Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору

Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору – Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу, медициналык-социалдык экспертиза жаатында мамлекеттик көзөмөл функцияларын жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу бөлүм болуп саналат.

Республикалык борбордун алдында 27 аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссия иштейт.

Аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар жарандарды күбөлөндүрүүдөн өткөрөт, майыптыкты белгилөө маселесин карайт жана майыптык тобун аныктайт.

Мындан тышкары, майыптыгы бар баланын жана/же адамдын башка бирөөнүн туруктуу багуусуна муктаждыгын жана/же башка адамдын туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаждыгын аныктайт, эмгектик милдеттерин аткарууга байланыштуу мертинген же ден соолугуна башка зыян келтирилген адамдардын кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасын (пайыз менен) белгилейт, майыптыгы бар адамдардын кыймылдоонун көмөкчү каражаттарына болгон муктаждыгын аныктайт, жаза өтөө жерлериндеги соттолгондорго күбөлөндүрүүнү жүргүзөт.

Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жекече программаларын иштеп чыгат жана алардын ишке ашырылышын контролдойт.

Медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги №185 токтому менен бекитилген “Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, белгиленген тартипте күбөлөндүрүүдөн өткөрөт.

Бекитилген Жобого ылайык, медициналык документтердин өз убагында жана негиздүү берилиши үчүн саламаттык сактоо уюму жоопкерчилик тартат.

 Жарандарды медициналык-социалдык эксперттик комиссияга жөнөтүүнүн негиздери

Жаранды медициналык-социалдык эксперттик комиссияга жөнөтүү маселесин саламаттык сактоо уюмунун дарыгерлери аныктайт. Негиз катары саламаттык сактоо уюму тарабынан 088/у формасындагы жолдомо берилет.

 Жаран медициналык-социалдык эксперттик комиссиядан өтүү үчүн аткара турган кадамдар

  1. Күбөлөндүрүүдөн өтүү үчүн жаран жашаган жери/катталган жери боюнча саламаттык сактоо уюмуна (үй-бүлөлүк медицина борборуна) кайрылуусу зарыл.
  2. Саламаттык сактоо уюму медициналык текшерүүлөрдү жүргүзүп, органдардын жана системалардын функцияларынын бузулуу даражасын аныктайт.
  3. Дарылоо жана реабилитациялык иш-чаралар жүргүзүлгөндөн кийин, саламаттык сактоо уюму электрондук жолдомону (088/у формасы) түзөт жана аны жарандынын арызы жана медициналык документтери менен бирге медициналык-социалдык эксперттик комиссияга жөнөтөт.
  4. Медициналык-социалдык эксперттик комиссияга келип түшкөн жолдомо (088/у формасы) 5 күндүн ичинде каралып, каттоого алынат.
  5. Медициналык-социалдык эксперттик комиссия жарандарды
    5 жумушчу күндүн ичинде күбөлөндүрүүдөн өткөрөт.
  6. Күбөлөндүрүү өткөрүлгөндөн кийин майыптык жөнүндө маалымкат 5 жумушчу күндүн ичинде түзүлөт жана андан соң «Түндүк» системасында чагылдырылат.
  7. Медициналык-социалдык эксперттик комиссияга келип түшкөн 088/у формасындагы жолдомодо медициналык текшерүүлөрдүн толук көлөмү жүргүзүлгөндүгү жөнүндө маалыматтар жок болсо, медициналык-социалдык эксперттик комиссия жолдомону алган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде аны саламаттык сактоо уюмуна кайтарып берет.
  8. Саламаттык сактоо уюмдары медициналык документтерди медициналык-социалдык эксперттик комиссияга кайрадан 14 күндүн ичинде жөнөтөт.
  9. Майыптык белгиленгенден кийин медициналык-социалдык эксперттик комиссия 14 жумушчу күндөн кечиктирбестен реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жекече программаны иштеп чыгат. Андан кийин программа “Түндүк” системасында чагылдырылат.

 Аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын чечимдерине кантип даттанууга болот

Жаран, анын мыйзамдуу өкүлү, иш берүүчү экспертиза жүргүзгөн аймактык МСЭКтин эксперттик чечими менен макул болбогон учурда, анда ал чечимге Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун алдындагы Кеңейтилген эксперттик комиссияга жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде даттанууга укуктуу.

 Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун дареги жана байланыш телефондору:

Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 265а.

Телефондор: 0312 39-16-63, 0312 39-17-10.

 Медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө кеңири маалымат, даректер жана байланыш маалыматтары

Аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссияларда күбөлөндүрүүдөн өтүүнүн тартиби жөнүндө кененирээк маалыматты «Msek.kg» сайтынан алууга болот.

Бардык аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын байланыш маалыматтары жана даректери «Msek.kg» сайтында көрсөтүлгөн.

Пайдалуу
Ссылкалар