Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиевдин социалдык коргоо кыызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу.
Урматтуу социалдык коргоо кызматкерлери!
Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!
Мамлекет өзүнүн социалдык Социалдык коргоо саясатын сиздер аркылуу жүзөгө ашырат десем жаңылышпайм.
Өзүңүздөр билгендей, Кыргыз Республикасынын Президенти урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаров социалдык коргоо саясатын күчөтүп, мамлекетибиздин стратегиясында анын адамдык капиталын өркүндөтүүнү биринчи орунга коюуда.
Аталган стратегия бүгүнкү социалдык коргоо тутумун өнүктүрүп, өлкөбүздүн өнүгүүсүндө ар бир жарандын катышуусуна инклюзивдүү шарт түзгөн таризди көзөйт.
Жашоонун кандай оор кырдалына туш келбесин, социалдык кызматкерлер аркылуу аялуу катмардагы жарандарыбыз жалпы эл катары теңме тең биримдикте өсүп өнүгүүсү абзел.
Коомдогу биримдик, ынан алдындагы жоопкерчилик, анын ичиндеги күйүмдүү жана жылуу мүнөздөр дал ушул социалдык чөйрөдө жаралат да муундан муунга сакталып келет. Албетте, ар тармакта түрдүү кесиптер баалуу деп эсептелиши керек. Бирок дал ушул социалдык тармактагы жетишкендиктер сиздердин иш аракеттериңизден көз каранды.
Жалпысынан айтканда, Министрлик кызмат кылбаган айыл же аймак жок. Бүгүнкү күндө ар жерде 1300 дөн ашуун социалдык кызматкерлер багуусуз калган 7 миңден ашуун адамга үйүнө барып социалдык кызмат көрсөтүп келишет. Ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга колдоо көрсөтүп, алардын укуктарын коргоого жана келечегине кам көрүүгө өзгөчө салым кошуп жатышат.
Бул — социалдык кызматкерлердин адамгерчилигинин, мээриминин жана коом алдындагы жоопкерчилигинин айкын далили.
Ошону менен бирге, калкка көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуу, социалдык кызмат рыногун өнүктүрүү жана кенейтүү, жаны заманбап механизмдерди киргизүү сыяктуу иштер улана берет.
Биздин кесиптик майрам эң бир боорукер, кайрымдуу жана мээримдүү, жашоосунун манызы деп жардамга муктаж болгондорго кызмат өтөгөн адамдарды бириктирет.
Улуу акылман жазуучу айткандай эле, “Жакшылык жолдо жатпайт, аны кокустан таба албайсын. Адам жакшылыкты адамдан үйрөнөт”.
Урматтуу кесиптештер, ушул салтанаттуу күнү Сиздердин эмгегиңиз илгерилешинде тоскоолдуктар болбосун, дайыма жогору бааланып, уурмат сыйга ээ болуңүздар.
Барыныздарга чын ден соолук, руханий чыдамкайлыкты жана бекемдикти, бакубат жашоо каалайм.
Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктаймын!
ЖЕКЕ АССИСТЕНТ