16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул

Кайсы үй-бүлө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун ала алат

«Үй-бүлөгө көмөктү» төмөнкү үй-бүлөлөр ала алат:

  • 16 жашка чейинки балдары бар;
  • Үй-бүлөдө бир адамга бир айлык киреше кепилденген эң төмөнкү кирешеден, б.а. 1000 сомдон төмөн болсо.

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоо үчүн кайда кайрылуу керек?

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо үчүн факт түрүндө жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуу керек, муну менен катар катталган жери мааниге ээ эмес, факт түрүндө жашагандыгы тууралуу маалыматтар “Санарип Аймак” тутумунан алынат.

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынат?

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо эске алынат:
– айлык акы;
– ишкердик ишинен түшкөн кирешелер (салык органдарынын маалымкатынын негизинде);
– жерди, үйгө караштуу участокту иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн кирешелер (айыл өкмөтүнүн маалымкатынын негизинде) жана башкалар.

– акчалай камсыздоо, аскердик наамга жана иштеген жылдарга үстөк акы, жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялар;

-автордук сый акылар, банкка салынган акчалар боюнча пайыздар жана утуштар, алименттер;

-жер үлүшүн ижарага берүүдөн же ижарага алуудан келип чыккан кирешелер;

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынбайт?

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо төмөнкү кирешелер эске алынбайт:
– пенсиянын бардык түрлөрү;
– мамлекеттик жөлөкпулдар;
– сөөк коюу үчүн жөлөкпулдар;
– кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар;
– жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар жана башкалар.

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо мал-жандыктары жана  транспорт каражаттары кандай эсепке алынат?

Үй-бүлөдө бир жана андан ашык аталыштагы узак пайдалануучу ишке даяр турган товарлар болгон учурда “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алууга үй-бүлө укуктуу болбойт.

Узак пайдалануучу товарларга төмөнкүлөр кирет:

1) завод чыгарган жылды кошкондо пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан аз жеңил автомобиль;

2) айыл чарба техникасы (трактор, комбайн);

3) жүк ташуучу автомобиль;

4) микроавтобустар.

Үй-бүлөнүн айыл чарба жандыктары бар болсо, анын “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулуна болгон муктаждыгы үй-бүлөнүн төмөнкүдөй малынын санына ылайык аныкталат:

1) майда жандыктар – кой жана эчки;

2) уй;

3) бодо мал – бир жаштан өткөн торпок, бука;

4) жылкы.

Мында үй-бүлөдө болгон айыл чарба жандыктарынын бардык түрлөрү майда жандыктардын төмөнкүдөй шарттуу бирдиктерине которулат:

– 1 уй – 6 майда жандык;

– 1 торпок – 2,5 майда жандык;

– 1 бука – 8 майда жандык;

– 1 жылкы – 7 майда жандык.

Үй-бүлөдө болгон айыл чарба жандыктарынын майда жандыктардын шарттуу бирдиктерине которулгандан кийинки саны үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө 4төн көп болсо “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу чектелбейт.

Мисалы:

5 адамдан турган үй-бүлөдө бар болсо:

1 уй, 1 торпок, 3 кой.

Эсеп:  1 уй= 6 МЖ, 1 торпок=2,5 МЖ

Баары:  6+2,5+3=11,5 МЖ    

Үй-бүлөнүн бир адамына туура келет:

11,5 МЖ: 5 = 2,3 МЖ (КЭТК 1000 сомдон төмөн болгон шартта жөлөкпул дайындалат).   

Балдары бар жана жөлөкпулга муктаж болгон үй-бүлөнүн муктаждыгы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын адистери тарабынан текшерилет.

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу кандай өлчөмдө дайындалат

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун өлчөмү 1200 сомду түзөт.
Эгерде үй-бүлө райондук коэффициенттер белгиленген бийик тоолуу, алыскы же жетүүгө кыйын жерде жашай турган болсо, анда жөлөкпул коэффициенттерди эске алуу менен төлөнөт.

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоо үчүн кайсы документтер керек

  • паспорт;
  • балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк;
    үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси тууралуу маалымат;
  • банктык маалымдаректер.

Факт түрүндө жашагандыгы тууралуу маалыматтар “Санарип Аймак”  тутумунан алынат.

  • Керек болгон учурда кошумча берилет:
  • ишсиз эмгекке жөндөмдүү үй-бүлө мүчөлөрү үчүн иш менен камсыз кылуу органдарынан маалымкаттар;
  • жердин өлчөмүн жана түшүмдүүлүгүн көрсөтүү менен жердин барлыгы тууралуу маалымкат;
  • мал чарбасынын түрү жана саны тууралуу маалымкат;
  • статусту же кирешени тастыктоо зарылдыгына жараша башка документтер

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоого ким кайрыла алат

Ата-эненин бири (же камкорчу). «Үй-бүлөгө көмөк» бардык документтер берилген айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып бир жылдык мөөнөткө, дайындалат, бала 16 жашка чыкканга чейин гана!
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ !!! Эгерде бала толук мамлекеттин камсыздоосунда болсо, анда ага жөлөкпул дайындалбайт.

ДАЙЫНДАЛГАН «ҮЙ-БҮЛӨГӨ КӨМӨК” КАЙДАН ТӨЛӨНӨТ

«Үй-бүлөгө көмөк» банк аркылуу, ал эми банк жок болгон калк отурукташкан пункттарда – почта бөлүмдөрү аркылуу төлөнөт.

“Үй-бүлөгө көмөк” дайындалгандан кийин үй-бүлөдө болгон өзгөрүүлөр тууралуу маалымдоо керекпи?

Ооба, “үй-бүлөгө көмөк” алган үй-бүлөлөр өзгөрүүлөр болгон күндөн тартып беш күндүн ичинде эмгек жана социалдык өнүгүү органдарына маалымдоого тийиш, эгерде:
– үй-бүлөнүн кирешеси өзгөргөн болсо;
– үй-бүлөнүн курамы өзгөрсө;
– үй-бүлө туруктуу жашоо үчүн республиканын чегинен тышкары көчүп кетсе;
– жөлөкпул алуучу каза болгон учурда;
– же башка шарттарда.
Муну менен катар, жөлөкпулду негизсиз дайындоого алып барган жагдайлар болгондугу тууралуу өз убагында кабар бербеген үй-бүлөгө “үй-бүлөгө көмөктү” төлөө бул факты аныкталган учурдан тартып токтотулат.
Мыйзамсыз берилген акча каражаттары республикалык бюджетке кайтарылууга тийиш, ал эми “үй-бүлөгө көмөктү” жаңы дайындоо тууралуу арыз 12 ай ичинде кабыл алынбайт

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо жана төлөө менен байланышкан талаштарды кантип чечүүгө болот

Эгерде Сиз:
• жөлөкпул дайындоодо үй-бүлөгө негизсиз баш тарткан;
• жөлөкпул туура эмес дайындалган;
• жөлөкпул төлөө өз убагында жүргүзүлбөйт деп эсептесеңиз, анда
Сиз арыз менен жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жана шаардын мэриясына караштуу мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө тууралуу жарандардын арыздарын жана даттанууларын карап чыгуу боюнча комиссияга кайрылууңуз керек.
Эгерде Сиз арыз менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын алдындагы Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жөнүндө жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча комиссия чечими менен макул болбосоңуз, анда Сиз Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигине кайрылууңуз керек.

Эгерде Сиз даттанууңузду караган органдардын чечими менен макул болбосоңуз, Сиз кабыл алынган чечимге сот тартибинде даттанууга укугуңуз бар

Бардык кызыктырган маселелер боюнча Сиз кайрыла аласыз:

  • жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин коомдук кабылдамасына тел. 66-01-07 аркылуу;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматтык сайтына: www.mlsp.gov.kg
Пайдалуу
Ссылкалар