Экспертиза жүргүзүү үчүн керектүү документтердин тизмеси

Керектүү документтердин тизмеси:

– белгиленген формадагы жарандын арызы;

– Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-картасы);

– ички иштер органдары тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү маалымкат: убактылуу каттоо талону (БИ-талон);

– 18 жашка чейинки балдарга – туулгандыгы тууралуу күбөлүк, ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-картасы);

– жаза өтөгөн жерден бошонгону тууралуу маалымкат;

– жашап турууга уруксат – чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн, эгерде алардын жашап турууга уруксаты таризделген жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берген Кыргыз Республикасында туруктуу жашоого уруксаты бар болсо.

– эмгек китепчеси эмгек ишин жүргүзүп жаткандар үчүн (эмгек китепчеси жок болгондо – Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалымкаты (мындан ары – Социалдык фонд);

медициналык документтер:

– №088/у формасындагы саламаттык сактоо уюмунун жолдомосу:

– 18 жашка чейинки жарандарга – форма №088 д/у боюнча 18 жашка чейинки балага медициналык-социалдык экспертизалоого саламаттыкты сактоо уюмунун жолдомосу;

– 18 жаштан ашкан жарандарга –форма № 088/у боюнча медициналык-социалдык экспертизалоого саламаттыкты сактоо уюмунун жолдомосу (жолдомонун жарактуулук мөөнөтү – толтурулган күндөн тартып 3 айга чейин);

– амбулатордук карта, стационардык дарылоодон көчүрүп жазуу, стационардык дарылоо жөнүндө көчүрмө, ооруну тастыктаган медициналык документтер (консультациялык корутундулар, текшерүүлөрдүн жыйынтыктары);

– иштеген жарандар үчүн эмгекке жарамсыздык баракчасы.

Аталган документтердин көчүрмөлөрү МСЭКтин күбөлөндүрүү актысына тиркелет. Кээ бир учурларда МСЭК экспертизаны жүргүзүү үчүн кошумча документтерди сурап алууга акысы бар.

Кызматтан бошонгон аскер кызматчылары жана ички иштер органдарынын кызматкерлери төмөнкүлөрдү көрсөтүшөт:

а) оорусу тууралуу күбөлүк же Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскер-врачтык комиссиясынын (мындан ары – КР КМКнын АВК) же тийиштүү ведомствонун АВКсынын токтому;

б) аскер кызматынан бошотулгандыгы жөнүндө буйрук.

 Радиациядан жабыркаган жарандар үчүн:

а) тиешелүү жаранга радиациянын таасиринин фактысын тастыктаган баштапкы документ (жана көчүрмөсү) түздөн-түз радиоактивдүү булганган аймактарда аткаруу мезгилин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен жана ошол документи берүү үчүн негиздер:

– аскердик билети;

– Чернобыль атомдук электр станциясындагы (жана башка ядролук объекттердеги) кыйроонун кесепеттерин жоюучунун күбөлүгү;

– радиациянын таасирине кабылган адамдын каттоо картасы;

б) Радиациянын таасирине байланыштуу оорунун жана майыптыктын келип чыгышынын себептик байланышын аныктоо боюнча республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин (мындан ары – РВЭК) корутундусу;

в) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Профпатология борборунан көчүрмөлөр.

 Кесиптик оорунун себептик байланышын аныктоо жана кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасын пайыз менен белгилөө үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:

а) кесиптик оорунун бар экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Профпатология борборунун корутундусу.

б) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин  Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин кесиптик оору (уулануу) учуру боюнча текшерүү актысы (362/у формасы);

в) Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти берген эмгек шартынын санитардык-гигиеналык мүнөздөмөсү;

г) ишке орноштуруу жөнүндө, жумуштун мүнөзү жана шарттары жөнүндө иш берүүчү берген маалымкат.

 Кесиптик оорунун же интоксикациянын диагнозун алгач коюу укугуна өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүүчү адистештерилген саламаттык сактоо уюму – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Профпатология борбору гана ээ болот.

 Жарандарды күбөлөндүрүүдө каттоону МСЭК Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасынын базасында жүргүзөт  (КИССП).

Пайдалуу
Ссылкалар