Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Мамлекеттик социалдык заказ программасына жана 2018 жылга мамлекеттик социалдык заказ программасын ишке ашыруу планына ылайык кайрадан коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын  15-декабрындагы     № 814 токтому менен бекитилген Социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, 2018 -жылдын 25-июнунан   баштап  27-августуна  чейин  2018- жылга карата  Мамлекеттик социалдык заказ программасына жана 2018 жылга мамлекеттик социалдык заказ программасын ишке ашыруу планына  ылайык кайрадан коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун жарыялайт.

Конкурстун катышуучуларына карата талаптар:

1. “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде каралган чөйрөлөрдө өз ишин жүргүзгөн, конкурстун жарыяланган темасынын чөйрөсүндө бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу салыктары жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок коммерциялык эмес уюмдар (саясий партиялардан тышкары) конкурстун катышуучулары боло алышат.

2. Конкурстун катышуучусу юридикалык жак катары катталышы керек жана өзүнүн банктык эсеби болушу зарыл. Эгерде конкурстун катышуучусунун банктык эсеби болбосо, ага конкурстук документтерди берген күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде банк эсебин ачуу мүмкүнчүлүгү берилет.

3. Бир нече коммерциялык эмес уюмдар келишимдик негизде долбоорлоо тобун (мындан ары – консорциум) түзөт жана конкурска катышуу үчүн жалпы арызды жана долбоорлоо сунушун берет. Мындай учурда арызда жана долбоорлоо сунушунда функциялар, бюджет, уюмдар ортосундагы жоопкерчилик жана алардын ар биринин долбоорду ишке ашырууга кошкон салымы чектелиши керек, ошондой эле коомдук пайдалуу долбоорлор конкурсунун катышуучусу катары консорциумдун атынан иштей турган консорциум мүчөсү аныкталышы зарыл.

4. Бир коммерциялык эмес уюм коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурстун бир темасынын алкагында бир гана консорциумдун курамында катыша алат. Бир коммерциялык эмес уюм коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурстун бир темасынын алкагында бир гана арызды бере алат

2018-жылга мамлекеттик социалдык заказ программасын ишке ашыруу планы – жүктөө

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

1. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу конкурсуна катышуу жөнүндө арызда уюмдун уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, почта дареги, телефон номери, уюмдун электрондук почта дареги, уюмдун жетекчисинин уюлдук телефон номери, ошондой эле сунушталган долбоордун темасынын аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.

2. Консорциумдун атынан конкурска катышууга берилген арызда консорциумдун бардык мүчөлөрүнүн уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, почта дареги, телефон номери, электрондук почта дареги жана консорциумдун атынан иштеген уюмдун жетекчисинин уюлдук телефон номери, ошондой эле сунушталган долбоордук сунуштун темасынын аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:

1) юридикалык жак катары коммерциялык эмес уюмду каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

2) коммерциялык эмес уюмдун уставынын көчүрмөсү;

3) конкурстун темасы менен дал келген, жүзөгө ашырылган иш жагынан өткөн жыл үчүн (же, конкурстун катышуучусунун каалоосу боюнча, өткөн бир нече жыл үчүн) уюмдун ишинин баяндамасы;

4) коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучуларынын билим жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү жана резюмеси (коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу белгилүү квалификациясы бар кызматкерлерди тартууну талап кылган учурларда);

5) коммерциялык эмес уюмдун:

а) салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу;

б) коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон карыздары жана башка милдеттенмелери жок экендиги жөнүндө катышуучунун билдирүүсү;

6) долбоордук сунуш жана анын бюджети.

4. Консорциумдун арызына консорциумдун бардык мүчөлөрүнүн ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1-3- жана 5-пункттарында каралган документтери тиркелүүгө тийиш.

5. Конкурстук документтер төмөнкүлөргө бөлүнөт:

1) ачыктары:

а) салыктар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка милдеттенмелер боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө арыз;

б) өткөн жылга карата уюмдун иши жөнүндө программалык отчеттун, юридикалык жак катары уюмду каттоо жөнүндө күбөлүктүн, уюмдун уставынын көчүрмөлөрү;

в) коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучуларынын билим тууралуу документтеринин көчүрмөсү жана резюмеси (өмүр баянынын маалыматтары);

2) жабыктары (купуя) – долбоордук сунуш жана анын бюджети, алар:

а) мөөр басып чапталган конвертте берилет; же болбосо

б) электрондук почта аркылуу код коюлган формада РDF форматында сканерленген түрдө жөнөтүлөт. Гранттык комиссия долбоордук сунуштарды карап баштоонун алдында коддун шифри гранттык комиссиянын төрагасына анын суроо-талабы боюнча электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.

2018-жылга  Мамлекеттик социалдык заказ программасы, конкурсун өткөрүү тартиби, анын ичинде конкурстун жеңүүчүлөрүн тандоо критерийлери менен www.mlsp.gov.kg. сайтынын “Мамлекеттик  социалдык заказ” бөлүгүнөн таанышсаңар болот, ошондой эле арыздын электрондук бланктарын көчүрүүгө мүмкүн.

Конкурстун шарттарын түшүндүрүү иштери боюнча  0-312-300-588 телефон номерине (Жумакеева  Назирага) же nazira.jumakeeva.86@mail.ru аттуу электрондук дарекке 2018-жылдын  27 август айына чейин  кайрылса болот.

Документтердин баардык пакети электрондук түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде берилиши керек жана 2 папкада болууга тийиш.

Долбоорлук сунуштар 2018-жылдын 25-июлунан баштап 27-августуна чейин саат 17:00 чейин Бишкек шаары,                   Раззаков көчөсү, 8/1, каб. 7 дареги  боюнча же болбосо nazira.jumakeeva.86@mail.ru  электрондук почта аркылуу  кабыл алынат.

Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурстун шарттарын түшүндүрүү боюнча маалыматтык жыйын  2018-жылдын 9-августунда  саат 14-00,  Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин  конференция  залында  өтөт. Дареги: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, №215.

Коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсуна катышууга коммерциялык эмес уюмдардын АРЫЗЫ –жүктөө

Пайдалуу
Ссылкалар