Акысыз тейлөө

Мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган РЕЕСТРИ (ТИЗМЕГИ)
N к/б Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы Мамлекеттик тейлөөнү стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар Мамлекеттик (акы төлөнүүчү же акысыз) тейлөө көрсөтүүнүн шарттары
1. Билим берүүчү жана маданий тейлөөлөр
109 Кесиптик окутууга, кайра окууга, квалификациясын жогорулатууга жолдомо берүү ЭСӨМ ЭСӨМ Акысыз
3. Социалдык тейлөөлөр
1 Жумушсуздук боюнча жөлөк пулдарды белгилөө жана төлөп берүү ЭСӨМ ЭСӨМ Акысыз
3 Акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу боюнча программанын алкагында жарандарды убактылуу жумуш орундары менен камсыз кылуу ЭСӨМ ЭСӨМ Акысыз
4 (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 655 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12 Ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кыймылдоого жардамчы каражаттарга болгон керектөөлөрүн аныктоо, ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды, майыптык кресло-коляскаларды, тиричиликке ыңгайлашкан жабдыктарды (таяк жана балдактарды) даярдоо жана берүү (буюмдардын белгиленген тизмегине ылайык) ЭСӨМ ЭСӨМ Акысыз
13 Ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды, тиричиликке ыңгайлашкан жабдыктарды оңдоо (буюмдардын белгиленген тизмегине ылайык) ЭСӨМ ЭСӨМ Акысыз
14 Ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялоонун жекече программаларын иштеп чыгуу ЭСӨМ ЭСӨМ Акысыз
15 Таяныч-кыймылдоочу аппаратында кемчилдиги бар ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялоо ЭСӨМ ЭСӨМ Акысыз
16 (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 655 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17 Ай сайын социалдык жөлөк пулдарды белгилөө жана берүү ЭСӨМ ЭСӨМ Акысыз
18 Балдары бар, аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын жөлөк пул дайындоо жана төлөп берүү ЭСӨМ ЭСӨМ Акысыз
19 Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация дайындоо жана төлөп берүү ЭСӨМ ЭСӨМ Акысыз
20 Юридикалык жана жеке тараптардын отчетторунун негизинде кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдарды 11-иш күнүнөн баштап төлөп берүү ЭСӨМ ЭСӨМ Акысыз
21 Юридикалык жана жеке тараптардын отчетторунун негизинде зыйнаттык (сөөк коюуга) жөлөк пулдарды төлөп берүү ЭСӨМ ЭСӨМ Акысыз
22 2010-жылдын апрель-июнь айларындагы окуялардын натыйжасында каза болгон жана жоголгон адамдардын үй-бүлөлөрүнө ай сайын кошумча жөлөк пул дайындоо жана төлөп берүү ЭСӨМ ЭСӨМ Акысыз
23 (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 655 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
24 Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык стационардык мекемелерине жана социалдык тейлөөгө жолдомолорду берүү ЭСӨМ ЭСӨМ Акысыз
25 социалдык стационардык мекемелерде социалдык тейлөө ЭСӨМ ЭСӨМ Акысыз
26 жалгыз бой жашаган картаң кишилерди жана ден соолугу чектелген кишилерди үйүндө социалдык тейлөө ЭСӨМ ЭСӨМ Акысыз
27 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген I топтогу майыптарга 5 жылда бир жолу ден соолугун чыңдоого санаториялык-курорттук жолдомолорду берүү ЭСӨМ ЭСӨМ Акысыз
27-1 (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-ноябрындагы № 769 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Каттоо, маалымат кат, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын берүү тейлөөлөр
1 Жумушсуз катары каттоо жана тийиштүү маалымдама берүү ЭСӨМ ЭСӨМ Акысыз
5. Изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза кызматын көрсөтүү
2 Майыптыгын, тобун, себебин, мөөнөтүн аныктоо боюнча күбөлөндүрүү/кайра күбөлөндүрүү ЭСӨМ ЭСӨМ Акысыз
3 Майыптык белгилеринин болушуна сырттан жана каза болгондон кийин экспертиза жүргүзүү жана майыптык боюнча жөлөк пул дайындоо жана төлөп берүү ЭСӨМ ЭСӨМ Акысыз
4 Бала асырап алуу, камкорчу жана көзөмөлчү, асырап алуучу ата-эне болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутундуларды, бала (кыз) асырап алуунун, камкорчу жана көзөмөлчү болуунун негиздүүлүгү жөнүндө корутундуларды берүү ЭСӨМ ЭСӨМ Акысыз
5 Ата-эненин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалымат банкынан маалымат берүү ЭСӨМ ЭСӨМ Акысыз
6 КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы N 643 токтомуна ылайык күчүн жоготту
Эскертүү: (*) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик алым жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренесине ылайык мамлекеттик алым алынат.
Пайдалуу
Ссылкалар