Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борбору

Борбордун максаты: кыймыл-аракети чектелген жана кыймыл-аракет берүүчү мүчөлөрүнүн көйгөйү бар  ДМЧАга  реабилитациялык кызмат көргөзүү жана алардын коомго, үй-бүлөгө интеграцияланышына өбөлгө түзүү.

Борбордун милдети: ДМЧАга комплекстүү жана саппаттуу реабилитациялык кызматтарды көргөзүү менен жайлуу шарттарды түзүп берүү

ДМЧАды реабилитациялоо борбор 50 адамга эсептелген. Борборго Республиканын баардык райондорунан 1-2-3 топтогу  кыймыл –аракет берүүчү мүчөсүндө көйгөйү бар майыптар келип жатышат.

Бул майыптар:  кан тамыр, кант  диабети  оорулардын ,кырсыктардын себеби менен колу же буту кесилген адамдар; 

     – Тубаса колу,буту толук эмес, туура өспөгөн адамдар;

  • Муун оорулардын себептери менен майып болгондор (артриты,артрозы,травмы);
  • Колу, буту шал оорулар (ДЦП,последствия полиомиелита,посттравматические);
  • Булчуң тутумдарынын алсыздыгы менен  байланышкан оорулар (миозиты,миопатии).
  • кыймыл-аракет мүчөлөрүнүн иштешине таасир берген нерв оорулары (невриты,нейропатии,травматические поражения периферических нервов).

Жолдомо Медицина-социалдык экспертизалоо комиссиядан (МСЭК), Үй- бүлөлүк врачтар тобунан (ЦСМ), Республикалык протез-ортопедиялык  ишкананын медициналык бөлүмүнөн (РУПОИ),Республикалык социалдык стационардык мекемелердин врачтарынан.

Паспорттун көчүрмөсү,балдарга туулгандыгы жөнүндө күбөлүк;

Майыптыгы жөнүндө МСЭКтин маалымдамасы(справка);

Текшерилгени  бир  жылдан  ашпаган  флюрография корутундусу, жалпы заара, кандын анализи;

МСЭКтен ДМЧАга жекече иштелип чыккан реабилитациялык  программасы

  1. Медициналык реабилитация

    -медикаменттик терапия,физиотерапевтик процедуралар, массаж,физкуьтура ыкмалары менен ар кандай тренажерлор аркылуу дарылоо(ЛФК),парафинотерапия,тиш догдурлардын жардам көгөзүүсү(тиш дарылоо,тиш протезин салуу).

    2. Медико-техникалык  реабилитация

    Көнүгүү залда протез,фиксатор аппараттарын, татаал ортопед бут кийим кийгенден кийин адаптация убагы өткөрүлөт.

    3.Психологиялык реабилитация.

    4.Социалдык эмгекке үйрөтүү реабилитация.

    5. Социалдык маданий реабилитация.

Палаталар  үч  адамга эсептелген,жууркан,төшөк, шейшеп менен камсыз болушат.Ар бир кабатта тамак аш берилүүчү ашкана үч маал ысык тамак аш менен камсыз кылат.Эркек,аялдар үчүн жуунучу бөлмөлөрү, кир жуучу бөлмөсү иштейт.Борбордун  ар бир кабаты   муздаткыч ,телевизор шахмат,шашки  жана  жумшак эмеректер менен жабдууланган.  Кыргыз,орус тилиндеги китептерге бай китепкана жана компьютер классы иштейт. Борбордо эки  лифт бар   биринчи  протез кийгендер үчүн жана   коляска менен жүргөндөр үчүн. Борбор  республиканын алыскы региондорунан келген ДМЧАга  жылына бир жолу  бир тарапка автомобиль транспортуна (таксиге эмес) жол киресин төлөп берет.

ДМЧАга реабилитациялык кызмат көргөзүү мөөнөтү 15-20 күн жана протез- дин  татаалдыгына  жараша  жана  көнүү  убактысы  менен  35 жумушчу күнгө чейин созулат.

 – жугуштуу  курч  оорулар  жана туберкулез,онкологиялык оорулары.

– психикалык , талма оорусу жана наркомания, алкоголизм.

– эски өнөкөт оорулары күчөп турган учурда (жүрөк кан тамыр оорулары, өпкө,бөйрөк, ашказан тутумдарынын оорулары)

– көп убакыт төшөктө кыймылсыз жаткандар (өзүн тейлей албагандар),денеде бүтпөгөн  терең  жаралары болсо.

– жаңы операция болгон адамдар.

Реабилитациялоо борбордун дареги: Бишкек шаары, Ленин району,  Кривоносова көчөсү №208, Республикалык протез-ортопедиялык буюмдарын жасоочу ишкананын имаратында жайгашкан. Телефондор: 0312  555795, 0312 211029.  № 136, 203 кичи автобустар борборго чейин келет.

Пайдалуу
Ссылкалар