Медициналык – социалдык экспертиза

Балдардын майыптуулугу дайыма актуалдуу боюнча калууда.

         Азыркы учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын (мындан ары – ДМЧ бала) саны көбөйгөн тенденция байкалууда, алар төмөнкүлөрдүн эсебинен болууда:

– тубаса жана тукум куума ооруулар;

– борбордук нерв системасынын травмалары жана патологиясы менен төрөлгөн балдар;

– инфекциялык ооруулары менен төрөлгөн балдар ж.б.

Жогоруда сүрөттөлгөн тенденция көп учурда топтомо өзгөчөлүккө ээ.

Республикада 29 000 ашык ДМЧ бала эсептелет. Жыл сайын 13-14 миңге жакын бала ырастоодон өтөт, андан майыптуулук статусун 18 жашка чейинки 12-13 миң бала алат, 4-4,4 миң балага майыптуулук биринчи жолу белгиленген.

Балдар экспертизасы өнүгүүнүн жаш курактык ченемдерине жараша жашоо жөндөмүнүн тигил же бул параметрлеринин четтөөсүн милдеттүү түрдө баалоону (18 жашка чейин) божомолдойт.

Ар бир бала социалдык адаптациялоо көндүмдөрүн калыптандыруунун өз этаптарына ээ экендигин эске алуу керек.

ДМЧ баланы күбөлөндүрүү үчүн негизги көрсөткүч болуп анда социалдык кемчиликтер белгилеринин барлыгы эсептелет, ал чоңдор тарабынан аларды кошумча багуу зарылдыгын жана өзгөчөлүгүн шарттайт, ошондой эле кемчиликти компенсациялоого гана багытталбаган кошумча чараларды жана каражаттарды колдонууну жана социалдык жетишсиздик белгилерисиз ден соолугу бузулган балдар жана ден соолугу чың теңтайлаштарына салыштырмалуу артта калган функцияларын, көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.

Баланын социалдык кемчилдигин аныктоо үчүн дарыгер-эксперттер, педагогдор, дефектологдор, психологдор, социалдык кызматкерлер катышат.

Чоңдордон айырмаланып балдарда майыптуулук себептери жана майыптуулук топтору боюнча оорлук градациялары аныкталбайт, ал 1-2 жылга; 5 жашка чейин; жана 18 жашка чыкканга чейин белгилүү мөөнөткө белгиленет. Балада майыптуулукту белгилөө мөөнөтү толугу менен социалдык адаптациялоодон улам пайда болгон ооруулар же функцияналдык бузулуу травмалары жана социалдык адаптациялоо мүмкүнчүлүктөрүнөн улам кайтарылууга жараша болот.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14- декабрындагы № 675 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун редакциясында “Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп таануу тууралуу” Жобого ылайык:

  • майыптуулукту жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендигин тастыктаган документ болуп медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясынын маалымкаты жана МСЭК күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөсү эсептелет.

Биринчи жолу бул Жободо балдардын ооруусунун деңгээли иштелип чыккан жана көрсөтүлгөн: “18 жашка чейинки жарандарга тиричилик аракетинин чектелүүсүнүн орточо даражадагы, жогорку даражадагы жана эң жогорку даражадагы “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала” категориясы органдардын жана системалардын функцияларынын травманын же дефекттердин кесепетинен, оорулардын натыйжасында келип чыккан туруктуу бузулушу менен шартталган тиричилик аракетинин чектелүүсүнүн даражасы байкалгандыгына жараша белгиленет”.

Жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун 24-главасына ылайык 18 жашка чыкканга чейин “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала” категориясын белгилөө үчүн айрым медициналык көрсөткүчтөр бөлүнгөн.

Ал үчүн медициналык көрсөткүчтөр боюнча балдарга “ДМЧ бала” категориясын белгилөө критерийлери жана мөөнөтү иштелип чыккан.

ДМЧ баланын ден соолугунун бузулуу оорлугу деңгээлин аныктоо критерийлерин иштеп чыгууга негиз болуп курчап турган чөйрөгө жылып жүрүүгө, өзүн тейлөөгө, багыттоого жана адаптацияланууга мүмкүндүк түзгөн жөндөмдүүлүк функциясын бузуу деңгээли алынган жана башка адамдарга көз каранды болбоо, баланын өз алдынча жашоосунун негизги көндүмдөрүн өнүктүрүү (жаш курагы: өз алдынча тейлөө, пикир алмашуу, багытталуусу, окутуу, таанып билүү жана оюн ишмердиги; өзүнүн жүрүм-турумун контролдоо; эмгекке даярдык), тышкы факторлор менен өз ара кызматташуу.

  • кыска мөөнөткө жашоо жөндөмүнүн чектелүүсүнүн билинген деңгээли менен “ДМЧ бала” категориясы (1-2 жылга) билинген анатомиялык кемчиликтер жана жагымдуу клинико-социалдык божомолдор жок болгон учурда болот. Реабилитациялоонун оң жыйынтыктары жок болгон учурда же баланын ден соолугунун абалы начарлаган учурда мөөнөтүнөн эрте кайра күбөлөндүрүүгө болот.
  • 5 жылга чейинки мөөнөткө жашоо мөөнөтү чектелгенинин билинген деңгээли бар “ДМЧ бала” категориясы.

Билинген анатомикалык кемчиликтердин жана ооруулардын барлыгы жагымсыз клиника-социалдык божомолдор менен болушу мүмкүн.

Баланын ден соолугунун абалы начарлаганда, өткөрүлгөн дарылоого карабастан органдарынын жана системаларынын функцияларында билинген бузулуулары баланын социалдык жактан адаптациялануу мүмкүнчүлүгүн чектеген күбөлөндүрүү мөөнөттөрүн кайра карап чыгуу менен мөөнөтүнөн мурда кайра күбөлөндүрүүгө мүмкүн.

“ДМЧ бала” категориясы жашоо жөндөмүнүн чектелгендиги бир топ билингендиги 18 жаш курагына чыкканга чейин:

бир жолу 18 жашка чейин майыптуулук кескин билинген анатомиялык кемчиликтер жана баланын мындан аркы өнүгүшүндө жана өөрчүүсүндө жагымсыз божомолдору менен билинген жана кескин-байкалган анатомиялык кемчиликтер жана ооруулары аныкталган учурда майыптуулук аныкталат, баланы дарылоо жана реабилитациялоо иш-чараларын жана социалдык дезадаптациялоо кайтарымсыз жабыркоосу жана натыйжасыздыгына алып келе турган органдардын жана системалардын функциялары кескин билинген учурларда.

Башкача айтканда 18 жашка чейин майыптуулук бир учурда туруктуу жана кайтарымсыз өзгөрүүлөрдө жана органдардын функциялары жана дене системалары бузулганда жана дарылоо жана реабилитациялоо жетишсиздигинде балдарга белгиленет.

Муну менен катар эске алынат:

  • өзүн тейлөө көндүмдөрүнүн кескин билинген чектөөлөрү же жоктугу, тамак ичүү процессинде көндүмдөрдүн өөрчүшүнүн, өздүк гигиена жол-жоболорунун артта калышы, өз алдынча жылып жүрүүгө же толук жылып жүрүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу ж.б. бузулушу, башкача айтканда үйдө же атайын мекемеде дайыма карап багуу керек. Күнүмдүк ишмердикте чоңдор тарабынан систематикалык жардам талап кылынат. Дайыма бирөөнүн кароосу зарыл, жылып жүрүүнүн кошумча каражаттарын колдонуу керек (кресло-коляска).

Кеп көндүмдөрүнүн, азиз-дүлөй, баланын туура эмес жүрүм-турумундагы психикалык бузулуулар же толук өз жүрүмүнүн түзөтүүгө дуушар болбогон контролунун жоктугу жана жашоо жөндөмүнүн чектелгендигинин натыйжасында толук көлөмдө (дени сак курдаштарына салыштырганда) туруктуу кошумча жана атайын карап багууну талап кылган учурлар.

Майып баланы кайра күбөлөндүрүп ырастоо майыптуулук мөөнөтү аяктаганда өткөрүлөт.

Мурда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү кайра күбөлөндүрүүдө жана баштапкы күбөлөндүрүүдөн өтүүдө 18 жашка чейин майыптуулукту белгилөөдө өткөрүлөт:

– ден соолуктун абалы начарлаганда жана жашоо жөндөмдүүлүгүнүн чектелгендиги начарлаганда;

– кошумча милдеттерди ачыктаганда (жалган документтер ж.б.).

Жашоо жөндөмдүүлүгүнүн чектелгендигинин билинген жана чектелген деңгээлдеринин арасында МСЭК маалымкатында көрсөтүлгөн “дайыма бирөөнүн багуусуна муктаж” деп көрсөтүлгөн балдар дагы болушу мүмкүн.

Мисалы: реконструктивдүү оперативдүү кийлигишүүлөр (сөөк-булчуң системасынын ж.б. кошумча колдонуучулары), алар дарылоо процессинде жана реабилитациялоодо (1, 2 же 3 жыл аралыгында) кайтарымдуу өнүгүүгө алып келет, башкача айтканда функцияны калыбына келтирүү. Мындай балдарга майыптуулук кийинкисинде толугу менен алынат. Эгерде медициналык корутундулар менен тастыкталган, олуттуу болбогон функционалдык өзгөрүүлөр калган болсо, анда “ДМЧ бала” статусу калат, бирок кайрадан күбөлөндүрүүдөн өткөн учурда “дайыма бирөөнүн багуусуна муктаж” жазуусу жазылбайт.

МСЭК жергиликтүү социалдык коргоонун райондук башкармалыктары жана социалдык өнүгүү менен бирге 2003-жылдан тартып дайыма жана туруктуу багууга муктаж болгон балдардын тизмесине текшерүү өткөрүшкөн.

Бул сан өзгөрүшү мүмкүн, себеби кимдир бирөө өлкөнүн тышына дарыланууга чыгат же жакынкы же алыскы чет өлкөлөргө жашаган жерин алмаштарыт, кимдир-бирөө 18 жашка чыкканга чейин чөндордун тобуна өткөн (алар бул тизмелерден алынышкан), кимдир-бирөө тилекке каршы каза болгон.

Мындан тышкары, жыл сайын МСЭК кайрадан күбөлөндүрүүдөн өткөн балдар арасында болжол менен 500-800 балага бирөөнүн жардамына жана багуусуна муктаж “ДМЧ бала” статусун белгилейт.

МСЭК саламаттык сактоо уюмдарынын дарыгерлери берген корутундулардын негизинде майыптуулукту белгилейт. МСЭК диагноз койбойт жана саламаттык сактоо уюму белгилеген диагноздорду алмаштырбайт. Берилген медициналык документтерде жана баланын жалпы абалына карата МСЭК кызматкерлеринин маалыматтары туура келбеген учурда кошумча текшерүүгө же консилиумга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жетектөөчу адистерине жиберүүгө укуктуу.