Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (РПОБМ)
РПОБМнин бирден бир түз милдети бул таяныч кыймыл аппаратынан жабыркаган ден соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды (ДМЧА) өз убагында, даректүү протездик ортопедиялык буюмдары (ПОБ), калыбына келтирүүчү жана тиричилик техникалык каражаттары менен камсыздоо болуп саналат.
Өлкөнүн түштүк райондорундагы ДМЧАрды тейлөө үчүн мекеменин Ош шаарында филиалы бар. Ошондой эле алыскы региондогу ДМЧАрды тейлөө, протездик ортопедиялык буюмдардын татаал эмес оңдоп түзөө иштери үчүн атайын протездик ортопедиялык устаканалар ачылган: Балыкчы шаарында, Нарын шаарында, Бакай-Ата, Лейлек (Исфана) райондорунда жана Жалал-Абад шаарында.
Алыскы райондордо жашаган ДМЧАдын ыңгайлүүлүгуна шарт тузуу учун жашаган жерлеринде тейлоого үзгүлтүксүз жыл сайын РПОБМнин врач жана медициналык техниктердин бригадалары менен түндүк жана түштүк райондору боюнча иш сапарлары уюштурулат. Качан, кайсы жерде кабыл алуу райондук социалдык башкармалыктары менен макулдашылып, ДМЧАдан ПОБга тапшырык кабыл алуу, консультация берүү иштери жүргүзүлөт.
РПОБМси ПОБды өндүрүүдө атайын жарым фабрикаттарды, протез түйүндөрдү жана курамдык жардамчы материалдарды алуу учун Россия, Германия, Кытай өлкөлөрүнүн алдыңкы өндүрүштүк жеткирүүчүлөрү менен кызматташат.
РПОБМ төмөнкү ДМЧАларга кызмат көрсөтөт:
1-2-3-топтогу майыптыгы бар таяныч кыймыл аппараттарынан жабыркаган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, майыптыгы бар жашы 16 жете элек өспүрүм балдар (опорниктер).
паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк (16 жашка чейинки балдар үчүн)
пенсионердин күбөлүгү
иштеген жеринен справка (иштеп жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар экинчи протезди алуу үчүн).
РПОБМде жасалган протез-ортопедиялык буюмдардын турлору.
колдун протездери
балтыр бут жана жамбаш булгаары протездери (Россия)
германдык модулдук технология менен жасалган OttoBock протездери
бекитүүчү протездик аппараттар (фикс.аппараты)
татаал ортопедиялык бут кийимдер
башка ПОБдар (корсет, бандаж, лангет, тутор, балдак, аса таяк, булгаары батектер)
Виленский шинасы (бир жашка чейинки жамбаш сөөгү чыккан балдар үчүн)) жана кичине өлчөмдөгү майып арабачалар.
Жылына 7000-7500гө жакын жуп ортопедиялык бут кийимдер, 1800 даана башка ПОБдар, 150 даана Германиянын модулдук технология менен жасалган OttoBock протездери, 550 даана колдун протездери жана балтыр бут, жамбаш булгаары протездери , 100 кол протездери жасалат.
Протез-ортопедиялык буюмдарды жасоо мөөнөтү.
Балдар, өспүрүмдөрдүн тапшырыктары кезексиз жасалат.
Протез-ортопедиялык буюмдарды жасоо мөөнөтү тапшырыктарды кабыл алган күндөн баштап 35 иш күнүндө бүтүрүлөт.
Оңдоп -түзөө мөөнөтү 7 иш күнүндө акысыз аткарылат.
Тапшырмарлар менен даяр болгон ПОБды берүү жакын жерлерде жашоочуларга телефон аркылуу кабарланат, алыскы райондорго почта аркылуу жиберилет.
РПОБМнин дареги:
Бишкек шаары Кривоносов көч. 208 Тел: +996(312)21-10-99, 55-58-02, 21-11-25, (факс 21-10-86) e-mail: rppoi@mail.ru Ош шаарындагы филиал Курган-Тюбе көч. -20 Тел: +996(3222)2-09-64
Республикалык протездик-ортопедиялык мекемеде көргөзүүлүчү кызматтардын баардыгы ДМЧАга бекер берилет.
Урматтуу жарандар!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына коррупция схемалары жана көрүнүштөрү жөнүндө
www.anticorr.gov.kg сайтына
билдирсениз болот
КР Өкмөтунүн аппаратынын
ишеним телефону:
(0312)625-385 (9:00 18:00 чейин иш күндөрү)
Кара-Көл шаарындагы балдардын жана жаштардын абалы