Жумушсуз жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу

Аткаруу жол-жоболорун өткөрүүнүн тартиби:

Сиздин кийинки кадамыныз?

Тейлөө акысыз көрсөтүлөт

Кызмат алуу үчүн мөөнөт: 

Расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды окутуу мөөнөтү алардын кесиптик деңгээлин, өндүрүштүк тажрыйбасын, кесипти өздөштүрүү тажрыйбасын эске алуу менен, бирок 5 айдан ашпаган мөөнөткө, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү менен макулдашуу аркылуу окутууну өз базасында ишке ашырып жаткан билим берүү уюмдары тарабынан белгиленет.

Кызмат алуу үчүн зарыл документтер:

  • Жумушсуз катары каттоо
  • Кесиптик окутуу үчүн жолдомо
  • Паспорт

Кызмат берилет:

Иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү башкармалыгы

Кызматты кантип алса болот?

Жеке

Наркы жана төлөө ыкмасы

Кызмат акысыз көрсөтүлөт

Стипендия алуунун тартиби жана төлөп берүүнүн шарттары

  1. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнүн жолдомосу боюнча кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу мезгилинде жумушсуз жарандарга стипендия төлөнөт.

Чек менен окуткан учурда окутууга стипендия төлөө каралбайт.

  1. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү окутулуп жаткан жактын жетишкендиктери жана катышуусу жөнүндө өз убагында (көрсөтүлгөн мөөнөттөн 5 күндөн кечиктирбестен) берилген маалымдардын (билим берүү уюмдары) негизинде ай сайын стипендия эсептейт жана төлөп берет.
  2. Стипендия төлөө төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

– окутуу мөөнөтү аяктаганда;

– окутулуп жаткан жаран окуган жеринен чыгарылганда;

– окутулуп жаткан жак окуусун өз алдынча токтоткондо.

Алуучулардын категориялары 

Калкты жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүндө (мындан ары – ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү) расмий жумушсуз жана жумуш издеген жаран катары катталган адамдар кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жиберилет, эгерде аларга:

– кесиптик квалификациясынын төмөндүгүнөн же кандайдыр бир адистиги жоктугунан улам ылайыктуу жумуш таап берүү мүмкүн болбосо;

– мурунку кесибине ылайык келген жумуштун жоктугуна байланыштуу адистигин өзгөртүү зарылдыгы келип чыкса;

– мурунку кесиби (адистиги) боюнча жумуш аткаруу жөндөмдүүлүгү жоголсо.

Кызмат менен камсыз кылуунун натыйжасы   

Кыска мөөнөттүү курстарды өтүү;

Квалификация боюнча сертификат алуу.

Пайдалуу
Ссылкалар