топтомун тапшырышты.
“Hasene” фонду дүйнөдөгү түрктөрдү бириктирет. Германиядан, Голландиядан келген бул уюмдун өкүлдөрү белгилегендей, кыргыз менен түрк элдери бир тууган, ыйык Рамазан айынын алдында көрсөтүлгөн жардамдар Министрлик менен өз ара аракетинин башталышы болуп саналат.

Эмгек министрлиги ишембиликке катышты

Эмгек министрлиги ишембиликке катышты
Жалпы республикалык ишембиликке эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле Министрликтин ведомстволук мекемелеринин кызматкерлери катышты.
Махатма Ганди жана Касым Баялинов көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бактагы бөлүнгөн участокто кызматкерлер бир нече сааттын ичинде газондорду иретке келтирип, кургак жалбырактарды алып салышты. Иш-чарага 200дөн ашык кызматкер катышты.
Ошондой эле ишембиликтер министрликтин райондук башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп, өлкө боюнча ишембиликке катышуучулардын жалпы саны 4000ге жакын адамды түздү.

2023-жылдын 13-мартынан баштап «Мекен-карт» документин алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталат

2023-жылдын 13-мартынан баштап «Мекен-карт» документин алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталат.
Мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар, алардын балдары жана неберелери 13-марттан тартып чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш статусун алуу үчүн кайрылууга укуктуу (Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандарын кошпогондо).
Бул үчүн чет өлкөлүк жаран төмөнкү дарекке кайрылышы керек:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында кайрылган учурда – аймактык бөлүктөргө же калкты тейлөө борбору (мындан ары – КТБ);
2) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде кайрылган учурда – Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине.
Белгилей кетсек, чет мамлекеттердин жарандарына чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин статусу төмөнкүдөй укуктарды берүү менен ыйгарылат:
– Кыргыз Республикасынын аймагына виза тариздебестен кирүү, чыгуу, транзит менен жүрүү, орун которуу жана болуу;
– жашап турууга уруксат тариздебестен, Кыргыз Республикасында туруктуу жашоо;
– эмгек визасын тариздебей жана иштөөгө уруксаты жок Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн бекитилген негизде жана тартипте ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштөө же башка эмгек ишмердүүлүгү менен алектенүү;
– саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү төлөнүүчү кызматтарды Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей шартта төлөө;
– жер тилкесине укук пайда болгон күндөн тартып он жылдын ичинде айыл чарба багытындагы жерлерди ээликтен ажыратып берүү;
– Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын өткөн учурдан тартып 90 (токсон) жумушчу күндүн ичинде болгон жери боюнча каттоо мүмкүнчүлүгү.
Көрсөтүлгөн статусту ыйгаруу менен «Мекен-карт» документи берилет, анын жарактуу мөөнөтү 10 жыл.
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусу жаппы жана жөкөкөйлөтүлгөн тартипте берилет. Эгерде чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурдан тартып алты ай өтө элек болсо, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.
Чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендеш статусун берүү үчүн жалпы тартипте зарыл болгон документтердин тизмеги:
1) мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар үчүн: – АМС аркылуу таризделген өтүнүч;
– чет өлкөлүк жарандын паспорту;
– чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
– Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;
– консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берген учурда);
– Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастаган документ (Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда талап кылынат).
2) алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн: – АМС аркылуу таризделген өтүнүч;
– чет өлкөлүк жарандын паспорту;
– чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
– Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;
– консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берген учурда);
– туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда – жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастаган документтер).
3) алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн: – АМС аркылуу таризделген өтүнүч;
– чет өлкөлүк жарандын паспорту;
– чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
– Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;
– консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берген учурда);
– туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда – жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастаган документтер);
– Кыргыз Республикасынын жаранынын (атасынын же энесинин, чоң атасынын же чоң энесинин) паспорту жана анын көчүрмөсү.
4) Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле алардын балдары жана неберелери үчүн: – АМС аркылуу таризделген өтүнүч;
– чет өлкөлүк жарандын паспорту;
– чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
– Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;
– консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берген учурда);
– Кыргыз ССРинин аймагында берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана анын көчүрмөсү;
– Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандардын балдары же неберелери үчүн алардын туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу документ).
Чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендеш статусун берүү үчүн талап кылынган документтердин тизмеги:
– АМС аркылуу таризделген өтүнүч;
– чет өлкөлүк жарандын паспорту;
– чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
– Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөгөндүгүн ырастаган квитанция;
– консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берген учурда).
Чет мамлекеттердин аймагында таризделген расмий документтердин көчүрмөлөрү, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, белгиленген тартипте консулдук легалдаштырылууга же апостиль коюлууга тийиш.
Чет тилинде түзүлгөн документтер мамлекеттик же расмий тилине которулууга тийиш жана нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.
Эгерде өтүнүч берилген күнү ким экендигин жана жарандыгын ырастаган документтердин жарактуулук мөөнөтү 6 айдан кем болсо, чет өлкөнүн жарандарынын өтүнүчтөрү кароого кабыл алынбайт.
Кошумча суроолор болсо, 119 суроо кызматына (Кыргызстандын аймагында) же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине кайрылсаңыз болот (байланыштар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында көрсөтүлгөн mfa.gov.kg).
Возможно, это изображение текст

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын март айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын 1 – 8 – мартына чейин 1276  телефондон кайрылуу (бир суткада 182 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 29 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 11 же 38,0 % жаш балдар, ал эми 18 же 62,0 % чоң кишилер), 24 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 3 абонентке психологиялык консультация берилген, 2 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

29 чалуунун ичинен: эркектерден – 4 (13,8%), аялдардан – 14  (48,3%),  эркек балдардан – 6 (20,7%), кыздардан – 5 (17,2%).

 Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 8 (балдар 0);

– психологиялык жабырлануу менен – 3 (балдар 3);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 3 (балдар 3);

– балдарды тарбиялоо, анын журум туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 3 (балдар 1);

– балдарга кайдыгер мамиле жасоо жөнүндө – 2 (балдар 2);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 2 (балдар 0);

– билим берүү системасы жөнүндө – 2 (балдар 0);

– БУИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 2 (балдар 1);

– үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 1 (балдар 0);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө 1 (балдар 0);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 1 (балдар 0);

– башка маселелер боюнча – 1 (балдар 1).

1247 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Ош облусунан – 7 (24,2%);

– Чүй облусунан – 5 (17,2%);

– Бишкек шаарынан – 4 (13,8%);

– Жалал-Абад облусунан – 4 (13,8%);

– Ысык- Көл  облусунан – 3 (10,3%);

– Ош шаарынан – 2  (7,0%);

– Баткен облусунан – 1 (3,4%);

– жашырын чалуулар (анонимдерден) – 3 (10,3%).

Пайдалуу
Ссылккалар