БУУ ДАТП

2023-2027 – жылдары БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте аялуу калктын катмарын жумуш менен камсыз кылуу жана киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча иш аракеттер

Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте, баарын камтыган (инклюзивдүү) социалдык камсыздоо тутумунун коргоо, алдын ала чара көрүү жана стимулдаштыруу функцияларын күчөтүү максатында, мамлекеттик мекемелердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана эмгек рыногунун жигердүү чаралары боюнча программаларын жакшыртууга багытталган демилгелерди ишке ашырууда.

БУУ ДАТПсынын 2023-2027-жылдарга карата Өлкөлүк стратегиялык планы:

БУУ ДАТПсы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, БУУ ДАТПсынын 2023-2027-жылдарга карата Өлкөлүк стратегиялык планынын (ӨСП) алкагында, азык-түлүк коопсуздугун, социалдык камсыздоону, климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашууну жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкарууну жакшыртуу, жана ошондой эле өлкөнүн мектептеринде туура жана пайдалуу тамактанууну илгерилетүү максатында кызматташууну бекемдөөнү улантууда.

Өлкөлүк стратегиялык план, Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын артыкчылыктары менен шайкеш келип, «Жакырчылыкты жоюу» (1-ТӨМ), «Ачкачылыкты жоюу» (2-ТӨМ), «Гендердик теңдик» (2-ТӨМ), «Климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү» (13-ТӨМ), «Туруктуу өнүгүү максатында өнөктөштүк» (17-ТӨМ) Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө көмөктөшөт.

2023-2027-жылдарга карата пландаштырылган иш-чаралар:

БУУ ДАТПсы калктын аялуу катмарын, жумуш менен камсыз болуу жана киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу, алардын азык-түлүк коопсуздугун жана тамактануусун жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда. БУУ ДАТПсы 2023-2027-жылдары 500 000ден ашуун азык-түлүк коопсуздугу курч абалда турган үй-бүлөлөрдү, коомдук активдерди түзүү жана киреше табуу мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча долбоорлор аркылуу камтууну пландаштырууда. Бул үй-бүлөлөр долбоорлорго катышып, тамактануудагы негизги муктаждыктарын канааттандыруу үчүн азык-түлүк/акчалай жардамын алышат.

Долбоорлордун түрлөрү:

Эмгек үчүн азык-түлүк/акчалай жардам

Үй-бүлөлөр коомдук инфратүзүмдөрдү калыбына келтирүүгө багытталган долбоорлорго катышкандыгы үчүн азык-түлүк/акчалай жардам алышат. Анын ичинде көпүрөлөрдү, сугат каналдарын, дамбаларды, суу сактагычтарын, таза суу куурларын, ветеринардык дарылоо мекемелерин, базарларга, ошондой эле оорукана, мектеп сыяктуу маанилүү мекемелерге жолдорду куруу жана оңдоо долбоорлору бар. Бул долбоорлор айыл чарба өндүрүшүн жакшыртуу, жамааттардын туруктуулугун жогорулатуу жана калктын аялуу топторунун, өзгөчө аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу райондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Сугат каналын оңдоо/калыбына келтирүү

Окутуу үчүн азык-түлүк/акчалай жардам

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жумушка орношуу жана киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуу үчүн, (тигүүчүлүк, кондитердик азыктарды бышыруу, климатка ылайыкташкан айыл чарба, күнөскана чарбасы, балык чарбасы, багбанчылык, бал аарычылык, агро-токой чарбасы, кол өнөрчүлүк, айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү, гигиена жана тамактануу, маркетинг ж.б.) окутууга катышкандыгы үчүн азык-түлүк/акчалай жардам алышат.

Тигүүчүлүк боюнча окутуу

 Айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү боюнча цехтер:

БУУ ДАТПсы айыл жамааттарына чакан цехтерди ачууга жардам берип, аларды тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылып, түшүм жыйноодогу жоготууларды азайтуу, жумуш орундарын түзүү жана айыл чарба өнүмдөрүнүн кошумча наркын жогорулатуу максатында маркетинг жана өндүрүш ыкмасы боюнча колдоо көрсөтөт. Мындай чакан цехтерде кондитердик азыктар, сүт азыктары, ширелер жана кыямдар, эфир майы, кургатылган жемиштер жана башкалар өндүрүлөт.

Өрүк майын өндүрүүчү цех

Социалдык камсыздоонун натыйжалуу тутумун түзүүгө колдоо көрсөтүү:

БУУ ДАТПсы социалдык камсыздоо тутумдарын жакшыртууга, кедей үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортторун санариптештирүүгө жана бардык жаш курактагы аялуу аялдарды жана эркектерди камтуу үчүн багытталган методологиялардын даректүүлүгүн өркүндөтүүгө, социалдык жана азык-түлүк тутумдарын күчөтүүгө багытталган иш-чаралардын өз-ара байланыштарын жакшыртууга, жана ошондой эле калктын аз камсыз болгон катмарынын пайдалуу тамактануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган техникалык колдоолорду көрсөтөт. Ошондой эле БУУ ДАТПсы, азык-түлүк коопсуздугу, тамактануунун абалы жана азык-түлүк тутумдарын өнүктүрүү жөнүндө аналитикалык колдоо көрсөтүп, маалыматтарды тартуулайт.

«Социалдык контрактын» негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча Программаны колдоо:

БУУ ДАТПсы Министрлер Кабинетине “Социалдык контрактын”негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча программанын масштабын кеңейтүүдө колдоо көрсөтүүдө. Социалдык контракт – аз камсыз болгон же кедей үй-бүлө менен эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция багытындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык мекемесинин ортосундагы өз ара милдеттенмелер жөнүндө келишим. Ага ылайык, аймактык мекеме аз камсыз болгон жана кедей үй-бүлөлөргө бир жолку социалдык жардам көрсөтүүгө милдет алып, ал эми аз камсыз болгон же кедей үй-бүлө социалдык адаптациялоо программасында каралган иш-чараларды жүзөгө ашырууга милдеттендирилет.

Социалдык контракттын негизинде аз камсыз болгон жана кедей үй-бүлөлөргө бир жолку социалдык жардам көрсөтүүнүн максаты:

– аз камсыз болгон жана кедей үй-бүлөлөргө турмуштук оор кырдаалдан чыгуу максатында активдүү иш аракеттерин баштоо үчүн колдоо көрсөтүү;

– социалдык жардамдан көз карандысыз болуп, коомдун жашоосуна толук кандуу катышуу максатында, аз камсыз болгон жана кедей үй-бүлөлөрдү жашоо деңгээлдерин жогорулатууга шыктандыруу;

– аз камсыз болгон жана кедей үй-бүлөлөрдүн колдонулбай турган эмгектик жана үй чарбалык потенциалдарын коомдук пайдалуу ишке тартуу;

– аз камсыз болгон жана кедей үй-бүлөлөрдүн социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын жүрүм-турумунун көз каранды мотивин азайтуу;

– чакан ишкерликти өнүктүрүүгө көмөктөшүү;

– жаңы жумуш орундарын түзүүнү өбөлгөлөө.

Тажрыйбалык (пилоттук) долбоордун алкагында БУУ ДАТПсы 100 аз камсыз болгон үй-бүлөгө окутуу, керектүү активдерди сатып алуу жана киреше алып келүүчү иш-аракеттерди баштоо үчүн 100 000 сомдон каржылык жардам берди. Ошондой эле БУУ ДАТПсы тийиштүү методологияларды, көрсөтмөлөрдү жана типтүү формаларды иштеп чыгуу үчүн техникалык жардамдарды көрсөтүүдө. 2022-жылдын июль айында КР Министрлер Кабинети социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча Жобону бекитти. 2022-2023-жылдары Социалдык контракттын негизинде 12 800 аз камсыз болгон үй-бүлөгө социалдык жардам көрсөтүлдү. Ал эми 2024-жылы 23 000 үй-бүлөнү камтуу пландалууда.

Кулпунай өстүрүү.

 БУУ ДАТПсынын 2023-2027-жылдарга карата Өлкөлүк стратегиялык планын ишке ашыруу боюнча Райондук комиссиялардын иши:

Жогоруда аталган демилгелерди ишке ашыруу үчүн ар бир райондо БУУ ДАТПсынын 2023-2027-жылдарга карата Өлкөлүк стратегиялык планын ишке ашыруу боюнча Райондук комиссиялар (РК) түзүлгөн. Анын курамына райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, райондук билим берүү башкармалыгынын, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын, райондук суу чарба башкармалыгынын, райондук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын, райондук каржы башкармалыгынын, райондук токой чарбалардын жана кесиптик лицейлердин өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын долбоорлорду пландоого жана жүзөгө ашырууга активдүү катышуусу, азык-түлүк коопсуздугун жана жамааттардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн негизги шарт болуп саналат. Райондук комиссиялар жергиликтүү калк менен биргеликте окутууларга, ошондой эле айылдык жана айыл чарба инфратүзүмдөрүн жакшыртуу, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү, климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жана табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча долбоорлорго болгон негизги приоритеттерди жана муктаждыктарды талкуулап, аныктайт.

Райондук комиссия райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысынын (акимдин) биринчи орун басарынын төрагалыгынын астында иштейт. Райондук комиссия жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте, кедей үй-бүлөлөргө социалдык жактан колдоо көрсөтүүүн активдүү чаралары менен байланышкан жана БУУ ДАТПсынын 2023-2027 жылдарга карата ӨСПсы тарабынан каржыланган долбоорлорду тандоого, бекитүүгө жана ишке ашырууга; долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон өздүк салымын өз убагында берүү маселеси боюнча айыл өкмөттөрүнүн жана райондук деңгээлдеги мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин көзөмөлдөөгө; БУУ ДАТПсынын ӨСПындагы иш-чараларын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн донордук, мамлекеттик, жеке жана коммерциялык эмес уюмдарынын, ошондой эле жеке жактардын иштерин координациялоого жооптуу.

Долбоорлор боюнча Райондук комиссиянын жыйыны

 Долбоорго катышуу үчүн эмне кылуу керек (долбоорго кантип катышса болот)?

Долбоорлорго катышуу үчүн бардык кызыкдар болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары райондук комиссияга арыз бере алат:

  1. Долбоордук сунуш (жүктөп алуу)
  2. Катышуучулардынтизмесинин формасы (жүктөп алуу)
  3. Айлана чөйрөнү экологиялык жактан коргоо боюнча формасы (жүктөп алуу)

6363 номерине (акысыз) чалып, биздин иш-аракеттерибизге болгон сунуштарыңызды, суроолоруңузду же коопсуздук маселеси, гендердик зомбулук, сексуалдык ыдык жана алдамчылык сыяктуу тынчсызданууларыңызды купуя түрүндө билдирсеңиз болот. Билдирүүңүздүн жыйынтыгы сизге маалымдалат.

Пайдалуу
Ссылкалар