Башкы бет | Русский |
Төлөө | Суммасы |
---|---|
Жыйынтыгы: | 0.00 сом |
Жаран ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду алуу үчүн төмөнкүдөй документтерди тапшыруусу зарыл:
АИВ/ЖИКСке чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар:
- арыз ээсинин паспорту;
- баланын/балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү (күбөлүктөрү;
- иш жүзүндө жашаган жеринен маалымкат;
- АИВ/ЖИКСке чалдыккан энелерден баланын төрөлгөндүгүн ырастаган Республикалык ЖИКС борборунан маалымкат
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар:
- арыз ээсинин паспорту;
- баланын/балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү (күбөлүктөрү);
- иш жүзүндө жашаган жеринен маалымкат;
- майыптыкты ырастаган медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты
Ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдар
- арыз ээсинин паспорту;
- баланын/балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү (күбөлүктөрү);
- ата-энелеринин/ата-энесинин каза болгондугу жөнүндө күбөлүк же актылык жазуудан көчүрмө;
- каза болгон ата-энесинин пенсиялык камсыздоого укугунун жоктугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан маалымкат;
- иш жүзүндө жашаган жеринен маалымкат
Бала кезинен I, II, III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар
- Арыз ээсинин паспорту;
- майыптыкты ырастаган медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты;
- пенсиялык камсыздоого укугунун жоктугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан маалымкат;
- иш жүзүндө жашаган жеринен маалымкат
I, II, III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар:
- арыз ээсинин паспорту;
- майыптыкты ырастаган медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты;
- пенсиялык камсыздоого укугунун жоктугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан маалымкат;
- иш жүзүндө жашаган жеринен маалымкат.
Улгайган жарандар
- арыз ээсинин паспорту;
- пенсиялык камсыздоого укугунун жоктугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан маалымкат;
- иш жүзүндө жашаган жеринен маалымкат
Баатыр энелер
- арыз ээсинин паспорту;
- баатыр-эненин күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- пенсиялык камсыздоого укугунун жоктугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан маалымкат;
- иш жүзүндө жашаган жеринен маалымкат.
Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду чектөө үчүн кошумча документтер
(Керек болгон учурда талап кылынат)
- Кайрылмандын күбөлүгү - кайрылман же анын үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттик жөлөкпулга кайрылган учурларда
- Мамлекеттик жөлөкпул чектеле турган жашы жеткен адамдын паспорту - арыз камкорчу/көзөмөлчү тарабынан же ишеним кат боюнча берилген учурларда
- Жашы жете элек жаранга же аракетке жөндөмсүз адамга камкорчу/көзөмөлчү дайындоо тууралуу соттун чечими - арыз камкорчу/көзөмөлчү тарабынан берилген учурларда
- Жарандык мыйзамдардын талаптары боюнча таризделген ишеним кат - арыз ишеним көрсөтүлгөн жак тарабынан берилгенде
- Банктык маалымдаректер - мамлекеттик жөлөкпул алуучунун банктык эсебине которулушу керек болгон учурларда
- 9 формасындагы маалымкат - төмөнкүлөр боюнча кайрылган учурда:
- "жалгыз бой эне" расмий статусу бар эне каза болгондо томолой жетимдерге социалдык жөлөкпул үчүн;
- Окуган жеринен маалымкат - 16 жашка жеткен курактагы адам ата-энесинен (экөөнөн тең) айрылгандыгы боюнча социалдык жөлөкпул алууга кайрылган учурда
- Жашай туруу укугу - мамлекеттик жөлөкпулга Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандар кайрылган учурда, жөлөкпул берүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишим түзүлгөн жана күчүнө кирген өлкөлөрдүн жарандары