Социалдык камсыз кылуу департаменти

Департамент төмөнкү функцияларды аткарат:

– мамлекеттик жөлөкпулдардын, жеңилдиктердин ордуна берилүүчү акчалай компенсациялардын жана башка социалдык төлөмдөрдүн дайындалышы, каржыланышы жана төлөнүшү жөнүндө белгиленген форма боюнча оперативдүү маалыматты жана отчетторду түзөт;

– мамлекеттик жөлөкпулдарды, жеңилдиктердин ордуна берилүүчү акчалай компенсацияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү каржылоо үчүн Министирликке жыйынды өтүнмөлөрдү даярдайт;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнөн санаторий-курорттук дарыланууга, жылып жүрүү үчүн техникалык каражаттарга (кресло-коляска) муктаждык жөнүндө жыйынды өтүнмөлөрдү даярдайт;

– мамлекеттик жөлөкпулдарды, жеңилдиктердин ордуна берилүүчү акчалай компенсацияларды жана башка социалдык төлөмдөрдүн төлөнүшү, райондордогу аларды алуучулардын саны боюнча мониторинг жүргүзөт;

– жакыр үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорттору боюнча отчетторду чогултат жана жыйынтыктайт;

– жатак үйлөрдүн иш-аракеттерин координациялайт;

– социалдык жактан тейлөөнүн учур талабына жооп берген формаларын жана түрлөрүн турмушка ашыруу боюнча иш алып барат;

– жатак үйлөргө алуу үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жана улгайган жарандардын документтерин жазып-каттайт;

– жатак үйлөрдөгү камкордукка алынган жарандардын жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн донордук уюмдарды тартуу боюнча иштерди жүргүзөт;

– аймактык социалдык коргоо бөлүмдөрүнө, жатак үйлөргө усулдук жардамдарды көрсөтөт;

– республикалык бюджеттин каражаттарынан кош бойлуулук жана төрөгөндүк боюнча, маркумду коюуга жөлөкпулдарды төлөөдө чыгымдардын ордун толтуруу үчүн аймактык социалдык жактан коргоо бөлүмдөрүнөн отчетторду жана табыштамаларды кабыл алууну жүзөгө ашырат;

– жалпыга маалымдоо каражаттарында калкты социалдык өнүктүрүү маселелерин дайыма чагылдырууга катышат;

– калкты социалдык коргоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларына карата Министрликке сунуштарын киргизет;

– аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана социалдык өнүктүрүү боюнча айыл округдарынын адистери үчүн окутуп үйрөтүүчү семинарларды, конференцияларды өткөрөт;

– мамлекеттик социалдык заказдын алкагында конкурс уюштурат;

– Департаменттин аппаратынын бухгалтердик эсеп жана кадр иштери боюнча иш жүргүзөт;

– Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамда белгиленген тартипте башка мамлекеттик органдар, кызмат адамдары менен өз ара байланышта иш жүргүзөт;

– калкты социалдык камсыздоо маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрмө жумуштарын жүргүзөт;

– маанилүү даталарга карата пландарды иштеп чыгат жана иш-чараларды жүргүзөт;

– жарандардын каттары, арыздары, кайрылуулары менен жана жарандарды кабыл алуу боюнча иш алып барат;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы N 121 токтомунун редакциясына ылайык)

Пайдалуу
Ссылкалар