КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору” мамлекеттик мекемеси

1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2015-жылдын 24-июнундагы
№ 406 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору” мамлекеттик мекемеси жөнүндө
ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

  1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору” мамлекеттик мекемеси (мындан ары – Борбор) Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук мекемеси болуп эсептелет.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
  2. Борбор өзүнө бекитилип берилген мүлктү ыкчам башкаруу укугунда түзүлгөн юридикалык жак болуп эсептелет.

Борбордун уюштуруу-укуктук формасы – мекеме.

Борбордун мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы бар мөөрү, өз алдынча балансы, Казыналык тутумунда алыш-бериш эсеби болот.

Борбордун толук расмий аталышы:

– мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору” мамлекеттик мекемеси;

– расмий тилде: Государственное учреждение “Центр “Телефон доверия для детей” при Министерстве труда и социального развития Кыргызской Республики”.

Борбордун кыскартылып аталышы:

– мамлекеттик тилде: “БИТБ”;

– расмий тилде: “ЦТДД”.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. Борбордун юридикалык дареги: Бишкек ш., Тыныстанов көчөсү, 215.
  2. Борбордун иши балдарга жана алардын ата-энелерине, аларды алмаштыруучу адамдарга, жарандарга (мындан ары – абонент), анын ичинде үй-бүлөдө жана андан тышкары жерлерде болгон сексуалдык зомбулук учурларын кошкондо балдарга карата жасалган ырайымсыз мамиле жана зомбулук жасалганда телефон аркылуу шашылыш консультациялык-психологиялык жардам берүү болуп саналат.
  3. Борбор эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык түзүлүшү, пайдаланылышы керек жана коопсуздук техникасы боюнча эрежелердин талаптарына жооп берген, атайын жабдылган жайда жайгашат.
  4. Борбор өз компетенциясынын алкагында баланын (балдардын) укуктары бузулгандыгы жөнүндө маалыматтарды чогултат жана аларды балдарды коргоо боюнча иштерди жүзөгө ашырган органдарга жана мекемелерге жиберет.

Маалыматтарды топтоо телефон боюнча кабыл алынган катталган билдирүүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт. Маалыматтарды органдарга жана мекемелерге берүү тийиштүү чараларды көрүү үчүн аталган органдардын компетенциясына ылайык ушул Жободо аныкталган тартипте ишке ашырылат.

2. Борбордун ишинин негизги принциптери

8. Борбор өзүнүн ишин төмөнкү принциптердин негизинде ишке ашырат:

1) абонентти урматтоо – абонент менен сүйлөшүүдө кысым көрсөтүүгө жол берилбейт, анын ой-пикирин кунт коюп угуу керек;

2) жеткиликтүүлүк – телефон боюнча тез психологиялык жардам абонент үчүн ыңгайлуу мезгилде жеткиликтүү болушу керек жана так белгиленген иштөө графигине ылайык тынымсыз иштөөгө тийиш. Шашылыш психологиялык жардамга муктаж болгондордун бардыгы “ишеним телефону” кызматын пайдалануу жана анын иши жөнүндө жеткиликтүү маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек;

3) акысыздык – абоненттердин “ишеним телефонуна” чалууларынын бардыгы абоненттин турган жерине карабастан акысыз;

4) купуялуулук – абонентке жашыруундуулукка кепилдик берилет. Чалуу фактысы жөнүндө маалымат, сүйлөшүүнүн мазмуну сыяктуу эле купуя мүнөзгө ээ.

3. Борбордун ишинин негизги максаттары жана милдеттери

9. Борбордун ишинин негизги максаты балдардын укуктарын сактоо, балдарга, өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине психологиялык жардам көрсөтүү болуп саналат.

10. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

– телефон боюнча абоненттерге, анын ичинде балдарга карата ырайымсыз мамиле жана зомбулук жасалган учурларда шашылыш консультациялык-психологиялык жардам берүү;

– жашы жете электерге (абоненттерге) психологиялык консультация берүү, психологиялык ыңгайсыздыкты, жашы жете электердин агрессия деңгээлин, анын ичинде аутоагрессия (өзүнө психикалык жактан же дене-боюна зыян келтирүү) жана өз жанын кыюу деңгээлин төмөндөтүү;

– абоненттер үчүн социалдык-психологиялык жардамдарды уюштуруу жана аларга бул аймакта иштеген социалдык кызматтар жөнүндө маалымат берүү, башка социалдык кызматтар жана адистер (психиатр дарыгерлер, психиатр-нарколог дарыгерлер, психотерапевт дарыгерлер, юристтер, социалдык кызматкерлер ж.б.) менен байланышты түзүү максатында абоненттерге маалыматтык консультацияларды берүү;

– жашы жете электердин девианттык жүрүм-турумунун алдын алуу.

4. Борбордун иши

11. Борбордун иши кайрылган абоненттерге сырттан психологиялык кызмат көрсөтүү (телефон боюнча) аркылуу жүзөгө ашырылат.

12. Берилүүчү жардамдардын шашылыштыгы Борбордун күнү-түнү иштеши, техникалык каражаттарын жана жабдууларын үзгүлтүксүз жумушчу абалда кармап турушу, кызматкерлердин өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга дайым даярдыгы менен камсыздалат.

13. Борбор “ишеним телефону” аркылуу кабыл алынган билдирүүлөрдү кабыл алууну, эсепке коюуну жана каттоону жүргүзөт.

14. “Ишеним телефону” боюнча шашылыш консультациялык-психологиялык жардам көрсөтүүнү жогорку билими бар, ошондой эле ушул багыт боюнча атайын окуу курстарын аяктаган адистер жүзөгө ашырат.

15. Келип түшкөн маалыматтарды, билдирүүлөрдү топтоо жана иштеп чыгуу үчүн автоматтык номер жана автожоопбергич менен жабдылган телефондук аппарат, ошондой эле мониторингди, статистиканы жүзөгө ашыруу жана Борбордун ишинин маалыматтарын иштеп чыгуу үчүн программалык чөйрө менен орнотулган компьютер колдонулат.

16. Борбор күнү-түнү иштейт.

17. Борбордун токтоосуз чара көрүүнү талап кылган тиешелүү органдарга жана мекемелерге кабарлоочу маалыматтарына төмөнкүлөр кирет:

– балага карата жасалган зомбулук же баланы тартуу менен кылмыштуу мүнөздөгү башка аракеттер жөнүндө маалыматтар;

– коопсуздугуна жана өмүрүнө коркунуч болгон кырдаалда турган абонент жөнүндө маалыматтар.

Борбор тарабынан ички иштер, саламаттык сактоо органдарынын, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле балдарга жардам берүү жана коргоо боюнча иш жүргүзгөн башка органдардын жана мекемелердин телефон номерлеринин маалымдамасы түзүлөт.

Борбор аталган органдарга жана мекемелерге алардын компетенциясына ылайык коркунучтун мүнөзүнө жараша билдирүү чечимдерин кабыл алат.

Билдирүү абонент кайрылган күндөн бир күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлүшү керек.

Маалымат түнкү маалда келип түшсө, тийиштүү органга кийинки күнү кабарланат.

    1. “Ишеним телефону” аркылуу келип түшкөн абоненттердин кайрылуулары Борбордун кызматкери тарабынан маалыматтарды кабыл алуу журналында катталат (кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө).
    2. Абоненттерге Борбордун телефон номери жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жеткирилет, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат.

5. Борбордун укуктары жана милдеттери

20. Борбор төмөнкүдөй укуктарга ээ:

– психологиялык консультация берүү жаатында кыйла актуалдуу көйгөйлөрдү аныктоо жана талдоо максатында Борборго түшкөн кайрылуулардын статистикалык эсебин жүргүзүү;

– абонентке (анын курагын эске алып) саламаттык сактоо уюмдарынын психоневрологиялык, психотерапевттик бөлүмдөрүнө же кабинеттерине, социалдык өнүктүрүү мекемелерине, юридикалык кеңештерге жана башка мекемелерге кайрылууга сунуш берүү;

– Борбордун ишине тийиштүү маселелер боюнча кеңешмелерди өткөрүүгө жана башка уюмдар өткөргөн кеңешмелерге катышууга;

– телефон боюнча шашылыш психологиялык жардамдарды көрсөтүү жаатында семинарларды, конференцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө;

– телефон боюнча шашылыш психологиялык жардам көрсөтүү жаатында изилдөө иштерин жүзөгө ашырууга;

– Борбордун милдеттерине ылайык илимий-практикалык иш-чараларды өткөрүүгө;

– купуя мүнөздөгү маалыматтардан сырткары жалпыга маалымдоо каражаттарында өзүнүн иши жөнүндө маалыматты эркин таратууга.

  1. Борбордун милдеттери:

– абоненттерге сапаттуу психологиялык консультация берүү;

– Борбордун кызматкерлери тарабынан психологиялык консультация берүүдө заманбап усулдарды колдонуусу;

– Борбордун кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин өз убагында жана сапаттуу аткаруусу.

6. Борбордун ишин уюштуруу

22. Борборду балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу директор жетектейт.

23. Директор:

– Борборго жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;

– Борбордун атынан ишеним катсыз аракеттенет, бардык мекемелерде жана уюмдарда анын атынан чыгат;

– Борбордун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык аларга сыйлоо чараларын жана тартиптик жазаларды колдонот;

– Борбордун кызматкерлеринин функциялык милдеттерин бекитет;

– ишиндеги жетишкендиктери жана демилге көрсөткөндүктөрү үчүн Борбордун кызматкерлерин ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоого көрсөтөт;

– Борбордун чыгымдарынын сметасын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине бекитүүгө берет;

– белгиленген тартипте Борбордун каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат;

– буйруктарды чыгарат жана Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат;

– Борбордун ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

7. Борбордун башка уюмдар менен өз ара байланышы

24. Функцияларын аткаруу жана укуктарын ишке ашыруу үчүн Борбор төмөнкүлөр менен өз ара аракеттенет:

– кызыкдар болгон аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдар менен;

– мамлекеттик, муниципалдык, коомдук психологиялык жардам берүү кызматтары, кризистик кызматтар, социалдык жардам кызматтары менен;

– кесиптик өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу маселелери боюнча адистер менен.

8. Борборду каржылоо

25. Борбор республикалык бюджеттин жана бюджеттен тышкары түшкөн каражаттардын эсебинен каржыланат (демөөрчүлүк жардамдар, гранттар, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү).

26. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчетту жүргүзөт.

9. Борбордун ишине контролду уюштуруу

27. “Ишеним телефону” аркылуу алынган маалыматтар менен түздөн-түз иштеген Борбордун кызматкерлери алынган маалыматтардын купуялуулугунун сакталышына жеке жоопкерчилик тартат.

Борбор жума сайын статистикалык жана аналитикалык отчетторду түзөт.

Статистикалык отчет кызматкер тейлеген абоненттердин чалууларынын санын, аткарылган кайра даректөөлөрдүн жана органдардын жана мекемелердин билдирүүлөрүнүн санын, ошондой эле башка керек болгон маалыматтарды камтыйт.

Статистикалык жана аналитикалык отчеттордун формаларын жана мазмунун Борбордун директору бекитет.

    1. Борбор отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбей ай сайын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга өз иши тууралуу отчет берет.

10. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу

29. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык кайра уюштуруу же жоюу жолу менен токтотулушу мүмкүн.

30.  Борбор жоюлган учурда документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталат жана колдонулат.

Пайдалуу
Ссылкалар