Министр
САБИРОВ РАВШАНБЕК АЗАТОВИЧ
Сабиров Равшанбек Азатович – 1970-жылдын 18-февралында Ош областынын Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында туулган. Айылдагы Калинин атындагы орто мектепти аяктаган.
БИЛИМИ
Эки жогорку билими бар. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин эсеп-коммерция факультетин “Азык-түлүк” товарларын таануучу адистиги боюнча аяктаган (Дипл.АВ№08291);
1999-жылы Россиянын Бажы академиясынын Бажы жана юридикалык кадрларды даярдоо факультетин юириспруденция адистиги боюнча (Экинчи жогорку билим жөнүндө диплом ГВВ№2282).
Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россиянын Эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясынын магистратурасын “Персоналды башкаруу” багыты боюнча аяктап, Магистр квалификациясы берилген (13.03.2017-ж.).
ЭМГЕК ЖОЛУ
1986-жылы Кара-Суу районундагы “Кыргызстан” совхозунда өндүрүштүк бригадада жумушчу болуп эмгектенүүдөн баштаган.
1988-1990-жж Советтик Армиянын катарында, Аба десанттык күчтөр бөлүгүндө кызмат өтөгөн.
Өлкөбүз рынок экономикасына өткөн учурда жеке фирмаларда эмгектенген.
“Кербен” соода комплексине директор болуп эмгектенген.
2008-жылдын августунда Кыргызстандагы тажиктердин А.Рудаки атындагы ассоциациясынын төрагалыгына шайлашкан. Ошондон бери, Кыргызстандагы тажиктердин Рудаки атындагы коомдук бирикмесинин төрагасы кызматын жана Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасынын орун басары кызматын аркалап келген;
2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты;
2011-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министри;
2020-жылы Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри;
2021-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;
2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын депутаты;
2022-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору;
2024-жылдын 9-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жанга миграция министри