Жумушсуз катары каттоо

Аткаруу жол-жоболорун өткөрүүнүн тартиби:

Сиздин кийинки кадамыныз?

Тейлөө акысыз көрсөтүлөт

Кызмат алуу үчүн мөөнөт:  ушул эле күнү

Кызмат алуу үчүн зарыл документтер:
  • паспорт;
  • эмгек китепчесин же анын дубликаты;
  • анын кесиптик квалификациясын ырастоочу документтер.

Кызмат берилет:

Иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү башкармалыгы

Кызматты кантип алса болот?

Жеке

Наркы жана төлөө ыкмасы

Кызмат акысыз көрсөтүлөт

Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү

Ушул эле күнү

Алуучулардын категориялары 

Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, кийинки  адамдардан тышкары:

1) 16 жашка толо элек жарандар;

2) Кыргыз Республикасынын пенсия мыйзамдарына ылайык жаш курагы боюнча пенсия дайындалган жарандар;

3) аларга ылайыктуу жумуш сунуш кылуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өткөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде келбеген, ошондой эле аларды жумушсуз катары каттоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген мөөнөттө келбеген жарандар;

4) убактылуу мүнөздөгү жумушту кошо алганда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган күндөн тартып 10 күндүн ичинде ылайыктуу жумуштун эки вариантынан баш тарткан, биринчи жолу жумуш издеген (мурда иштебеген) жана мында кесиби (адистиги) болбогон жарандар;

5) убактылуу мүнөздөгү жумушту кошо алганда, кесиптик даярдыктан же сунушталган акы төлөнүүчү коомдук жумуштан эки жолу баш тарткан жарандар. Жаранга бир эле жумуш, бир эле кесип, адистик боюнча кесиптик даярдык, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу эки жолу сунушталбайт;

6) жумушу жана эмгек акысы жоктугу тууралуу көз көрүнө жалган маалыматтарды камтыган документтерди берген жарандар;

7) соттун чечими боюнча эркиндигинен ажыратылбастан түзөтүү жумуштарына ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгон жарандар;

8) эмгек келишими боюнча толук же болбосо толук эмес жумуш убактысынын шарттарында сый акы үчүн иштеген, ошондой эле тиешелүү келишим менен тастыкталган акы төлөнүүчү иши бар, бирок оорусуна, өргүүсүнө, өндүрүштүн убактылуу токтотулушуна байланыштуу убактылуу иши жоктор;

9) мамлекеттик, муниципалдык органдарда мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызмат ордун ээлегендер жана акчалай сый акы үчүн кесиптик ишти туруктуу негизде жүзөгө ашыргандар;

10) өздөрүн өз алдынча иш менен камсыз кылуучулар, анын ичинде чакан жана орто бизнес ишкерлери, юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик менен алектенген жарандар;

11) эгерде өндүрүлгөн продукция рынокто сатууга арналган болсо, айыл, токой чарба, аңчылык, балык уулоо продукцияларын өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү кошо алганда, үй-чарбасында товар өндүрүү жана кызмат көрсөтүү боюнча иштерди аткаруу менен алектенгендер, ошондой эле өндүрүш кооперативдеринде, дыйкан (фермер) чарбаларында иштегендер жана айыл чарба багытындагы аянты 0,05 гектардан кем эмес өлчөмдөгү сугат жерлерин алган алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө катышкандар;

12) маңызы жумуш аткаруу жана кызмат көрсөтүү болуп саналган жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдер боюнча иштерди аткаруучулар;

13) альтернативдик кызмат өтөөчү адамдарды кошпогондо, аскердик кызмат, ошондой эле ички иштер, улуттук коопсуздук органдарында, бажы органдарында, жазык-түзөтүү системасынын, өрткө каршы кызматтын мекемелеринде жана органдарында кызмат өтөп жаткандар;

14) аскер окуу жайларында жана аскер академияларында окутууну кошкондо, жалпы билим берүү уюмдарында, башталгыч кесиптик, орто кесиптик, жогорку кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү уюмдарында күндүзгү окуу курстарынан өткөндөр;

15) иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген коомдук коммерциялык эмес уюмдарда иштеп жаткандар;

16) ушул уюмдарга карата мүлктүк укуктарга ээ эмес коомдук уюмдардын (бирикмелердин), кайрымдуулук жана башка фонддордун, юридикалык жактардын бирикмелеринин (ассоциацияларынын жана бирликтеринин) уюштуруучуларын (катышуучуларын) кошпогондо, уюмдардын уюштуруучулары (катышуучулары) болуп саналгандар.

Кызмат менен камсыз кылуу натыйжасы

Жумушсуздар катары каттоо

Пайдалуу
Ссылкалар