КР Өкмөтүнө караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңеши жөнүндө Жобо

1-глава. Жалпы жоболор

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңеш (мындан ары – Кеңеш) майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоо менен байланышкан маселелерди кароодо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, илимий жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында түзүлдү.
  2. Кеңеш туруктуу иштөөчү кеңеш берүүчү жана консультативдик орган болуп эсептелет. Кеңештин иши маселелерди ачык-айкын, эркин, жамааттык талкуулоо менен чечүүнүн принциптеринде ишке ашырылат.
  3. Кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Бириккен Улуттар Уюмунун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын (2019-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларын, Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

2-глава. Кеңештин функциялары

  1. Кеңештин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) инклюзивдик коомду түзүү маселелерин чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды иштеп чыгуу;

2) майыптыгы бар адамдар үчүн жашоо-турмуштун тоскоолдуксуз чөйрөсүн түзүүдө аткаруу бийлиги органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин уюштуруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

3) майыптыгы бар адамдардын проблемаларын чечүүгө багытталган уюмдардын жана жарандардын сунуштарын талдоо жана жалпылоо, бул демилгелерди ишке ашырууга көмөктөшүү;

4) майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоонун мамлекеттик саясатын ишке ашыруу маселелери боюнча аналитикалык материалдарды, баяндамаларды жана сунуштарды даярдоо.

  1. Ишке ашырыла турган функцияларына жана коюлган максаттарына ылайык Кеңеш төмөнкү милдеттерди чечет:

1) майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоо маселесине тийиштүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, башка укуктук ченемдик актылардын долбоорлорун карайт;

2) майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоо, аларды коомго кошуу маселелери боюнча максаттуу программалардын долбоорлоруна талкуу жүргүзөт;

3) майыптыгы бар адамдарды кесиптик жана социалдык адаптациялоо чараларынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча майыптыгы бар адамдардын коомдук уюмдарына сунуштарды берет;

4) майыптыгы бар адамдардын эмгекке болгон укугун жана аларды иш менен камсыз кылууга тийиштүү шарттарды түзүү боюнча сунуштарды берет;

5) майыптыгы бар адамдарды социалдык, укуктук жана турмуш-тиричилик жактан тейлөөлөрдү өркүндөтүү боюнча сунуштарды берет;

6) майыптыгы бар адамдарга эс алуу, чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, кесиптик билим алуу, спорт менен машыгуу, ата мекендик жана дүйнөлүк маданияттын жетишкендиктери менен таанышууга тийиштүү шарттарды түзүү боюнча сунуштарды берет;

7) майыптыгы бар адамдарга толеранттуу мамиле кылуу саясатын түзүүгө, майыптыгы бар адамдар үчүн тоскоолдуксуз жашоо чөйрөсүн түзүү зарылчылыгын жайылтууга катышат;

8) майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоо, анын ичинде аларды кесиптик жана социалдык адаптациялоо жана коомго кошуу, майыптыгы бар адамдарга тоскоолдуксуз жашоо-турмуш чөйрөсүн түзүү боюнча талданган эл аралык алдыңкы тажрыйбаларды, Кыргыз Республикасындагы башка субъектилердин тажрыйбасын карап чыгат жана аны аткаруу бийлигинин органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, илимий жана башка уюмдарга жеткирет;

9) майыптыгы бар адамдардын проблемалары менен байланышкан башка маселелерди карайт.

3-глава. Кеңештин негизги максаттары жана укуктары

  1. Өзүнүн ишин жүзөгө ашырууда Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:

1) майыптыгы бар адамдарга карата мамлекеттик саясатты ишке ашырууда, майыптыгы бар адамдарды коомго кошуу милдетин натыйжалуу чечүүдө мамлекеттик бийлик органдарына көмөктөшүүгө;

2) майыптыгы бар адамдар үчүн тоскоолдуксуз жашоо-турмуш чөйрөсүн түзүү боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, илимий жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө;

3) майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине талдоо жүргүзүүнү кароого;

4) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын, коомдук уюмдардын, илимий жана башка уюмдардын өкүлдөрүн өзүнүн жыйындарына чакырууга;

5) маалыматтык-аналитикалык жана эксперттик иштерди жүзөгө ашыруу үчүн илимий жана башка уюмдарды, ошондой эле илимпоздорду жана адистерди алардын макулдугу менен белгиленген тартипте ишке тартууга;

6) майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоо, аларды кесиптик жана социалдык адаптациялоо жана коомго кошуу, майыптыгы бар адамдар үчүн тоскоолдуксуз жашоо-турмуш чөйрөсүн түзүү маселелери боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштарды киргизүүгө;

7) майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоо, аларды кесиптик жана социалдык адаптациялоо жана коомго кошуу, ошондой эле майыптыгы бар адамдар үчүн тоскоолдуксуз жашоо-турмуш чөйрөсүн түзүү маселелери боюнча программаларды иштеп чыгууга катышууга;

8) аналитикалык жана эксперттик иштерди жүргүзүү үчүн Кеңешке жүктөлгөн негизги милдеттерге ылайык Кеңештин жумушчу топторун түзүүгө.

4-глава. Кеңештин курамы

  1. Кеңеш Кеңештин төрагасынан, анын орун басарларынан, өз иштерин коомдук башталышта жүргүзгөн Кеңештин мүчөлөрүнөн жана катчысынан турат.
  2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кеңештин төрагасы болуп саналат.
  3. Кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык маселелерди тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары (макулдашуу боюнча), мамлекеттик органдардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери (макулдашуу боюнча), майыптуулук чөйрөсүндө иштеген коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) кирет.
  4. Жарандык коомдон Кеңештин төрагасынын орун басары Кеңештин биринчи жыйынында анын мүчөлөрү аркылуу шайланат.
  5. Кеңештин коммерциялык эмес уюмдарынын өкүлдөрү төмөнкүдөй критерийлерге жооп бериши керек:

1) өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүшү;

2) майыптуулук чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы 3 (үч) жылдан кем эмес болушу;

6) региондук филиалдардын болушу жана башка социалдык чөйрөлөрдө иштөөсү артыкчылыктуу болуп саналат.

  1. Кеңештин мүчөлөрү анын жыйындарына жеке өзү катышат.
  2. Майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндө өз ишин жүзөгө ашырган коомдук бирикмелердин жана башка коммерциялык эмес уюмдардын сунуштарын эске алуу менен, Кеңештин курамы жана жобосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилет.

5-глава. Кеңештин ишин камсыздоо жана уюштуруу

  1. Кеңештин жыйындары зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Кеңештин жыйынына Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса мыйзамдуу деп эсептелет.
  2. Кеңештин жыйынын Кеңештин төрагасы же анын орун басарлары башкарат. Кеңештин чечими каралып жаткан маселелер боюнча көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана майыптыгы бар адамдардын жашоо шартын жакшыртуу маселелери боюнча мамлекеттик жана башка органдардын иштелип чыккан сунуштары менен протокол түрүндө таризделет. Кеңештин жыйынынын протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечимдери иштелип чыгышы жана кабыл алынышы мүмкүн.
  3. Кеңештин чечимдери белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан каралып, кароонун натыйжалары жөнүндө Кеңешке чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдан кечиктирилбеген мөөнөттө маалымдалат.
  4. Кеңештин чечимдеринин аткарылышын Кеңештин катчылыгы контролдойт.

6-глава. Кеңештин катчылыгынын милдеттери жана функциялары

  1. Кеңештин жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эсептелет (мындан ары – катчылык).
  2. Катчылыктын милдеттери болуп Кеңештин максаттарына жана милдеттерине ылайык анын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыздоо, Кеңештин мүчөлөрүнүн жыйындарын өткөрүүнү уюштуруу эсептелет.
  3. Катчылык төмөнкү функцияларды аткарат:

1) Кеңештин жыйындарына материалдарды даярдайт жана катышуучуларды чакырат, Кеңештин жыйындарынын протоколдорун жүргүзөт жана тариздейт, документтерди таратууну, сактоону жана эсепке алууну уюштурат;

2) Кеңештин чечимдеринин, бекитилген пландардын жана программалардын аткарылышына көмөктөшөт, кабыл алынган чечимдерди аткаруунун жүрүшүн контролдойт;

3) Кеңештин чечимдеринин материалдарын жана долбоорлорун ыкчам жана сапаттуу даярдоо үчүн тапшырмаларды аткарууда жумушчу топтордун жана комиссиялардын жетекчилерине көмөк көрсөтөт;

4) Кеңештин иш кагаздарын жүргүзөт;

5) Кеңештин жетекчилигинин айрым тапшырмаларын аткарат.

Пайдалуу
Ссылкалар