Эл аралык Миграция уюму (ЭАМУ)

Эл аралык Миграция уюмунун (ЭАМУ)/ Кыргыз Республикасындагы БУУнун Миграция агенттигинин Кыргыз Республикасына кайтып келген мигрант аялдарды окутуу жана адаптациялоо боюнча долбоору

Кыргыз Республикасында 2023-жылдын аягынан тартып Эл аралык Миграция Уюмунун (ЭАМУ)/ Кыргыз Республикасындагы БУУ Миграция Агенттигинин Кыргыз Республикасына кайтып келген мигрант аялдарды окутуу жана адаптациялоо боюнча долбоору ишке ашырыла баштады жана ишке ашырылууда.

Бул долбоор республиканын түштүк аймактарын камтыйт жана кыска мөөнөттүү окуу курстарынан (каржылык сабаттуулук жана кесип боюнча кесиптик курстардан) өтүүгө тийиш болгон 70 мигрант аялды тандап алууну карайт, андан кийин алардын айрымдарына бизнес долбоорлорду иштеп чыгуу каржылык колдоо көрсөтүлөт.

Ушуга байланыштуу, ошондой эле иш-чараларды ишке ашыруу үчүн 2023-жылдын 3-октябрында Эл аралык миграция уюмунун Миссиясы/Кыргыз Республикасындагы БУУ Миграция агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу «Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду» мекемеси ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Миграциянын оперативдүү көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүү жана миграция аркылуу социалдык-экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле квалификациясын жана кесиптик көндүмдөрүн жогорулатуу принцибин сактоо менен кыска мөөнөттүү кесиптик жана жарандык окуу курстары аркылуу кадрларды даярдоо зарылдыгын эске алуу менен миграциянын шарттарында аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин 2023-жылдын 16-ноябрындагы №183 буйругу кабыл алынган, ага ылайык:

  1. аабалды талдоо жана чет өлкөдөн республикага кайтып келген мигрант аялдардын суроо-талапка ээ болгон кесиптерге аларды даярдоо жана кайра даярдоо жаатындагы муктаждыктарын аныктоо үчүн мурда ЭАМУ менен макулдашылган жеке Анкета бекитилди;
  2. биринчи этапта, кайтып келген аял-мигранттарын окутуу жана колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Бакен облусунун Баткен, Лейлек райондору, Ош облусунун Алай, Ноокат райондору жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары пилоттук болуп аныкталды.;
  3. Министрликтин аталган багыттар боюнча аймактык бөлүмдөрүнө төмөнкүлөр жүктөлсүн:
  • алардын муктаждыктарын аныктоо жана “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемеси тарабынан 70 аялды окутуу боюнча мындан аркы биргелешкен иш-чараларды уюштуруу үчүн жергиликтүү жерлерде кайтып келген мигранттардын жеке анкетасына сурамжылоо жүргүзүлсүн;
  • окуудан өтүү үчүн тандалган 70 аял жумуш издөөчү катары каттоодон өтүшү керек;
  • ЭАМУ тарабынан каржылык колдоо көрсөтүүгө, Социалдык маселелер боюнча комиссиялар мындан ары 20 аялды тандап алышы керек.
  1. Көндүмдөрдү өнүктүрүү фондунун мекемеси тандалып алынган мигрант аялдардын тизмесинин негизинде аларда кыска мөөнөттүү кесиптик жана жарандык окуу курстарын уюштуруу максатында жеткиликтүү кесиптерге жана тиешелүү окуу жайларына талдоо жүргүзсүн.

2023-жылдын декабрь айынын башында Ош шаарында бул иш-чаралардын аткарылышын талкуулаган семинар болуп, ага ЭАМУ, Министрлик, Көндүмдөрдү өнүктүрүү фондунун мекемеси, тиешелүү райондук иш менен камсыз кылуу бөлүмдөрү ж.б. катышты.

Учурда 70 мигрант аялды андан ары окутуу жана колдоо үчүн тандоо иштери аяктап жатат.

Бул пилоттук иш-чаралардын ийгиликтүү аякташынын жыйынтыгы боюнча республиканын түндүк аймактарында долбоорду мындан ары улантуу каралууда.

Пайдалуу
Ссылкалар