РПОБМнин бирден бир түз милдети бул таяныч кыймыл аппаратынан жабыркаган ден соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды (ДМЧА) өз убагында, даректуу протездик ортопедиялык буюмдары (ПОБ), калыбына келтирүүчү жана тиричилик техникалык каражаттары менен камсыздоо болуп саналат.
Өлкөнүн түштүк райондорундагы ДМЧАрды тейлөө үчүн мекеменин Ош шаарында филалы бар. Ошондой эле алыскы региондогу ДМЧАрды тейлөө, протездик ортопедиялык буюмдардын татаал эмес оңдоп түзөө иштери үчүн атайын протездик ортопедиялык устаканалар ачылган: Балыкчы шаарында, Нарын шаарында, Бакай-Ата, Лейлек (Исфана) райондорунда жана Жалал-Абад шаарында.
Алыскы райондордо жашаган ДМЧАдын ыңгайлүүлүгуна шарт тузуу учун жашаган жерлеринде тейлоого үзгүлтүксүз жыл сайын РПОБМнин врач жана медициналык техниктердин бригадалары менен түндүк жана түштүк райондору боюнча иш сапарлары уюштурулат.Качан, кайсы жерде кабыл алуу райондук социалдык башкармалыктары менен макулдашылып, ДМЧАдан ПОБга тапшырык кабыл алуу, консультация беруу иштери жургузулот.
РПОБМси ПОБды өндүрүүдө атайын жарым фабрикаттарды, протез түйүндөрдү жана курамдык жардамчы материалдарды алуу учун Россия, Германия, Кытай өлкөлөрүнүн алдыңкы өндүрүштүк жеткирүүчүлөрү менен кызматташат.