Көпчулук учурда берилүүчү суроолор

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси

Колдун бионикалык протездери акы төлөөмүн даярдалат. Бул тууралуу, толук маалымат алыш үчүн КММА «Ginesis Bionics» компаниясына кайрылуусу керек.

РПОБМдо протездик-ортопедиялык буюмдардын томөнкүдөй түрлөрү жасалат.
– Колдун протездери (механикалык, косметикалык)
– Буттун протездери (жыгачтан, булгаарыдан, модулдук технологиясы менен жасалган протездер).
– Фиксациялоо аппараттары, туторлор
– Ооруларга көмөк берүүчү корсет, бандаж, реклинаторлор
– Ортопедиялык бут кийимдердин оор жана жеңил түрлөрү, протездерге кийилүүчү бут кийимдер, батектер
– Күнүмдүк турмушка керектелүүчү балдактар, таяктар, жана майыптык унаалар.

Биринчи жолу кайрылгандардан төмөнкүдөй документтер талап кылынат:
– паспорт,
– балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, МСЭКтин маалымкаты,
– дарыгерлердин жолдомосу.

2008-жылдын 3-апрелиндеги №38 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын мыйзамына ылайык, льготалык документтердин негизинде (МСЭКтин маалымкаты) протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуу үчүн баардык тейлөөлөр, ошонун ичинде заманбап “Отто Бокк” фирмасынын протездери дагы акысыз жүргүзулөт.

Алыскы региондордо жашаган ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык-турмуштук абалын эске алып, протездик-ортопедиялык буюмдарга ремонттун жеңил түрүн жасап берүү үчүн чакан устаканалар ачылган.
Ысык-Көл областы, Балыкчы, ш., Озерная к. 162
Талас областы, Бакай-Ата, а. Манас, к. 85
Нарын областы, Нарын, ш., Насыр, к. 2
Ош областы, Ош ш. филиалы, Курган-Тюбе, 20

Буту же колу ампутацияга учураган ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар
6 айдан кийин, молтокто (культя) сезгенүү, шишиктер же кандайдыр бир ооруксуну болбосо, протездөөгө кайрылса болот.

Ооба, бар РПОБМдо модулдук заманбап буттардын протездери жасалат. Германиялык “Отто Бокк” фирмасынын технологиясы боюнча.

Улуу Ата-Мекендик Согуштун катышуучуларын, 1-топтогу майыптыгы бар ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана оор абалда жаткан жарандарды үй шартында тейлөө үчүн атайын бригада үюштурулат.

Ооба бар. РПОБМнин филиалы Ош шаарында жайгашкан (Ош ш., Курган-Төбө к., 20). Аталган филиал Республикабыздын түштук региондорун протездлик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылат. Бул региондор: 1) Ош областы,
2)Жалалабад областы,
3) Баткен областы

РПОБМдо ортопедиялык бут кийимдердин эки түрү жасалат (кышкы жана жайкы). Буттун ортопедиясына жараша, ортопедиялык бут кийимдер жасалышы боюнча жеңил жана оорболуп бөлүнөт. 2018 жылдан баштап балдар үчүн жайкы ортопедиялык бут кийимдерди жасап чыгарып баштадык. Белгилей кутү нерсе, буга чейин балдар үчүн кышкы жана күзгү ортопедиялык бут кийимдер гана жасалчу.

Жок. РПОБМ колдун бионикалык протезин жасап чыгарбайт. Маалыма үчүң, 2018 жылы КММА окумуштуу дарыгерлери жаш программисттер менен бирге колдун бионикалык протезин жасап чыгарышты. бул протездер көп функцияларды аткаруу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо-турмушун бир кыйла жеңилдетет деп ишенебиз.

Балдарды коргоо

Багуучу үй-бүлө жарандардын (жубайлардын же айрым адамдын) каалоосу боюнча түзүлөт. Алар жетим балдарды жана ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдарды, анын ичинде келишимдин негизинде тарбиялануучу мекемелерде, дарылануучу мекемелерде, калкты социалдык коргоо мекемелеринде же ошолорго окшош башка мекемелердеги балдарды үй-бүлөдө тарбиялоо жана чогуу жашап туруу үчүн өз ыктыяры менен алышат.

Балдарды тарбиялоого алууну каалаган жарандар өздөрүнүн жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдөргө белгиленген формадагы арыз менен кайрылышат. Балдарды тарбиялоого алууну каалаган адамдар көрсөтүлгөн документтерди бергенге чейин багуучу ата-энелерди даярдоо боюнча окуудан өтөт
Багып алуучу ата-эненин статусун алуу үчүн арыз ээси аймактык бөлүмгө берүү үчүн зарыл документтер:
1) белгиленген формадагы арыз;
2) арыз ээсинин (арыз ээлеринин) паспортунун көчүрмөсү;
3) никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк (эгер никеде турса);
4) жубайынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу (эгер никеде турса);
5) жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат;
6) жашаган жеринен үй китепчесинен көчүрмө же турак жайга менчик укугун ырастоочу документ;
7) соттуулугунун жоктугу, алып салынгандыгы же тындырылгандыгы жөнүндө ички иштер органдарынын маалымкаты;
8) мамлекеттик дарылоо-алдын алуучу жана медициналык-социалдык уюмдардын тарбиялоого баланы алууну каалаган адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган Тизмеге ылайык оорулардын жоктугу жөнүндө медициналык корутунду, бул оорулар болгон учурда адам камкордукка алуучу (көзөмөлдүк кылуучу), багып алуучу ата-эне, баланы асырап алуучу катары таанылышы мүмкүн эмес;
9) иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө;
10) арыз ээлеринин толук өмүр баяны;
11) кеминде үч кепилдик берүүчүдөн жазуу жүзүндөгү сунуштар.
Багып алуучу ата-эне болууга талапкер менен туугандык мамиледе болбогон жана аны бир жылдан ашык мезгил бою билген Кыргыз Республикасынын каалаган жараны кепилдик берүүчү болот алат. Жазуу жүзүндөгү сунуштар тандалып алынган кепилдик берүүчүлөрдөн жазуу жүзүндө маек алуу аркылуу аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери тарабынан чогултулат;
12) багып алуучу ата-энелерди окутуучу тиешелүү мекемелер жана ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилген окуудан (тренингден, семинардан) өткөндүгү тууралуу маалымкат же сертификат.

Багып алуучу үй-бүлөгө берилген балага аны багууга каражаттар каралат. Балага анын нормалдуу дене бой, акыл-эс, психика, эмоционалдык жагынан өсүп-өнүгүшү үчүн зарыл болгон медициналык жардамга, тамактанууга, билим алууга, кийим-кечеге, бут кийимге, оюнчуктарга, чарбалык жана кеңсе товарларына негизги керектөөлөрүн канааттандыруунун жана тиричилик аракетинин зарыл деңгээли камсыз кылынууга тийиш.
Багып алуучу үй-бүлөгө же багып алуучу ата-энеге ай сайын эмгек акы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен өлчөмдө каралат.
Кошумча алынган балдарды багууга кеткен чыгымдар ар бир бала үчүн эсептелет.
Баланы багууга каралган каражаттар багып алган ата-энелердин банктарда ачылган энчилүү эсептерине аймактык бөлүмдөр тарабынан ай сайын белгиленген өлчөмдө которулат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар

Көп функционалду атайын кресло-коляскалар шал оорусу диагнозу менен ооруган 3 жаштан 18 жашка чейинки кыймыл-аракет системасынын милдетин жоготкондор үчүн иштелип чыккан.

2018-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары тууралуу БУУнун Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө” № 433 токтому кабыл алынган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан “Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары тууралуу БУУнун Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө” 2019-жылдын 7-февралындагы № 2885-VI токтому кабыл алынган.
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары тууралуу БУУнун Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу жана “Жеткиликтүү өлкө” программасынын долбоорун иштеп чыгуу максатында Министрлик тарабынан Майыптардын укуктары тууралуу БУУнун Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ жана ведомстволор аралык комиссияны түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесинин долбоору иштелип чыккан. Ошондой эле, Министрлик тарабынан 2019-2022-жылдарга Майыптардын укуктары тууралуу БУУнун Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча алгачкы чаралардын Планынын долбоору иштелип чыккан.
Жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесинин долбоору жана алгачкы чаралардын Планынын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жиберилген (01.02.2019-жыл, чыгыш № 17-6/729).
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А. Өмүрбекованын 21.02.2019-жылдагы № 20-5307 тапшырмасына ылайык, бул тескеменин долбоору министрлик жана ведомстволор менен кайрадан макулдашылууда.
“Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары тууралуу БУУнун Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан кол коюлган.

Үйүнө барып социалдык тейлөөдө социалдык кызматкерлер, жашаган жери боюнча кайрылган өтүнмө боюнча, эгерде ал жалгыз бой жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам анын ичинде Кыргыз Республикасынын жараны болгон өзүн-өзү камсыз кылууга жөндөмдүү эмес:
– майыптыгы жана оорусу;
– туугандарынын жоктугу, жардам жана камкордук менен камсыз болот.

МСЭКтин кызматынын негизги ишин оптималдаштыруу алкагында экспертизанын (эмгекке жарамдуулугун түзүү) жана социалдаштырылган бөлүктөрүнө экспертиза (майыптыгы эсеби) жана медициналык алкагында жогорку сапаттуу, өз убагында өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды акырындык менен бекем жана социалдаштырылган жана ылайыкташтырылган адамдар болот.
Бүгүнкү күндө, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу менен Эл аралык иштөө классификациясынын элементин колдонуу боюнча пилоттук апробацияны жүргүзүү Ош шаардык МСЭК те, Токмок шаарындагы №13-Үй-бүлөлүк медициналык борборунда, Максат реабилитациалык борборунда, Ош областык ооруканасында Саламаттык сактоо Билим берүү жана илим министрлиги, Транспорт министрлиги менен биргеликте жүргүзүлүүдө.
2018-жылдын 1-мартына карата пилоттук медико-социалдык элементтерин колдонууга баа берүү үчүн шал оорусу менен ооруган 130 балага жаңы үлгүдө жекече иштөө планы иштелип чыкты.

Жарандардын жана коммерциялык эмес уюмдардын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен Министрлик 18 жаштан жогору багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон, I топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын жеке ассистентинин кызматын көрсөтүүлөрүнө акы төлөө маселесин карап жана изилдеп жатат.

2017-жылдын 16-мартындагы №70 Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик социалдык заказ” жөнүндө мыйзамына жана 2017-жылдын 15-декабрындагы № 814 “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө маселелери” жобого ылайык, Министрлик 2018- жылдын 15-майынан 19-июнга чейин, 2018-жылдын 25-июльдан 27-августуна чейин кайталанып коомдук пайдалуу долбоорлордун сынагы Програманын жана Пландын негизинде жарыяланган. Коомдук пайдалуу долбоорлор сынагына 71 табыштама келип түшкөн. Жеңүүчүлөр болуп 53 коммерциялык эмес уюмдар аныкталып, жалпы 36,1 млн. сомду түзгөн.

Кыргыз Республикасынын аймагынын 70 пайызында муктаждыгы бар турмуштук оор кырдаалда турган балдарда жана үй-бүлөлөрдө, майыптыгы бар улгайган балдар менен чоң кишилерде жана улгайган жарандарда күндүзү берилүүчү социалдык кызматтарды алууга шарт жок.
Кыргыз Республикасында социалдык кызматтарга болгон муктаждыктын көрсөткүчү 100-дөн 400 миңге чейинки кишини түзөт. Социалдык кызматтарга болгон муктаждыктын так көрсөткүчү жок, себеби мындай муктаждыктын эсебин алуучу система түзүлө элек.
Республикада социалдык кызматтарга болгон муктаждык мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик эмес уюмдардын реабилитациялык борборлору тарабынан канаттандырылат. Мамлекеттик эмес уюмдардар эл аралык донорлордун долбоорлор менен мамлекеттик социалдык заказдын негизинде ачылышат жана иш алып барышат.
Кызматтын бул түрүн уюмдар долбоор иштеп турган учурда гана бере алышкандыктан, мындай жагдай кызмат берүүнү өтө туруксуз кылат. Долбоор токтогондон кийин көпчүлүк реабилитациялык борборлор жабылып калат.
Көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү четтетүү жана калкка күндүзү берилүүчү социалдык кызматтарды берүүнү туруктуу системасын түзүү максатында, Кыргыз Республикасын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу үчүн, мамлекет кепилдеген күндүзү берилүүчү социалдык кызматтарды жашаган жеринде берүүнүн жана уюштуруунун жаңы системасына өтүү зарыл.
Айрым мамлекеттик ыйгарым укукту жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнүн пилотун жүргүзүү талап кылынат. Жүргүзүлгөн пилотун жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасындагы бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилүүчү күндүзү бериле турган социалдык кызматтарды жашаган жеринде уюштуруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон максаттуу каржылык жана материалдык каражаттардын суммасын эсептеп чыгуу зарыл болот.

Министрлик Европалык Биримдиктин өкүлчүлүктөрү менен биргеликте “Социалдык кызматтар жөнүндө” Мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Бул мыйзам ДМЧ, улгайган адамдарды, турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдарды, анын ичинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү табуу жана аларды коштоо механизмдерин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Мында, КР “Социалдык кызматтар жөнүндө” мыймазы жана мыйзам алдындагы актылары аркылуу нормативдик базаны түзүүгө шарт берет.
Ошондой эле, каржы жактан камсыздандырууда ыйгарым укуктуу орган тарабынан социалдык кызматтын кепилденген реестрин түзүү пландалып жатат. Социалдык кызматты каржылоо жана бюджеттүүлүгүн иштеп чыгуу жана апробирлөө жыйынтыкка багытталган.
Адистешитирилген кызматты райондун деңгээлинде уюштуруу – жарым стационардык борборлор кызмат көрсөткөн борборлор аркылуу, анын ичинен социалдык кызматты көрсөтүүдө инновациялык ыкмаларды киргизүү жана заманбап жабдыктарды колдонуу менен.

Социалдык кызматтарды өнүктүрүү чөйрөсүндө жарандардын социалдык кызматтарга муктаждыгын аныктоо жана балоо системасы түзүлгөн эмес. Министрликтин бюджеттик программасында жана айылдык аймактарда жергиликтин деңгээлинде социалдык кызматтарды көрсөтүүгө түзүмдүк бирдиктери жок.
Министрликтин турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды табуу, аларды социалдык коштоодо жана муктаждыгын аныктоодо мамлекеттик укуктары 3 функциядан турат.
Министрликте Максаттуу топ түзүлгөн, Жргиликтүү өз алдынча органдарынын берилүүчү ыйгарым укуктары боюнча Иш-аракеттердин тизмеси жана муниципалдык кызматкердин ыйгарылган укуктарды аткаруу боюнча функционалдык милдеттери иштелип чыккан.

Социалдык кызматтарды жеринде көрсөтүү боюнча система жоктугуна байланыштуу, Министрлик ыйгарым укуктарды так эсептөө мүмкүн болгон жок. Ушуга байланыштуу, эсептөөдө муниципалдык кызматкердин бир жылдык акы төлөө фонду негиз катары кабыл алынган (эмгек акы 5000 сом, коэф. эселиги 1,9).
Болжол менен жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык, республика боюнча 953 бошотулган социалдык кызматкерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана райондук маанидеги шаарларга керек болот. Социалдык кызматкерлердин саны айыл өкмөтүндөгү жана тейлөө зонадагы (бийик тоолуу, алыстыгы) калыктын санын уске алуу менен чыгарылган.
Министрликтин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын ыйгарым укуктарын аткарууга жылдык керектөө сумма 163483338сомду түзөт, алардын ичинен:
– 126749000 сом эмгек акыга;
– 21867538 сом социалдык фондуна;
– 14866800 сом материалдык чыгымдар үчүн каралган (ком.чыгымдар, канц.товарларына, уюлдук байланышка).

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын социалдык жактан корголуу укугу майыптык тобу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген учурдан тартып пайда болот.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн мамлекет тарабынан социалдык жактан коргоонун төмөнкүдөй түрлөрүнө кепилдик берилет:
– пенсияларга, социалдык жөлөкпулдарга жана компенсацияларга;
– социалдык-тиричилик жактан тейлөөгө;
– үйүндө тейлөөгө;
– стационардык мекемелерде тейлөөгө;
– техникалык жана атайын каражаттарды берүүгө;
– реабилитациянын бардык түрлөрүнө;
– кошумча социалдык кепилдиктерге.

Жарандарды экспертизалоо жарандын туруктуу жашаган жерине (каттоосу) же убактылуу жашаган жерине ылайык аймактык ички иштер органдарында же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында милдеттүү түрдө катталган, МСЭК тейлеген аймакта жүргүзүлөт.

Жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрү “Багууга дайыма муктаждыгы” же “бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаждыгы” жөнүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга көрсөтүлөт.

Төмөндөгүлөр багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү (майыптыгы бар) баланын жеке ассистенти боло алышат: ата-энеси, мыйзамдуу өкүлү (асыроочулар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар), жакын туугандары (чоң атасы, чоң апасы, таятасы, таянеси, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары, багып алган ата-энеси) же 65 жашка чейинки, майыптыгы жана балдарга карата кылмыштар боюнча соттуулугу жок, келишим түзүлгөн ыйгарым укуктуу орган бекиткен программа боюнча тиешелүү окутуудан өткөн башка адамдар.

Багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы тарбиялаган ата-энеси, мыйзамдуу өкүлү (асыроочулар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар) же жакын туугандары (чоң атасы, чоң апасы, таятасы, таянеси, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары, багып алган ата-энеси) өзүнүн иш жүзүндө жашаган жери боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин шаардык, райондук жана райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына жеке ассистенттин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө арызын берүүгө укуктуу.

Медициналык – социалдык экспертиза​

Жаран саламаттык сактоо уюмунда зарыл болгон медициналык текшерүүдөн өтүп жана МСЭКке тиешелүү жолдомо алгандан кийин (форма 088у, форма 088д/й) ал поликлиниканын жетекчиси тарабынан бекитилип, мекеменин мөөрү менен күбөлөндүрүлүп жана МСЭКке (катталган жери же убактылуу жашаган жери боюнча) жөнөтүлөт.

Кароодон жана сүйлөшүүдөн кийин медициналык-социалдык экспертиза комиссиясы жаран алып келген сурамжылоонун натыйжаларын эске алуу менен конкреттүү адам менен эмне кылууну, майыптуулукту жана канча мөөнөткө белгилөөнүн керектигин чечет.

Майыптыктын бир нече категориялары бар: I, II, III топтор (чоң адамдарга) жана “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала” категориясы. Майыптыктын ар бир тобу организмдин бузулушунун оордугуна жана алар жарандын жашоосунда кандай чектөөлөргө алып келгендигине жараша белгиленет.

Көпчүлүк учурларда жаранга кайра экспертиза жүргүзүү мөөнөтү көрсөтүлөт. Бул ден соолуктун абалы убакыттын өтүшү менен тигил же бул багытта өзгөрүшү мүмкүн экенине байланыштуу.

Ар бир топ үчүн абалдын оордугунун критерийлери жана категориялары Эл аралык классификацияларга жана стандарттарга ылайык бирдиктүү, абдан так сунуштарга ээ, алар республиканын медициналык-социалдык комиссиялары тарабынан да колдонулат.

Бирок, эгерде жарандын абалы талашсыз түрдө жакшырбай турганын көрсөтүп, пациент өзүн-өзү тейлөө функцияларын аткара албаса, ага дароо эле майыптык тобун “мөөнөтсүз” бекитилет.

Мындан тышкары, жаран МСЭКке келе албаса, комиссия үйүнө, бейтап дарыланып жаткан ооруканага барат.

Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам деп таануу, кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасын аныктоонун жана эмгекке жарамсыздык баракчасы (иштеген жарандар үчүн) узартуу үчүн жөнөтүлөт.

Жаранды экспертизалоого саламаттык сактоо уюму керектүү диагностикалык, функциялык изилдөөлөрдү колдонуу менен ар тараптан толук медициналык текшерүүдөн кийин оорулар, травмалардын кесепеттери жана дефекттер менен шартталган организмдин функцияларынын туруктуу бузулушу жөнүндө күбөлөгөн маалыматтар болгон учурда жиберет.

Медициналык-социалдык экспертиза жарандардын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн комиссиянын жетекчисине жазган арызы боюнча жүргүзүлөт, ошондой эле арыз жазуу менен паспортун көрсөтүшөт.
18 жашка чейинки балдарга – туулгандыгы тууралуу күбөлүк, ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-картасы). Медициналык-социалдык экспертиза жазатуу үчүн арызы менен чогуу медициналык текшерүүдөн кийин оорулар, травмалардын кесепеттери жана дефекттер менен шартталган организмдин функцияларынын туруктуу бузулушу жөнүндө күбөлөгөн маалыматтар керек. Биринчи жолу өтүүдө МСЭКке жолдомо (форма № 88). Жарандар экспертизага МСЭК тейлеген аймак боюнча жарандын туруктуу жашаган жерине (каттоосуна) же убактылуу жашаган жерине ылайык аймактык ички иштер органдарында милдеттүү катталышы менен жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандар эгерде алардын жашап турууга уруксаты таризделген жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берген Кыргыз Республикасында туруктуу жашоого уруксаты бар болсо өтө алышат.

Эгерде жаран ден соолугу боюнча экспертиза өткөрө турган комиссияга келе албаса, анда атайын арыз менен комиссияга кайрылат жана саламаттык сактоо уюмунун корутундусуна ылайык экспертиза үйүндө, стационарда жүргүзүлүшү мүмкүн.

Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам деп эсептөө үчүн негиз болуп тиричилик аракеттеринин чектелишин алып келүүчү оорунун, травманын же дефекттердин кесепеттери менен шартталган органдардын жана системалардын функцияларынын туруктуу бузулушунан улам ден соолуктун бузулушу эсептелет.

Арызды МСЭКтин төрагасына жарандын туруктуу жашаган жерине (каттоосуна) же убактылуу жашаган жерине ылайык жазат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды кайра күбөлөндүрүү майыптыктын мөөнөтү бүткөндө жазган арызы боюнча жүргүзүлөт. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды кайра күбөлөндүрүү майыптыктын белгиленген мөөнөтү аяктаганга чейин же аяктагандан кийин ден соолугунун абалынын өзгөрүшү боюнча жүргүзүлөт Эгерде, кезектеги кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү учурунда документтерден жалган маалыматтар табылса, Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун демилгеси менен жүргүзүлөт. Кайра күбөлөндүрүү соттун чечими боюнча да жүргүзүлөт.

Эгерде жарандын медициналык докменттери толук маалыматты камтыбаса же тиешелүү тартипте болбосо, комиссия кайрадан изилдөөгө өткөрүүгө жибергенге укугу бар.

Мындай учурда жаран МСЭКтин кызматкерлерин шылдыңдоо, кордоо жазабай, тынчтыкты сактап, чыгарылган чечим менен макул эместигин билдирген арызды кимге жазышынын жолун сурап билсе болот. МСЭКтин кызматкерлери арызданган жаранга тиешелүү маалыматтарды бериши керек. МСЭКтердин чыгарган чечимдери жогору турган Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборуна же Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине же сотко кайрылуу менен чечсе болот. Бирок, шар эле сотко кайрылганда, ал жакта медициналык-социалдык экспертиза боюнча адис жок болгондуктан, сот кайрадан эле жогорку орган болуп эсептелген Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбордун кызматкерлерин арбитр болуп беришин талап кылышат. Ошондуктан, арызды өткөн МСЭКке жазсаңар, алар 3 күндүн ичинде Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборуна жөнөтүшөт. Ал жерде кеңейтилген комиссиясы жарандын арызы келип түшкөн күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен жаранды күбөлөндүрүлөт жана алынган натыйжалардын негизинде чечим чыгарат. Жаран кеңейтилген комиссияга чакырылат (жаран комиссияга келе албаса, үйүнө чейин барышат), экспертиза жүргүзүлүп, чечим өзгөртүлөт же туура болсо ошол эле чечим калтырылат. Эгерде кеңейтилген комиссиянын чечимине макул болбогон жаран эмгек жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине кеңейтилген атайын комиссиясы тарабынан кайра күбөлөндүрүлөт. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги кеңейтилген атайын комиссиясынын корутундусу жаран же анын мыйзамдуу өкүлү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сотко даттанылышы мүмкүн.

Жаран ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам деп таанылган учурда, экспертиза башталган дата болуп жарандан же саламаттык сактоо уюмунан документтер МСЭКке келип түшкөн күн эсептелет. Майыптыкты белгилөө күнү болуп экспертиза жүргүзүлгөн күн саналат. Эгерде жаранды биринчи жолу ден-соолугунуе мүмкүнчүлүгү чектелүү деп билинсе, пенсия же жөлөк пул алыш үчүн МСЭКтен алган справканы тез арада Социалдык фондго же Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына тапшырыш керек. Анткени эрте тапшырылса, пенсия да эрте чегерилет. 18 жаштан улуу жаранга майыптык жаранды кезектеги экспертизадан өткөрүү дайындалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнө чейин белгиленет.

Биринчи жолу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) сунушу боюнча 18 жашка чейинки балдарды күбөлөндүрүүдө жаштарын 4 топко бөлдүк (0-3 жаш, 4-7 жаш, 8-14 жан, 15-18жашка чейин).
18 жашка чейинки жарандарга тиричилик аракетинин чектелүүсүнүн орточо даражадагы, жогорку даражадагы жана эң жогорку даражадагы “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала” категориясы болуп бөлүнүшү кийин жөлөк пулду чектөөдө оорунун оордугуна карата айырмалышына алып келүүсү мүмкүн. 18 жашка чейинки жарандарга “ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала” деген статус коюлат, бирок топко (1, 2 жана 3-чү, бул топтор 18 жаштан өйдө коюлат) бөлүнбөйт.
Балдарга жана чоңдорго:
-жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам/бала деп тааныган учурда, реабилитациялоонун жекече программасы иштелип чыгат. Программа жарандын өзү (же мыйзамдуу өкүлү менен) макулдашылат жана МСЭКтин төрагасы тарабынан бекитилет.
-күбөлөндүрүү арыз жазып кайрылуу аркылуу жүргүзүлөт, ошондой эле кайрылгандардын маалыматын электрондук иштетүү менен жүргүзүлөт.
Ошондой эле, организмдин органдарынын жана системаларынын функцияларынын бузулуусу жана кайталанбас туруктуу морфологиялык өзгөрүүлөр менен ден соолуктун бузулуусунан улам тиричилик аракетинин узакка чектелишинин натыйжасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын социалдык кемчилигин азайтууга же жок кылууга мүмкүн болбогон учурда, реабилитациялык иш-чаралардын натыйжасыз учурунда МСЭК байкоо жүргүзүү мөөнөтү экинчи топтогуларга – төрт (4) жыл, үчүнчү топтогуларга – алты (6) жыл.
18 жаш курактагы “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала” категориясы боюнча ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду алган адамдарга кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү жок майыптуулук тобун белгилөө үчүн МСЭКте байкоодон өткөн мөөнөт эске алынат. Бул жободо хирургиялык оорулар, анатомиялык кемчидиктер жана башка оорулардын тизмеси көрсөтүлгөн, кандай учурда өмүр бою деген чечим чыгаарын.
Дарылоо мекемелериндеги кээ бир дарыгерлер экспертиза жүргүзүү талабын, критерияларын жакшы билбестен, туура эмес маалымат берип коюштары мүмкүн, бул кийин МСЭКке кайрылганда жаңжал болуп кетишке шарт түзүлөт. Ооз эки айткан сөзгө эч ким жооп тартпайт. Алардан айырмаланып, экспертизанын сапаты, МСЭКтин күбөлөндүрүү актысында көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы жана толуктугу, арыз ээсине МСЭКтин корутундуларын өз учурунда жана негиздүү берилиши, медициналык документтердин сактыгы үчүн тиешелүү бузууга жол берген күнөөлүү МСЭКтин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

<strong>Тизмеге төмөнкүдөй оорулар кирет:</strong>
а) анатомиялык дефекттер;
б) дүлөйлүк, дудуктук;
в) көрүү органдарынын оорусу, ага тийиштүү сезгенүү оорулары жана операциялык дарылоону талап кылган оорулар;
г) тубаса жана жүрөктүн ревматикалык кемтиги, жүрөктүн согушуна (ритмине) зыян келтирбеген абалы;
д) борбордук жана перифериялык (чет жактардагы) нерв системаларына таандык оорулар, кыймыл-аракеттин байкалган туруктуу бузулушу;
е) тубаса акыл-эстин кемчилдиги акыл-эстин толук өөрчүбөй калуусунун ар түрдүү деңгээли, эгерде коюлган диагноз күмөндүү болбосо;
ж) Даун синдрому;
з) өнүгүүнүн тубаса жетишсиздиги.

Организмдин органдарынын жана системаларынын функцияларынын бузулуусу жана кайталанбас туруктуу морфологиялык өзгөрүүлөр менен ден соолуктун бузулуусунан улам тиричилик аракетинин узакка чектелишинин натыйжасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын социалдык кемчилигин азайтууга же жок кылууга мүмкүн болбогон учурда, реабилитациялык иш-чаралардын натыйжасыз учурунда МСЭК байкоо жүргүзүү мөөнөтү экинчи топтогуларга – төрт (4) жыл, үчүнчү топтогуларга – алты (6) жыл, бул көзөмөлдөн өткөдөн кийин өмүр бою деп чектелет.
18 жаш курактагы “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала” категориясы боюнча ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду алган адамдарга кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү жок майыптуулук тобун белгилөө үчүн МСЭКте байкоодон өткөн мөөнөт эске алынат.
Пенсия курагына жеткен жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык.
Эскертүү.
70 жашка чейинки пенсия курагындагы жашында кайталап травма алгандык боюнча майыптык тобун белгилеген учурда майыптык тобу төмөнкү мөөнөттөргө белгиленет: I топко эки жылга, II жана III топторго бир жылга. Көрсөтүлгөн учурларда кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү болбостон майыптык топторун белгилөөгө төрт жыл бою көзөмөл жүргүзүлгөндөн кийин уруксат берилет.
Кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү пенсия курагына жеткенден кийин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.
Социалдык стационардык мекемеге жөнөтүлгөн жумушка жарамдуу курактагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар.
Аларга карата оорулардын себептик байланышын белгилөө боюнча Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңеш келип чыккан оорунун радиациялык факторлордун таасири менен себептик байланышын белгилеген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам деп тапкан, Чернобыль атомдук электр станциясындагы кыйроо (мындан ары ЧАЭС) жана жарандык же аскердик арналыштагы башка объектилердеги авария учурунда, ошондой эле ядролук куралдарды сынаган учурда радиациялык факторлордон жапа чеккен жарандарга:
а) майыптыктын I тобун аныктоодо – өмүр бою.
б) “Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык карылыгы боюнча пенсияга чыгуу жашына жеткен, 1986-1987-жылдрдагы ЧАЭСтеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандарга;
в) “Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык карылыгы боюнча пенсияга чыгуу жашына жеткен, 1988-1989-жылдардагы катышуучуларга.
Анатомиялык дефекттери бар учурда майыптык тобу жарандарга аткарган ишине, эмгек шарттарына жана мүнөзүнө карабастан белгиленет.
Оорулардын айрым түрлөрү боюнча байкоо жүргүзүү мөөнөттөрү Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам деп таануу жөнүндө 14.12.2016-жылы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 675 токтому «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Жобосунун 241-378-пункттарына ылайык белгиленет.

Ден соолугунун мумкунчулугу чектелуу адам деп аныктоо учун, жогорку органдарга коп кайрылуурар болгонуна байланыштуу, Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору тушундурмо берет:
1.Жарандар катталган жана жашаган жерине тиешелуу бейтапканага кайрылышы керек. Саламаттык сактоо уюмунун дарыгери, баардык изилдоодон кийин (стационардык жана амбулатордук) медициналык корсотмолор болсо, МСЭКке жиберуунун суроосун чечет.
2.Саламаттык сактоо уюмунун дарыгерлери тиешелуу документтерди толтургандан кийин,жаран район аралык МСЭКке кайрылышы керек. Озунун жанында:медициналык документтер,оорусун тастыктаган(стационардык выпискалар, мед. специалистердин тыянактары,рентген суроттор,амбулатордук картасы) болуш керек.
Томонодогу жазылып кеткен эрежелер аткарылса,сиздердин кайрылуунар тезирээк каралып жана чечилет.

Мындай учурда жаран МСЭКтин кызматкерлерин шылдыңдоо, кордоо жазабай, тынчтыкты сактап, чыгарылган чечим менен макул эместигин билдирген арызды кимге жазышынын жолун сурап билсе болот. МСЭКтин кызматкерлери арызданган жаранга тиешелүү маалыматтарды бериши керек. Кээ бир учурда МСЭКтин чыгарган чечимине макул болушпайт, бул кандай учурда:
– кайрылган жарандарга жана жаш балдарга майыптыкты аныктоодон баш тартканда;
-жеке ассистент кызматын бербеген учурда;
-майыптыкты аныктоодо 3-чу топту берүү (көпчүлүгү 2-чи топтогу майыптыкты каалашат);
-кайрадан күбөлөндүрүү мезгилинде майыптык топту 2-чиден 3-чүгө түшүрүү же такыр алып салууда;
-эмгек учурунда мертинүүдө бир топ чатак салуу байкалат;
-өмүр бою деп майыптыкты аныктоодо да талаштар пайда болот. МСЭКтердин чыгарган чечимдери жогору турган Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборуна же Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине же сотко кайрылуу менен чечсе болот. Бирок, шар эле сотко кайрылганда, ал жакта медициналык-социалдык экспертиза боюнча адис жок болгондуктан, сот кайрадан эле жогорку орган болуп эсептелген Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбордун кызматкерлерин арбитр болуп беришин талап кылышат. Ошондуктан, арызды өткөн МСЭКке жазсаңар, алар 3 күндүн ичинде Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборуна жөнөтүшөт. Ал жерде кеңейтилген комиссиясы жарандын арызы келип түшкөн күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен жаранды күбөлөндүрүлөт жана алынган натыйжалардын негизинде чечим чыгарат. Жаран кеңейтилген комиссияга чакырылат (жаран комиссияга келе албаса, үйүнө чейин барышат. Бул жерде врачтык консультациялоо комиссиясынын (ВКК) справкасы болсо), экспертиза жүргүзүлүп, чечим өзгөртүлөт же туура болсо ошол эле чечим калтырылат. Эгерде кеңейтилген комиссиянын чечимине макул болбогон жаран эмгек жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине кеңейтилген атайын комиссиясы тарабынан кайра күбөлөндүрүлөт. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги кеңейтилген атайын комиссиясынын корутундусу жаран же анын мыйзамдуу өкүлү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сотко даттанылышы мүмкүн.
14.12.2016-жылы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 675 токтому «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»:
– Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп таануу жобосунда да, организмдин органдарынын жана системаларынын функцияларынын бузулуусу жана кайталанбас туруктуу морфологиялык өзгөрүүлөр менен ден соолуктун бузулуусунан улам тиричилик аракетинин узакка чектелишинин натыйжасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын социалдык кемчилигин азайтууга же жок кылууга мүмкүн болбогон учурда, реабилитациялык иш-чаралардын натыйжасыз учурунда МСЭК байкоо жүргүзүү мөөнөтү экинчи топтогуларга – төрт (4) жыл, үчүнчү топтогуларга – алты (6) жыл.
18 жаш курактагы “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала” категориясы боюнча ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду алган адамдарга кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү жок майыптуулук тобун белгилөө үчүн МСЭКте байкоодон өткөн мөөнөт эске алынат. Бул жободо хирургиялык оорулар, анатомиялык кемчидиктер жана башка оорулардын тизмеси көрсөтүлгөн, кандай учурда өмүр бою деген чечим чыгаарын.
Дарылоо мекемелериндеги кээ бир дарыгерлер экспертиза жүргүзүү талабын, критерияларын жакшы билбестен, туура эмес маалымат берип коюштары мүмкүн, бул кийин МСЭКке кайрылганда жаңжал болуп кетишке шарт түзүлөт. Ооз эки айткан сөзгө эч ким жооп тартпайт. Алардан айырмаланып, экспертизанын сапаты, МСЭКтин күбөлөндүрүү актысында көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы жана толуктугу, арыз ээсине МСЭКтин корутундуларын өз учурунда жана негиздүү берилиши, медициналык документтердин сактыгы үчүн тиешелүү бузууга жол берген күнөөлүү МСЭКтин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

1. Өз ишинде МСЭК Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам деп эсептөө жөнүндө” Жобонун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрында редакцияланган №675 токтомун негизине алып,колдонот.
Токтомдо экспертиза жүргүзүү үчүн керектүү документтердин тизмеси бар:
– Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-картасы);
– жашап турууга уруксат-чет өлкөнүн жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн, эгерде алардын жашап турууга уруксаты таризделген жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берген Кыргыз Республикасында туруктуу жашоого уруксаты бар болсо.
– 18 чейинки жарандарга медициналык-социалдык экспертизалоого саламаттык сактоо уюмунун жолдомосу;
– №088/у формасындагы саламаттык сактоо уюмунун жолдомосу;
– 18 жашка чейинки балдарга-туулгандыгы тууралуу күбөлүк,ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын жаранынын паспотру(ID-картасы);
– амбулатордук карта,стационардык дарылоодон көчүрүп жазуу,стационардык дарылоо жөнүндө көчүрмө,ооруну тастыктаган медициналык документтер (консультациялык корутундулар, текшерүүлөрдүн жыйынтыктары);
– каттоо жөнүндө дарек справкасы;
2.Качкын статусундагы жарандар МСЭКтен күбөлөндөргөнгө укуктуу.

Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды ССМге аларга социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн жөнөтүүнү кызмат көрсөтүүлөрдү алуучунун жашаган жери боюнча райондук, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктары (мындан ары – РСӨБ/ШСӨБ) жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-июлундагы «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды майыптардын бөлмөдө жүрүүчү кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө» №469-токтомуна ылайык, кресло-коляска ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга 5 жылдык мөөнөткө акысыз берилет.
Кресло-коляска алуу үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар туруктуу жашаган (катталган) жери боюнча райондук, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл:
– арыз;
– «майыптык кресло-коляскага муктаж» деген жазуусу бар медициналык социалдык эксперттик комиссиясынын (МСЭК) корутундусу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы №457 токтому менен бекитилген “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан санаториялык-курорттук дарылоого жолдомолор менен төмөнкүдөй жеңилдикте камсыз кылынат:
– I топтогу майыптарга – 5 жылда бир жолу акысыз; I топтогу майыпты коштогон адамга медициналык көрсөтүүлөргө ылайык, – 50 пайыздык жеңилдетүү менен;
– II топтогу майыптарга – 5 жылда бир жолу 50 пайыздык жеңилдетүү менен;
– III топтогу майыптарга – 5 жылда бир жолу 30 пайыздык жеңилдетүү менен.
Жолдомо алуу үчүн жашаган жери боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгына төмөнкү документтер берилет:
– жолдомо алууга жеке арыз;
– күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөсүн жана майыптуулук тобу жана аны дайындоо мөөнөтүн көрсөтүү менен медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын көчүрмөсү;
– сунуш кылынган курорттун аталышын көрсөтүү менен санаториялык-курорттук дарылануу үчүн саламаттык сактоо уюмдарынан медициналык көрсөтүүлөрдүн бар экендиги жөнүндө белгиленген формадагы маалымкат;
– санаториялык-курорттук мекемеде коштоп жүрүү зарыл болгон учурда I топтогу майып үчүн саламаттык сактоо уюмунун корутундусу;
– психикасы бузулгандыгы боюнча майыптуулугу бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарылануусу үчүн психиатрдын корутундусу;
– паспорттун көчүрмөсү.

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, мамлекеттик жөлөкпулдардын түрлөрү төмөндөгүлөр:
1) “балага сүйүнчү” – ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөө;
2) “үй-бүлөгө көмөк” – 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул;
3) “социалдык жөлөкпул” – пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы №307-токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, мамлекеттик жөлөкпулдар алуучунун иш жүзүндө жашаган жери боюнча дайындалат. Ушуга байланыштуу, жашаган жери боюнча райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылуусу зарыл.

Аныкталган социалдык кызматтын клиентин социалдык жактан тейлөөгө кабыл алуу жөнүндө маселе аймактык бөлүмдүн жетекчисинин буйругу менен түзүлүүчү комиссия тарабынан чечилет.
Адамдарды социалдык тейлөө боюнча эсепке кабыл алуу критерийлери болуп жалгыз бой жашоосу, өзүн-өзү камсыз кылууга жана басып-турууга кудурети чектелишинен улам негизги турмуштук муктаждыктарын өз алдынча канааттандыруу мүмкүнчүлүгүн жарым-жартылай жоготуу, аз камсыз болуу, жакын адамдары кароосуз калтырышы саналат.
Социалдык жактан тейлөөгө адамдарды кабыл алуу комиссиянын чечиминин негизинде аймактык бөлүмдүн буйругу менен жүргүзүлөт. Комиссиянын кароосуна төмөнкүдөй документтер берилет:
– форма боюнча арыз;
– турмуш-тиричилик шарттарын текшерүү актысы;
– ким экенин тастыктаган документ (паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү);
– пенсиялык күбөлүк (көчүрмөсү);
– жашаган жеринен маалымкат;
– медициналык картасынын көчүрмөсү;
– майыптыгы тууралуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу;
– Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусунун жана ага теңештирилген адамдардын күбөлүгү;
– комиссиянын чечими.
Үйдөгү социалдык жактан тейлөөгө:
– тамактандыруу, анын ичинде тамак-аш азыктарын үйгө жеткирип берүү;
– дары-дармек каражаттарын, күндөлүк керектелүүчү азык-түлүк жана өнөр жай товарларын сатып алууга жардам көрсөтүү;
– медициналык жардам алууга көмөк көрсөтүү, анын ичинде медициналык мекемеге узатып баруу;
– юридикалык жардамдарды жана андан бөлөк укуктук кызматтарды алууну уюштурууга көмөк көрсөтүү;
– каада-салт кызматтарын уюштурууга көмөк көрсөтүү;
– үйдө көрсөтүлүүчү башка социалдык кызматтар кирет.

1) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар үчүн алардын курагына, ден соолугунун абалына адекваттуу үй шартына жакындаштырылган социалдык кызматтарды көрсөтүү;
2) ушул стандарттар менен белгиленген көлөмдөргө ылайык, стационардык шартында социалдык кызматтарды көрсөтүү;
3) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жеке муктаждыктарын эске алуу менен алардын жеке өнүгүүсүн, социализациялоо жана интеграциялоо деңгээлин жогорулатууга багытталган социалдык кызматтарды көрсөтүү;
4) берилүүчү социалдык кызматтардын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу;
5) кодулоонун, басмырлоонун жана психикалык зомбулуктун, кемсинтүүнүн, орой мамиленин бардык түрлөрүнөн коргоо.

Психоневрологиялык ССМге төмөнкү психоневрологиялык оорулары менен ДМЧА, ДМЧ балдар кабыл алынат:
1) бардык деңгээлдеги акыл эсинин кемтиги барлар, анын ичинде акыл эсинин жеңил түрүндөгү кемтиги, мында кыймыл-аракети жана башка бузуулар менен айкалышы атайын мектептерде окутуу процессин кыйындатат;
2) айына 3-5 жолудан ашык эпилепсия пристубу менен акыл эсинин кемтиги;
3) баш мээсинин кандай түрдө болбосун органикалык оорунун кесепетинен акыл эсинин кемтиги;
4) курчубай турган түрүнөн тышкары деффектиси абдан билинген шизофрения;
5) курч психотикалык симптоматикасы жок акыл эсинин кемтиги же психикалык деффектисинин одоно көрүнүшү менен мүнөздөлгөн психикалык оорулардын узакка созулган формалары;
6) баш мээсинин жугуштуу оорулардан кийинки же башка органикалык оорулардан кийинки кесепеттери (энцефалиттер, кургак учук менингиттери, менингоэнцефалиттер, мээнин котон жарасы жана башка жугуштуу жана органикалык оорулар) акыл эсинин кемтигинин көрүнүштөрү менен;
7) өнөкөт алкоголизмдин кесепеттеринен улам акыл эсинин кемтигинин абдан билинген көрүнүшү;
8) деменция көрүнүштөрү менен баш сөөк-мээ жаракаттарынын кесепеттери;
9) деменция көрүнүштөрү менен баш мээсинин жугуштуу жана башка органикалык оорулардын кесепеттери;
10) психомотордук тынчсыздануу жана аң-сезиминин абалы узакка созулган же курчуу көрүнүшү жок деменция көрүнүштөрү менен кан тамыр жана синилдик оорулар.

Конкурстун катышуучусу юридикалык жак катары катталышы керек жана өзүнүн банктык эсеби болушу зарыл. Эгерде конкурстун катышуучусунун банктык эсеби болбосо, ага конкурстук документтерди берген күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде банк эсебин ачуу мүмкүнчүлүгү берилет.
Бир нече коммерциялык эмес уюмдар келишимдик негизде долбоорлоо тобун (мындан ары – консорциум) түзөт жана конкурска катышуу үчүн жалпы арызды жана долбоорлоо сунушун берет. Мындай учурда арызда жана долбоорлоо сунушунда функциялар, бюджет, уюмдар ортосундагы жоопкерчилик жана алардын ар биринин долбоорду ишке ашырууга кошкон салымы чектелиши керек, ошондой эле коомдук пайдалуу долбоорлор конкурсунун катышуучусу катары консорциумдун атынан иштей турган консорциум мүчөсү аныкталышы зарыл.
Бир коммерциялык эмес уюм коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурстун бир темасынын алкагында бир гана консорциумдун курамында катыша алат. Бир коммерциялык эмес уюм коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурстун бир темасынын алкагында бир гана арызды бере алат.

1. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу конкурсуна катышуу жөнүндө арызда уюмдун уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, почта дареги, телефон номери, уюмдун электрондук почта дареги, уюмдун жетекчисинин уюлдук телефон номери, ошондой эле сунушталган долбоордун темасынын аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.
2. Консорциумдун атынан конкурска катышууга берилген арызда консорциумдун бардык мүчөлөрүнүн уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, почта дареги, телефон номери, электрондук почта дареги жана консорциумдун атынан иштеген уюмдун жетекчисинин уюлдук телефон номери, ошондой эле сунушталган долбоордук сунуштун темасынын аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.
3. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
1) юридикалык жак катары коммерциялык эмес уюмду каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) коммерциялык эмес уюмдун уставынын көчүрмөсү;
3) конкурстун темасы менен дал келген, жүзөгө ашырылган иш жагынан өткөн жыл үчүн (же, конкурстун катышуучусунун каалоосу боюнча, өткөн бир нече жыл үчүн) уюмдун ишинин баяндамасы;
4) коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучуларынын билим жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү жана резюмеси (коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу белгилүү квалификациясы бар кызматкерлерди тартууну талап кылган учурларда);
5) коммерциялык эмес уюмдун:
а) салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу;
б) коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон карыздары жана башка милдеттенмелери жок экендиги жөнүндө катышуучунун билдирүүсү;
6) долбоордук сунуш жана анын бюджети.

Пайдалуу
Ссылкалар