Кызмат көрсөтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2012-жылдын 10-февралы N 85

Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы N 643, 2013-жылдын 9-апрелиндеги N 179, 2013-жылдын 1-июлундагы N 395, 2013-жылдын 27-августундагы N 468, 2014-жылдын 10-февралындагы № 80, 2014-жылдын 17-мартындагы № 144, 2014-жылдын 15-майындагы № 259, 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 655, 2015-жылдын 26-мартындагы № 160, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191, 2016-жылдын 4-августундагы № 430, 2017-жылдын 16-январындагы № 20, 2017-жылдын 3-февралындагы № 63, 2017-жылдын 10-майындагы № 258, 2017-жылдын 15-майындагы № 279, 2017-жылдын 23-июнундагы № 406, 2017-жылдын 2-октябрындагы № 639, 2017-жылдын 23-ноябрындагы № 769, 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 177, 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 552, 2019-жылдын 29-июлундагы № 372, 2019-жылдын 18-октябрындагы № 559, 2020-жылдын 9-июнундагы № 318, 2020-жылдын 30-июлундагы № 406, 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 496, 2021-жылдын 20-январындагы № 15, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 125, 2021-жылдын 2-ноябрындагы № 239, 2022-жылдын 18-февралындагы № 86, 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 194, 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 215, 2022-жылдын 31-майындагы № 289, 2022-жылдын 23-сентябрындагы N 520 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) (мындан ары – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри) тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери:

– ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин 2012-жылдын 1-июнунан тартып жетекчиликке алышсын;

– Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине киргизилбеген акы төлөмө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө жол беришпесин.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы N 643 токтомунун редакциясына ылайык)

2-1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөөрү жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу монополияга каршы мамлекеттик органы менен макулдашкандан кийин бекитилээри белгиленсин. Акы төлөөнүн негизиндеги билим берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет жана бекитилет.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы N 643, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2-2. Бланктык продукциялардын, документтерди тираждоонун, сатылуучу маалымат материалдарынын наркы иш жүзүндөгү сарптоолорго жараша наркты көбөйүү жагына сомго чейин тегеректөө менен белгиленет.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)

2-3. Өзгөчө жеңилдик режими каралган аймактарда акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирген калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмеге ылайык акысыз же жеңилдетилген шартта көрсөтүлө тургандыгы белгиленсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. Мамлекеттик органдарынын, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жана ведомстволук мекемелеринин жетекчилери Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирбеген мамлекеттик акы төлөмө кызматтарды көрсөткөн учурда жеке жоопкерчилик тартышат.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы N 643 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз категориядан акы төлөмө категорияга которуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы N 191-б буйругу менен түзүлгөн Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системаланган реестрин (тизмегин) түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан милдеттүү түрдө каралууга жатат.
  2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын типтүү стандартынын долбоорун киргизсин.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы N 395 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. Мамлекеттик органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирбеген кызматтарды алып салууну караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизишсин.

6-1. Бул токтомду колдонуу төмөнкүлөргө таркатылбайт:

– мамлекеттик ишканаларга;

– өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын мекемелерине (ишканаларына);

– белгиленген функцияларды түздөн-түз аткаруу боюнча мамлекеттик органдарынын, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жана ведомстволук мекемелеринин ортосундагы ведомстволор аралык жана ведомстволор ичиндеги өз ара аракеттенүүсүнө;

– жалпыга маалымдоо каражаттары катары катталган, менчигинин түрү мамлекеттик болгон юридикалык жактар;

– театралдык оюн-зоок мекемелерине жана музей коллекцияларын көрсөтүүгө.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы N 643, 2013-жылдын 9-апрелиндеги N 179, 2014-жылдын 15-майындагы № 259 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

6-2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө киргизүү критерийлерине шайкеш келбегендиктен Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кызмат көрсөтүүлөрү кирбей калган мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери 2012-жылдын 31-декабрына чейин мурда түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттерин бүтүрүшсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы N 643 токтомунун редакциясына ылайык)

6-3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2012-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө чарбалык эсептин негизинде иштешкен жана акы алып кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелерин республикалык бюджетте каржылоого которуунун максаттуулугу жана мүмкүнчүлүгү жөнүндө сунуш киргизсин.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы N 643 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. 2012-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы N 596 “Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы N 848 “Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы N 596 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы N 377 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” токтомунун 78-пункту;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-майындагы N 327 “Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы N 596 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы N 430 “Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы N 596 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы N 515 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябрындагы N 586 “Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы N 596 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы N 8 “Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы N 596 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы N 85 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жөнүндө” токтомунун 2-пункту;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-сентябрындагы N 193 “Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы N 596 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги N 168 “Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы N 596 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому.

  1. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жүктөлсүн.
  2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

Ө.Бабанов

Пайдалуу
Ссылкалар