Кыргыз Республикасынын калкына көрсөтүлүүчү кепилдик кылынган социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси

I. Социалдык жактан тейлөөнүн стационардык уюмдарында берилүүчү кызмат көрсөтүүлөр

1. Социалдык-турмуш-тиричилик кызмат көрсөтүүлөр:

– турак-жай аянтын берүү;

– реабилитациялоочу иш-чараларды, дарылоо-эмгектик жана окуу ишин, маданий-турмуш-тиричилик жактан тейлөөнү уюштуруу үчүн жайларды берүү;

– эмеректерди пайдаланууга берүү;

– бекитилген ченемдерге ылайык жумшак шайманды (кийимди, бут кийимди, ич кийимдерди жана төшөнчүлөрдү) берүү;

– курагын жана ден соолук абалын эске алуу менен сарамжалдуу жана диеталык тамак-аш берүү;

– турмуш-тиричилик тейлөөнү камсыз кылуу (ич кийимдерди, кийим кечекти, төшөнчүлөрдү жууп берүү, кургатуу, үтүктөө жана дезинфекциялоо);

– соода жана байланыш ишканаларынын кызмат көрсөтүүсүн уюштуруу;

– каттарды жазууга жана окууга көмөк көрсөтүү;

– жеке буюмдардын жана материалдык байлыктардын сакталышын камсыз кылуу;

– диний үрп-адаттарды өткөрүү үчүн шарттарды түзүү;

– стационардык мекемелерден чыгарууда бекитилген ченемдерге ылайык сезон боюнча кийим-кечек, бут кийим менен камсыз кылуу;

– расымдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу;

– зарыл жекече гигиеналык буюмдар менен камсыздоо (арак самын, тиш щеткасы, тиш пастасы, сүлгү, даарат кагазы, тарак).

2. Социалдык-медициналык кызмат көрсөтүүлөр:

– Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык медициналык кызмат көрсөтүү;

– ден соолук абалын эске алуу менен багууну камсыз кылуу, анын ичинде санитардык-гигиеналык кызмат көрсөтүү (жууп-тазалоо, гигиеналык ванналар, тырмактарды алуу, чачын тарап берүү);

– медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүү;

– реабилитациялоонун жекече программаларынын негизинде реабилитациялоочу (медициналык, социалдык) иш-чараларды жүргүзүү, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жүргүзүү;

– адистештирилген медициналык жардамга муктаж болгон багуудагы адамдарды ооруканага жаткыруу;

– диспансеризациядан өтүүнү уюштуруу;

– муктаж адамдарды угуучу аппарат, көз айнек оптикасы, протездик-ортопедиялык буюмдар, тишти протездөө менен камсыз кылуу (буга баалуу металлдардан жана башка кымбат материалдардан жасалган протездер кирбейт);

– эгерде медициналык көрсөтмөлөрү бар болсо кошумча техникалык каражаттар (кресло-коляска, таяк жана балдак) жана протездик-ортопедиялык буюмдар (бутту, колду протездөө, ортопедиялык бут кийим даярдоо) менен камсыздоо;

– врачка чейинки алгачкы жардамды көрсөтүү;

– ден соолукка байланышкан жол-жоболорду жүргүзүү (дары-дармек ичүү, тамчылатуу ж.б.);

– ден соолук абалына байкоо жүргүзүү (дененин температурасын, артериялык басымды өлчөө).

3. Социалдык-психологиялык кызмат көрсөтүүлөр:

– психологиялык колдоо көрсөтүү жана психиканы оңдоочу иштерди жүргүзүү (стресстик абалдан чыгаруу, психикалык кемчиликтери бар оорулуулардын илдетинин күчөшүнүн алдын алуу);

– өз ара колдоо топторунда, баарлашуу клубдарында сабактарды уюштуруу жана өткөрүү;

– психологиялык жардам көрсөтүү: анын ичинде маектешүү, баарлашуу, угуу, көңүлүн көтөрүү, жигердүүлүктү жүйөлөштүрүү, багуудагы адамдардын жашоо тонусун психологиялык колдоо.

4. Социалдык-педагогикалык кызмат көрсөтүүлөр:

– социалдык-педагогикалык консультация берүү;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды атайын программалар боюнча тарбиялоо жана окутуу үчүн шарттарды түзүү, мында алардын дене боюнун мүмкүнчүлүктөрүн жана акыл-эсинин кудуретин эске алуу, өз алдынча тейлөө жана жүрүш-туруш жөндөмдөрүн үйрөтүү;

– реабилитациялоонун жекече программаларына ылайык дарылоо-эмгек ишинде багуудагы адамдардын калган эмгек мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу үчүн шарттарды түзүү.

5. Социалдык-укуктук кызмат көрсөтүүлөр:

– квартираларды менчиктештирүү боюнча документтерди жана үчүнчү жактардын таламдарын козгогон документтерди толтурууну кошпогондо, багуудагы адамдардын биринчи кезектеги турмуш-тиричилик, медициналык жана башка өтө маанилүү маселелерин чечүү үчүн зарыл документтерди толтурууга жардам берүү;

– пенсиялык жана социалдык камсыз кылуу маселелери боюнча жардам көрсөтүү;

– консультациялык жардам берүү.

6. Социалдык-маданий кызмат көрсөтүүлөр:

– эс алууну камсыз кылуу (китептер, журналдар, газеталар, стол оюндары, кызыкчылыктар боюнча сабактар ж.б.);

– маданий-массалык иш-чараларды жүргүзүү (экскурсиялар, театрларга баруу, кинофильмдерди көрсөтүү ж.б.);

– майрамдык иш-чараларды жана түбөлүктүү даталарын, юбилейлерди, туулган күндөрдү уюштуруу жана өткөрүү.

II. Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде (күндүз болуучу борборлордо же бөлүмдөрдө) көрсөтүлүүчү кызматтар

1. Социалдык-тиричилик кызматтары:

– реабилитациялык жана дарылоо иш-чараларды уюштуруу үчүн имарат берүү;

– мебелдерди пайдаланууга берүү;

– уктоо бөлмөсүндө орун берүү;

– төшөнчү берүү;

– ысык тамак менен камсыз кылуу;

– эмгек терапиясы боюнча иш-чараларды уюштуруу;

– зарыл болгон жекече гигиеналык буюмдар менен камсыздоо (арак самын, тиш щеткасы, тиш пастасы, сүлгү, даарат кагазы, тарак).

2. Социалдык-медициналык кызматтар:

– алгачкы медициналык кароодон жана санитардык иштетүүдөн өткөрүү;

– ден соолук абалына байкоо жүргүзүү (дене температурасын, артерия басымын ченөө);

– дарылоо-ден соолук чыңдоо иш-чараларын уюштуруу;

– реабилитациялык иш-чараларды (медициналык, социалдык), анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациянын жекече программасынын негизинде иш-чараларды жүргүзүүдө жардам берүү;

– врачка чейинки алгачкы жардамды көрсөтүү;

– ден соолукка байланышкан жол-жоболорду жүргүзүү (дары-дармек ичүү, тамчылатуу);

3. Социалдык-психологиялык кызматтар:

– психологиялык жардам көрсөтүү;

– социалдык-эмгек реабилитациясын, жеке жана социалдык статусту калыбына келтирүү максатында жеткиликтүү ыкмаларга үйрөтүү боюнча иш-чараларды өткөрүү.

4. Социалдык-педагогикалык кызматтар:

– инсанды социалдык-педагогикалык диагносттоо жана текшерүү;

– социалдык-педагогикалык консультациялоо;

– өзүн-өзү тейлөөнүн, жашоо-тиричиликте жана коомдук орундарда өзүн алып жүрүүнүн, өзүн-өзү контролдоонун, мамилелешүүнүн ыкмаларын үйрөтүү;

– атайын билим берүү программалары боюнча окутууну уюштуруу;

– социалдык-эмгек, кесиптик реабилитацияга байланышкан кызматтар.

5. Социалдык-укуктук кызматтар:

– ким экендигин тастыктаган документтерди тариздөөдө юридикалык жардам көрсөтүү;

– пенсиялык камсыз кылуу жана башка социалдык төлөмдөрдү берүү маселеси боюнча жардам көрсөтүү;

– юридикалык жана башка консультациялар берүү.

6. Социалдык-маданий кызмат көрсөтүүлөр:

– маданий эс алууларды уюштуруу;

– эс алууну камсыз кылуу (китептер, журналдар, газеталар, стол оюндары, кызыкчылыктар боюнча сабактар);

– маданий-массалык иш-чараларды жүргүзүү (экскурсиялар, театрларга баруу, кинофильмдерди көрсөтүү);

– майрамдык иш-чараларды жана түбөлүктүү даталарды, туулган күндөрдү уюштуруу жана өткөрүү.

III. Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана түнөк мекемелеринде туруктуу жашоо орду жок жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтар

1. Социалдык-тиричилик кызматтары:

– түнөө үчүн имарат берүү;

– уктаганга орун берүү;

– төшөнчү берүү;

– бир жолу ысык тамак берүү.

2. Социалдык-медициналык кызматтар:

– алгачкы медициналык кароодон өткөрүү;

– алгачкы санитардык иштетүүдөн өткөрүү, зарыл учурда алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү;

– врачка чейинки алгачкы жардам көрсөтүү;

– ден соолукка байланышкан жол-жоболорду жүргүзүү (дары-дармек ичүү, тамчылатуу);

– ден соолук абалына байкоо жүргүзүү (дененин температурасын, артериялык басымды өлчөө).

3. Социалдык-укуктук кызматтар:

– мамлекеттик социалдык камсыз кылуу системасында жарандардын социалдык жактан тейлөө укугуна байланышкан маселелер боюнча консультация берүү;

– жашы жетпегендердин укуктарын коргоо жана сактоо боюнча укуктук жардам көрсөтүү.

IV. Жалгыз бой улгайган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга үйлөрүндө көрсөтүлүүчү кызматтар

I. Социалдык-тиричилик кызматтары:

– азык-түлүк жана өнөр жай товарларын, медикаменттерди сатып алуу жана жеткирип берүү;

– түшкү ысык тамакты үйүнө жеткирип берүү;

– тамак даярдоого жардам берүү;

– үй буюмдарын жана кийим-кечелерин кир жуучу жайга, химиялык тазалатууга, ремонттоого жеткирип берип, кайра алып келип берүү;

– коммуналдык тейлөөлөргө төлөөгө жардам берүү;

– туугандары, достору менен кат алышууга байланышкан өтүнүчтөрүн аткаруу;

– мезгилдүү басылмаларды сатып келүү, китепканалардан китептерди алып берүү;

– үн чыгарып окуу;

– мамиле кылуу жана аңгемелешүү;

– турак-жайын майда ремонттоого, тазалоого (полун, терезелерин жууп берүү, короо-жайын тазалоо) жардам берүү;

– огородун казууга, түшүмүн жыйноого, кышка даярданууга жардам берүү;

– кыш мезгилинде отун менен камсыз кылууга, имаратын жылытууга (мешин жагып берүү) жардам берүү;

– сөөк коюу кызматына жардам берүү.

2. Социалдык-медициналык кызматтар:

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык медициналык кызмат көрсөтүү;

– медициналык кызматкерди үйүнө чакыруу;

– врач келгенге чейин алгачкы жардам көрсөтүү (температурасын ченөө, компресс, горчичник коюу);

– медициналык мекемеге коштоп баруу;

– тейлөөдөгү адам ооруканага жаткырылган учурда барып туруу;

– биологиялык каражаттарды поликлиникалык лабораторияга жеткирүү;

– санитардык-гигиеналык процедуралар (денесин кургатып сүртүү, кийиндирүү, гигиеналык ванналар, тырмактарын алуу, чачын тарап берүү) учурунда жардам берүү;

– медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүү;

– угуу аппараттарын, көз айнек, протездик-ортопедиялык буюмдарды берүү, тиш салдыруу (баалуу металлдардан жана башка кымбат материалдардан жасалган протездерден башка), медициналык көрсөтмөлөр болсо жекече кресло-коляска, таяк, балдак) менен камсыздоо.

3. Социалдык-психологиялык кызматтар:

– үйүнө барып социалдык жактан тейленилүүчү жарандарга психологиялык жардам көрсөтүү: аңгемелешүү, сүйлөшүү, угуу, көңүлүн көтөрүү, активдүүлүгүнө түрткү берүү.

4. Социалдык-укуктук кызматтар:

– социалдык камсыз кылуу маселелери боюнча консультация берүү;

– пенсиялык жана социалдык камсыз кылууларды алуу үчүн документтерди тариздөөгө жардам берүү;

– жатак үйгө жатуу үчүн документтерди жазууга жардам берүү.

Пайдалуу
Ссылкалар