Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги “Социалдык кызматты бүтүрүүчүлөр ассоциациясы” Коомдук бирикмеси менен өз ара кызматташуу боюнча келишим түздү

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги “Социалдык кызматты бүтүрүүчүлөр ассоциациясы” Коомдук бирикмеси менен өз ара кызматташуу боюнча келишим түздү.

Кызматташуунун алкагында тараптар турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө, балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жана улгайган жарандарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү жаатында иш алып барышат.

Жыйындын жүрүшүндө Улукбек Кочкоров КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине калктын ишеним индексин жогорулатуу боюнча аракеттер жазалышы керектигин баса белгиледи.

«Министрликтин ишмердүүлүгү ачык-айкын болушу керек. Учурда биз региондорго чыгып, жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрүп жатабыз. Мүмкүнчүлүккө жараша жарандардын маселелерин  жеринен чечкенге аракеттер жүргүзүлүүдө. Бирок, комплекстүү чечүүнү талап кылган чоң көйгөйлүү маселелер жок эместигин белгилеп кетим келет”, – дейт министр.

Иш-чаранын жыйынтыгында Улукбек Кочкоров Коомдук бирикме менен биргеликте калктын аярлуу катмарына социалдык кызматтарды өнүктүрүү жаатында өз ара кызматташуу ийгиликтүү жана жемиштүү боолоруна ишеним көрсөттү.

Пайдалуу
Ссылкалар