Эмгек тармагынын келечегине арналган маселелерге тийиштүү “Келечек үчүн иштөө” деп аталган тарыхый докладдын бет ачары өттү

20-февралда Бириккен улуттар уюму тарабынан бекитилген социалдык адилеттүүлүк Күнүнө бүткүл дүйнө жүзүндө белгиленет. Аталган датага карата 20-февралда Эмгек тармагынын келечегине арналган маселелерге тийиштүү “Келечек үчүн иштөө” деп аталган тарыхый докладдын бет ачары өттү. Бул Эмгек боюнча эл аралык (ЭЭУ) уюм тарабынан 2017-жылы түзүлгөн эмгек тармагынын келечеги боюнча маселелер жаатындагы Глобалдык комиссиянын 18 айлык ишинин жыйынтыгы. Документте глобалдуу мезгилдердеги эмгек тармагынын тобокелдиктери, өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү, заманбап тенденциялары туурасында кенен айтылган.

Бет ачар “Эмгек боюнча эл аралык уюм жана Социалдык адилеттүүлүк боюнча бүткүл дүйнөлүк күндүн 100 жылдыгына арналган үч тараптуу конференциянын” алкагында болду. Иш-чараны Эмгек жана социалдык министрлиги жана Эл аралык эмгек уюму биргелешип өткөрүштү.

Эмгек боюнча эл аралык уюм жөнүндө кыскача маалымат

Эмгек боюнча эл аралык уюм (ЭЭУ) – социалдык адилеттүүлүктүн принциптерин, эл аралык алкакта коргоо керек деп таанылган адам укуктарын жана эмгек укугун коргоону алдыга жылдырууга максат койгон БУУнун адистештирилген агенттиги.

1919-жылы түзүлгөн ЭЭУ Бириккен улуттар уюмунун тунгуч агенттиги болуп калды.

ЭЭУ эмгек укуктарына негиз салган минималдык стандарттарды бекитүү менен эмгек боюнча эл аралык жаңы эрежелерди конвенция жана сунуш, пикир түрүндө иштеп чыгат.

Эмгек боюнча эл аралык уюмдун БУУнун системасында үч тараптуу уникалдуу түзүмдөн турат. Анда иш берүүчүлөр жана жумушчулар, өкмөттүн өкүлдөрү менен ЭЭУнун жетекчи органдарындагылар бирдей добушка ээ болот.

ЭЭУнун катчылыгы болуп эсептелген Эмгек боюнча эл аралык бюро Женева шаарында жайгашкан. Ал уюмдун ыкчам штаб-квартирасы, изилдөөлөрдү жүргүзөт жана басылма борбору катары эсептелет

Пайдалуу
Ссылкалар